Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Чылымы аз, чөнтөк телефону көп өлкө


Кыргызстанда тамеки менен ундун импорту бир жарым эсеге кыскарды.

Чолпон-Ата менен Талас шаарында кумшекердин баасы 55 сомго чыкты, эттин баасы да кымбаттады.

Чөнтөк телефондон түшкөн киреше өлкө боюнча жарым жылдын ичинде 11 млрд. сомго жетти.

Азык-түлүк жактан коопсуз болуш үчүн Орусия Кыргызстан, Тажикстан жана Арменияга 8 млн. доллардан бөлмөй болду.

Мына ушундай майда маалыматтар менен жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын Бермет Маликованын алдыдагы шайлоонун тазалыгы тууралуу макаласы менен ачты.

“Вечерний Бишкектин”өзөгүн Кыргызстан менен АКШнын ортосунда кол коюлуп, бирок жакында кыргыз өкмөтү тарабынан жокко чыгарылган 1993-жылдын 19-майындагы келишимге байланыштуу өткөрүлгөн "тегерек үстөлдөгү" талкуу түздү. Талкууга профессор тарыхчы Зайнидин Курманов, Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы биринчи орунбасары Эркин Мамкулов, “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова жана саясат иликтөөчү Марат Казакпаев катышып, ой-пикирлерин ортого салышты.

Эркин Мамкулов:- Ар кандай деңгээлдеги ийгиликтердин элементинен турган, 25 жылдан берки Акаев, Бакиев, Отунбаева түзгөн көп багыттуу саясатка чекит коюлду. Өлкөдө антиамерикалык маанай күч алды,-деп,

Марат Казакпаев:- Кыргызстан өзүнүн принципалдуу көз карашын билдирди. Көбү ушундан кийин АКШ тарабынан кысым болушу мүмкүн деп чочулашууда, менин оюмча эч кандай кысым болбойт. Кыргызстан эч кандай күнөө кылган жок,-деп,

“Вечерний Бишкек” гезити:- Биздин адилетмин деген соттор менен милийсалардын кандай иштерин билебиз?-деп,

Марат Казакпаев:- Эмне үчүн биз мамлекетке эмес, укук коргоочуларга ишенишибиз керек?-деп,

Замира Сыдыков:- Бактыга жараша биздеги эки революция тең укук коргоочулардын жардамы менен болду. Дүйнө эли ушулар аркылуу Атамбаев менен Сариевдин 7-апрелде камакка алынганын уккан. Эл ошон үчүн чогулуп Бакиевди кууп чыккан. Бизде президенттер болсо бийлигин бекемдеп алганча бардык журналисттерди жакшы деп келип эле 2-3 жылдан кийин кылмышкер деп, а укук коргоочуларды агент дей башташат,-деп талашып-тартышканын аталган гезиттин бүгүнкү санынан толук окуп алсаңыздар болот.

“Искра” гезити укук коргоочу, Кыргызстанда туура эмес бирдеме болсо эле нааразы болуп дароо акцияга чыга калган, болгондо да жападан- жалгыз чыккан Өндүрүш Токтонасыровду журналист Чынайым Кутманалиева сөзгө тартты.

Өндүрүш суроолорго жооп берип жатып, эл арасындагы өтө популярдуу болгон “Азаттык” радиосунун “Азаттык плюс” деген телекөрсөтүүсүн экранга чыгарбай койгондугу үчүн жакында КТРдын алдына нааразылыкка чыкканын, өлкөдөгү кыйшык окуя болду дегенче Өндүрүш кышы-жайы, жааны-кары дебей ошол жерде болорун, ыплас, мыйзамсыз иштерге чыдап туралбасын, башкаларга окшоп ашканада олтуруп алып Ак үйдү ашатканды жаман көрөрүн, болгонун болгондой ачык айтарын, качан болсо глобалдуу маселелерди көтөрүп чыгууга аракеттенерин, үй-бүлөсү ага көнүп бүткөнүн, митинг дегенде жумушка кеткендей кетерин, бирөөлөрдүн тукуруусуна, акчалуулардын акчасына байланбастыгын, ага болбой эле “Аны АКШ финансылайт, Америка квартира сатып берген” деп айтып жүрүшкөнүн, чындыгында да ал “Манас” аэропортунун кире беришиндеги эле бир айылда жашап турарын, каалагандар келип үйүнөн чай ичип, жашоо-турмушу менен таанышып кетсе да болорун, Өндүрүш Кыргызстанга белгилүү журналисттер Жедигер Саалаев менен Бүбүкан Досалиеванын журналистикада чогуу окуган курсташы экенин, митинг элге жеткиликтүү болуш үчүн кээде аны театралдаштырууга чейин барарын, алтургай бир жолу Беларус элчилигинин алдына кепин жамынып чыкканын, муну менен ал Беларус бийлигинин Бакиевдерди жашырып келаткан кылыгына тирүүлөр тургай арбактар да нааразы болуп жатат деген ойду билдиргиси келгенин айтып берди.

XS
SM
MD
LG