Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Сариевди Кремль колдойбу?


Бүгүн “Вечерний Бишкек” жана “Искра” гезиттери жарык көрдү.

“Улуу 70 жылдык” деген баш тема менен жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити “Удача” деп аталган таксинин шоопурун муунтуп, андан кийин бычактап жаткан эки каракчыдан шоопурду Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты Эмал Абдуллаев кантип куткарып калганын, каракчынын бири ошол эле түнү кармалып, экинчисинин ким экендиги аныкталып, жакын арада кармаларын гезиттин биринчи бетинен окуйсуздар.

Аталган гезит Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган бир топ кызыктуу макалаларды жарыялады.

Бишкектин көчөлөрүнүн барган сайын тамтыгы, ташы менен куму чыгып, ар бир көчө аң-чөнөккө айланып баратканын, шаар бийлиги кабинеттеринде эле кагаз чайнап отура бербей, шаарды аралап, быт-чыты чыккан көчөлөрдү кайрадан бир кароодон өткөрүп чыкпаса, жакында жөө кишилер да жүргөнгө болбой кала турган абалга жетип калганын жазды.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 9-майда ачылат деген чек ара бекеттери азырынча ачылбай токтоп турганын, өкмөт башчысы Темир Сариевдин айтуусунда интеграциялык мейкиндиктеги өлкөлөрдүн президенттери 8-май күнү Москвада жолугушарын, Евразиялык экономикалык биримдиктин маселеси ушул жолугушууда да кеп болорун, ушу тапта келишимдердин пакеттери союзга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан чет-четинен ратификацияланып келатканын, баары ратификацияланып бүткөндөн кийин Кыргызстан да Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп каларын билдиргенин жана ушуга байланыштуу айрым жагдайлар менен таанышам десеңиз бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкектен” журналисттер Александра Василькованын, Евгений Денисенконун, “Дайыма эле даяр эмес!” деген аталыштагы Нарын Айыптын макалаларын окусаңыздар болот.

Ушул эле гезитте АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Дэниэл Розенблюмдан алган Нарын Айыптын интервьюсу “Биздин максат – региондогу туруктуулук” деген ат менен жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев “Электр станциялар” ачык акционердик коому мамлекетке 35, 3 млн. сом зыян келтиргенин айтып чыкканын мисалга тартса, Энергетика жана өнөр жай министрлиги эч кандай зыян келтирбей эле, тескерисинче каражат жетпей жатат деп какшап келатканын, бул тармакта дефицит 12-14 млрд. сомду түзөрүн, ал эми Коргоо кеңеши кезектеги жыйынында энергосекторду колдоо үчүн акыркы эле жылы мамлекеттик бюджеттен 10 млрд. сом бөлүнгөнүн билдиргенин, буга болбой эле энергетика тармагы оңолбой келатканын жазып чыкты. Ошону менен бирге тармактагы башка маселелер, маселен көмүрдөн энергия алабыз, Кара-Кече жылуулук электр станциясын курабыз деп күпүлдөп сүйлөгөн сөздөрүбүздүн баары ошол күпүлдөгөн жерде калып, кайран сөздүн баары бүгүн кыял бойдон кала бергенин окуйсуздар.

“Искра” гезити бул санын депутат Равшан Жээнбековдун “Баарыңарды азыркы Конституцияны коргоого чакырам!” деген кайрылуусу менен ачты. Равшан Жээнбеков Конституцияны өзгөртүүдө Атамбаевдин эки гана максаты барын, биринчиси өлкөнүн системасын биротоло Атамбаевге баш ийдирүү, экинчиси авторитардык мамлекетти кайруу куруу болуп саналарын, ошондуктан азыркы Баш мыйзамды өзгөрттүрбөй сактап калууга чакырды

“Искра” гезити “Темир Сариев баштаган өкмөт мамлекетти саздан чыгара алабы?” деген суроо менен кайрылды.

Генерал Артур Медетбеков:- Бул өкмөт шайлоо өткөнчө туруучу убактылуу өкмөт. Бир нерсе кылып жиберет деп үмүт артууга болбойт,-деп;

Экс-депутат Эркин Алымбеков:- Сариев такшалган саясатчы. Жарым жылга келгенин жакшы билет. Ошондуктан президент менен парламентти жарга такап, Кумтөр боюнча чечкиндүү кадамдарга барып, шайлоону таза өткөрсө, чечкиндүү саясат жүргүзсө, эл андан ары колдоп кете турган тарыхый шансы бар, - деп;

Равшан Жээнбеков: Сариевде эч кандай команда жок. Эгер күч келсе, азыркы өкмөт мүчөлөрү Оторбаевди саткандай Сариевди сатып баса берет. Эч кандай өзгөрүүгө алып келе албай турган, программасы жок өкмөттү алып келишти. Сариевдин артында Кремль турат, - деп;

Партия лидери Мавлянбек Аскарбеков: 20 жылдан бери жогорку бийликте жүрөт. Сариев жана анын замандаштары эч нерсе өзгөртө алышкан жок, албайт дагы,- деп;

Саясый эксперт Табылды Акеров: Сариев бир беткей, катуу мүнөздөгү адам. Эгер ошол мүнөзүнө кирип иштесе, көп нерсени чечет деп ишенүүгө болот. Эгер кайра эле бийликтин жетегинде калса, анда эч нерсе чечилбейт, - деп;

УОКтун мүчөсү Төрөхан Жунусбеков: Президентке, өкмөт башчысы Темир Сариевге ишенич жок, - деп жооп беришти.

XS
SM
MD
LG