Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Равшан Жээнбеков премьер болобу?


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Жарык көргөн гезиттер чуусу бүтпөй келаткан Кумтөрдү талкууга алышууда.

“Кыргыз туусу” гезити “Апрель революциясына 5 жыл” деген рубриканын алдындагы макалалар топтомун президент Алмазбек Атамбаевдин “7-апрелде эл чындык үчүн майданга чыгып, тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деген!” деп сүйлөгөн сөзүн шилтеме кылуу менен ачты.

Гезитте “Апрель окуясы – улуу бурулуштун башаты”, “Ар тараптуу алакабыз башталды” деген макалалар басылды. “Эл пикири” деген рубриканын алдында апрель окуясына катышкан үч адамдын ою берилди. Экономика министри Темир Сариевдин маеги “Реформалардын натыйжасында өлкөдө 15 долбоор ишке ашты” деп аталды.

“Айбат” гезити бүгүнкү санын “Кечээ бирди, бүгүн башканы сүйлөгөн премьер Оторбаев” деген макала басып, “Өкмөт башчы Оторбаев Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөлүк жарандардын колуна карматабы?” деп суроо коюп, Жоомарт Оторбаев “Центерранын” директорлор кеңешине сунуштаган сегиз адамдын жалаң чет өлкөлүктөр же экөө Британия, экөө АКШ, дагы экөө Канада, бирөө Казакстандын жараны болгонун баяндап, мына ушул жарандарга макул болуп, колун койгондон баш тарткан Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев "бул талапкерлер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп берерине күмөнүм бар. Балким булардын артында Максим Бакиев, Жорж Сорос өңдүү байлардын кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Андыктан мен Кыргызстандын элинин байлыгын рейдерлик басып алууга тушугушун каалабайм” деп өкмөт башчысы кол кой деген кагазга кол койгондон баш тарткандыгы үчүн аны бир айга кызматынан алып койгондугун жазган гезит “эмне үчүн Ирсалиевге директорлор кеңешине көрсөтүлүп аткан талапкерлердин таржымалы менен кеңири таанышып чыгууга убакыт берилбеди?” деп суроо койду.

Улуттук оппозициялык кыймыл эртең Жалал-Абад шаарында курултай өткөрүү демилгесин билдиргенин маалымдаган “Айбат” бир катар адамдардын ойлоруна орун берди.

Бакыт Бакетаев: Эл оппозицияны колдоого албайт,-деп,

Орозбек Дүйшеев: Азыр оппозициянын курултайынын эч кандай зарылчылыгы жок,-деп,

Жыпар Жекшеев: Оппозицияны куугунтуктап, кысым көрсөткөн заман эбак өткөн,-деп айтты.

“Фабула” гезити учурда Жоомарт Оторбаевдин ордуна биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, “Өнүгүү” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, депутат Равшан Жээнбеков, экономика министри Темир Сариев сыяктуу адамдардын аттары айтыла баштаганын маалымдады.

Гезит 60тан ашып кеткен курагында үстүндө үйү жок, жатаканада жашап жаткан Кыргыз Эл артисти, таланттуу актер Чоро Думанаевдин президент Атамбаев баш болгон чоңдорго кайрылуу каты жарык көрдү. Журналист Алмазбек Темирбек уулунун макаласы “Абдулла мырзанын энергетикадагы аферасы” деген ат менен тартууланды.

“Де-факто” гезитине экономика доктору Акылбек Жапаров “Кыргыздын келечектеги экономикасына балта чаап жатабыз” деп маек курду. Дагы бир доктор Жеңишбек Назаралиев “Атамбаев Евразиялык биримдикке кошулууга Европанын “батасын” алды десек болот” деген макаласын жарыялады.

Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов “Мен саясаттан алыстаган жокмун” деп маек курду. “Де-Фактонун” дагы бир баш темасы “Алтын “аваз”, Баекова, “универсал” Акун, өнөрлүүлөрдү өргө сүйрөгөн Төрөбаев” деп аталды. Аман Иманалиевдин макаласы “Кумтөрдү” улутташтыруу саясий пиарга айланганда” деп аталды. Саясат таануучу Табылды Акеров өткөндү эскерүү маегин “Саясий элита Бакиевди башчы кылып тандоо менен катуу жаңылышкан” деп атады.

Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев “Согуштан келгенде Жоомарт Бөкөнбаевдин колун кармап, алкышымды айтайын деген максатым орундалбай калды” деп Ата Мекендик согуш жылдарын, алгачкы ырын гезитке чыгарган акын Жоомарт Бөкөнбаевди эскерди.

XS
SM
MD
LG