Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Кыргыз президенти болуу устара мизинде баскандай...


“Улуу майрам алдында” деген рубрика менен “Жаңы агым” гезити Ат-Башыдан Мирлан Алыбаевдин “Каатчылыктын төрт доорун көргөн Батый апа” деген, Ала-Букадан Тажигүл Орозалиеванын “От кечкен күндөр” деген, журналист Мелис Совет уулунун “Атам Ата Мекендик согушта аман калганына арман кылат” деген, журналист Тынчтык Алтымышевдин “Шар кеткен Шаршенбек, кубанган Курманбек ата” деген макалаларын жарыялады. Булардын баарында согуш жылдарындагы оорукта жана кан майданда кара башын калкалабастан, Улуу Жеңиш үчүн эрдик менен эмгек кылган адамдардын эмгектери баяндалды.

Айтылуу публицист Алым Токтомушевдин анын шакирти Олжобай Шакир түзүп чыгарган “Ачылбаган дүйнө” аттуу китеби Алымдын экинчи өмүрү жарыкка келгенин, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикованын абийири балким ушул ирет парламентте төгүлүп калышы мүмкүндүгүн, Икрам Илмиянов кызматынан кеткен менен териси калың Фарид Ниязов кетем деп такыр эле арызын жазбай атканын, Турдубаев турганда энергетика бутуна турбастыгын жазды.

Ошондой эле Бишкекте бир эле көчөнү бир нече кишинин атына бере салмай илдети ошол бойдон келатканын, мисалы көпүрөгө чейин Манас көчөсү аталып келип, андан мойнуң чыгарың менен Тынчтык проспектиси болуп аталган көчөнү Бишкек мэриясы эми Айтматов атындагы көчө деп атайсыңар деген чечимин чыгарганын, атаганат, Айтматовго алакандай көчөнүн жартысы эмес, эки көчөнүн атын бирдей берсе да аздык кылмагын, Түгөлбай Сыдыкбековго акыры борбордун эң элдүү деген жерине эстелиги курулмай болгонун кабарлады.

“Жаңы агым” гезити ошондой эле бүгүн ызы-чуусу сотко келип түшкөн “Вечерний Бишкек” гезитинин иштерин калыстык менен карап берет деп УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиевден үмүт кылып тургандыгын жазды.

“Общественный рейтинг” гезити политолог, “Современный Иран” деп аталган журналдын шеф-редактору Игорь Панкратенконун маегин басты. Панкратенко маегинде Кыргызстан жана анын эли, саясий элитасы Украинага караганда алда канча жоопкерчиликтүү жана акылдуулугун көрсөткөнүн, Орусия сыяктуу рыногу чоң өлкөнүн аймагында, мисалы Сибирде “Кыргызстанда жасалган” деген эн белгиси бар кийим-кечелердин сатылып жатышынын өзү эле көп нерсени айтып турганын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан Борбор Азиядагы эң эле маанилүү деген өлкөлөрдүн бири экенин, андыктан ага бир жагынан Кытай, бир жагынан Орусия кызыгып турса, бул аймактан Орусияны сүрүп чыгаргысы келген Американын көзү да күйүп-жанып жатканын, андан тышкары Түркия менен Сауд Арабиясынын кызыкчылыктары кайнап турганын, Кыргызстан ушундай өлкө болуп саналарын, ошондуктан Кыргызстандын президенти болуу деген басып бараткан кылдай ичке жолуңда тең салмагыңды күн сайын сактап туруу, устаранын мизи менен баскандай күн сайын башаламандык менен кландык өзүмчүлдүктүн мизи менен басуу дегендик болуп саналарын, ошондуктан айрыкча Атамбаевге жакшылык санабагандар үчүн айтары, азыркы учурда республика үчүн Атамбаев өңдүү прагматик жетекчиден өтөрү жок экендигин билдирди.

“Асман плюс” гезити депутат Равшан Жээнбековдун маегин жарыялоо менен жаңы санын ачты. Кызмат, өзү жөнүндөгү суроолорго жооп берип жатып Жээнбеков Атамбаев президент болуп турганда ага окшогон адамдарды эч качан премьерликке жолотпостугун, анткени өкмөт башына келген адам Баш мыйзамга таянып президентке “сен өз ишиңди кыл, мага кийлигишпе” деп ордуна коюшу керектигин айтты.

Равшан Жээнбеков андан ары шайлоого кайсы партия менен барары белгисиздигин, саясатчы катары 10 жылдан ашуун убакыттан бери демократия үчүн күрөшүп келатканын, максаттарынын баарына жеткенин, эми алдыда дагы көп максаты барын билдирди.

“Айат” гезити “Темир Сариев өкмөт башына келгени калды, ишти алдыга жылдырып кетет деп ойлойсузбу?” деп суроо салды эле,

Дастан Сарыгулов: Өкмөт башчылыкка эч кимиси татыктуу эмес. Эл ичинде Аликбек Жекшенкулов өңдүү такшалган инсандар бар,-деп,

Эркинбек Алымбеков: Өкмөт башчынын отставкага кетишин коомчулуктун башын айландыруу, бир азга болсо да алаксытуу деп ойлойм,-деп,

Шамшыбек Медетбеков: Темир Сариевден башка Тайырбек Сарпашев да такшалып, даяр болуп калды. Экөөнүн бири келсе өкмөттүн ишин алып кетет,-деп,

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева: Темир Сариев өз ишин үзүрлүү аткарып жатат,-деп,

Депутат Курманбек Дыйканбаев: К. Боронов же Т. Сариев өкмөт башына келсе Кумтөр болобу, башка маселе болобу, жөнгө салат деп ишенм,-деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG