Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Бакиевдер кетпесе, жашоо кандай болмок?


19-май, 2010-жыл, Жалал-Абад
19-май, 2010-жыл, Жалал-Абад

“Жаңы агым” гезити “Ушу тапта Ысык-Көл менен Кара-Көл аймактарында кылмыш чөйрөсүнө тиешеси бар топтор “Ата Мекен” партиясынын колдоочуларына тымызын чабуул жасап жатыптыр деген кабарлар бар” деп,

“Башка партиялардын лидерлери шайлоо өнөктүгүн баштап жатса КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков Башкы прокуратурага барып сурак берип жүрөт, ал эми Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева социалдык баракчасына Чыныбай Акунович беттешүү учурунда өзүн начар сезип, үрөйү учуп, калдастап отурганын жазып, бир нерсенин башын кыйытты” деп,

“Тизме түзүү маселеси талкуулана баштаганда Өмүрбек Бабанов Ташиевдин адамдарын тизменин артына коёлу десе, Камчыке адатынча барскандай муштумун Бабановдун чекесине ойнотуп калганбы? Жансакчылары ажыратып калбаганда мурундар канжалап, Ташиев-Бабанов тандеми тамам болот беле?” деп,

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бакиевдердин долбоору экендиги акыркы мезгилде ачык байкала баштагансыды. Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун карачечекей күйөө баласы Нургазы Айдаров ушул партияга кошулду. Исках Масалиев да компартиясын таштап ушул партияга кирди” деп, “Чолпон-Ата ипподрому боюнча чиновниктер жоопко тартылышы керек” деп жазып чыкты.

“ПолитКлиника” гезити коомдук ишмерлер Жылдызбек Турганов менен Кайрат Медетбаевдин “Журналист сөзүн далилдеп берсин, болбосо ал үчүн жооп берсин” деген кайрылуусу менен бүгүнкү санын ачты.

Президентке кайрылган катта “7-каналдын” жетекчиси Алтынбек Жумаевдин депутат Токтогул Тумановго жана Тумановдордун баарына жалган жалааларды жаап, күн сайын 5-6дан жолу жалган маалыматтарды берип келаткандыгы тууралуу кеп болот. Бул санга Ашыраалы Келдибаевдин “Канжар Кадыралиевди министр Батыралиев калкалап жатат” деген каты да жарык көрдү.

Жалал-Абаддын Кара-Суу орто мектебинин мугалими Тилеген Керимкулов жазган катында канча жылдан бери мугалимдер куруучуга да айланып калганын, үч айлык каникул убагында эс алмак тургай, жылына мектептин ремонтун мугалимдер өздөрү жасап келатканын, билим министри Элвира Сариева мугалимдердин статусун көтөрөбүз деп көп айтарын, көтөргүсү келсе ушул нерседен баштаса болмогун, президенттикке аттанган кезинде Алмазбек Атамбаев да ушул мектепке келип аксакалдардын батасын алып кеткенин, эми ошол Кайып Кенжебаев деген аксакал мен бата бердим эле деп сыймыктанып жүргөнүн, бүгүн бир тыйын акча албай мектеп ремонтун бүтүрүп келаткан көйгөй бүтүндөй республиканын мектептерине мүнөздүү көйгөй экендигин жазды. Ушул эле санга депутат Токтогул Тумановдун “Убагында КСДПдан качып жүргөндөр бүгүн анын эшигин сагалап жүрүшөт” деген маеги жарык көрдү.

Акылай Байболсунованын “Бакиевдер кетпей калса, азыр жашоо кандай болмок?” деген макаласында, эгер кырчындай 90 бала кыргыз элинин эркиндиги үчүн курман болбогондо, эгер ошол Апрель революциясы болбогондо балким эмгиче Максим атасынын ордуна отурмагын, Жаныш Бакиев бардыгынын үстүнөн башкарууга өтмөгүн, бардык тарапты Бакиевдин тууган-туушкан, куда-сөөк, жек-жааттары кумурскадай каптап басмагын, азыр каалаганын жазып, каалаганын айтып жаткан журналисти болобу, саясатчысы болобу же чет өлкөлөргө качып жоголмогун же кара жерди жазданып жатып калмагын айтуу менен Бакиевдин заманында өлтүрүлгөн Үсөн Кудайбергенов, Санжар Кадыралиев, Жыргалбек Сурабалдиев, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев, Медет Садыркуловду жана 29 жеринен бычакталган Сыргак Абдылдаевди дагы бир жолу элдин эсине салды.

“Айкын плюс” гезитинин бүгүнкү санынан “Мени алар бандиттердей эле кордошту” деген ат менен кош бойлуу Нестан Бектурсунова деген журналистти белгисиз бирөөлөр көлдөн Бишкекке чейин кантип алып келишкендигин, азыр боюнан козголуп ооруканада жатканын, бандитиби же өзү айткандай Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн оперлериби, айтор Нестандын армандуу маегин окуйсуздар.

Бул санда саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Атамбаев менен Текебаев авторитардык режимди тургузду” деген маеги да басылды. Азимбек азыр элде “акчасы бар адам гана депутат боло алат” деген түшүнүк калыптанып баратканын, тескерисинче дал ошол акчалуулар дагы байыш үчүн, депутат болуп бизнес кылыш үчүн парламентке барышарын айтты.

“Айкын саясат” гезити “Ата Мекен” партиясы жакында жаш саясатчылар Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов, Мелис Аспеков деген жигиттерди шайлоо тизмесине кошконун кабарлоо менен аттары аталган жаштардын буга чейинки ишмердигин таразага тарткан макала жарыялады. Макалада жаштарга көңүл буруу жакшы иш экенин, бирок өздөрү да иштебей, башкаларды да иштетпей, качан болсо түрдүү ызы-чуулуу акцияларды гана өткөрүү менен шугулданган, ошонун арты менен кымбат баалуу машинелеринде чалкалаган бул өңдүү жаштар элдин кызыкчылыгын ойлоруна ишениш кыйын экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG