Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Элине жараша бийлиги


“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын президенттин сөзү менен ачты. “Эл кандай болсо, бийлик да ошондой болот” деген сөз бар. Демек сиздер кимдерди шайлайсыздар, өлкөбүздүн келечеги ошого жараша болот. Эгерде парламентке кайрадан уурулар келсе, өкмөткө да ошол уурулар келет. Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда. Алданбагыла, өз добушуңарды сатпагыла! Бул ирет өз келечегиңер, балдардын келечеги жөнүндө ойлонгула!” деди президент Алмазбек Атамбаев.

Макалада Атамбаевдин Путин менен жолукканы, ЖККУнун Душанбе шаарындагы жыйыны, Баткенге сапары тууралуу баяндап, президент Исфанадагы элди таза суу менен камсыз кылуу системасынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу менен таанышканын айтып берди. 360 чакырымдык жолду куруп чыгуу үчүн 190 млн. доллардан ашуун каражат жумшалса, Бүргөндү массивин өздөштүрүү долбоору үчүн 486 млн. сом жумшаларын, каналдын узундугу 114 чакырым экендигин, Бүргөндүдөгү объект декабрдын онунда ишке берилерин, ошондо кошумча үч жарым миң гектар сугат жер да пайда болорун жазып чыкты.

“Де-факто” гезити “Сариев шайлоону таза өткөрүүгө убада берди” деген темада макала жарыялап, өкмөт башчы “Биз үчүн бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбошу керек. Кайсыл партияга добуш берүүнү эл өзү чечсин. Шайлоо бүткөндөн кийин жетиштүү добуш албай калып, “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп элди дүрбөтүп, жолду тосом дебегиле” деп, шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери менен жолугушуу убагында ачык эле айтканын жазып чыкты.

“Айбат” гезити “Орусиядагы мигранттарыбызга тартип жеңилдеди” деген, “Кыргызстанда жашаганча Америкада жашаган “лафа да” деп жүргөндөр мамлекет тагдырына күйөбү?” деген, “Кыргызстанда жыл башынан бери 1,1 млрд. сомго 935 миң тонна көмүр өндүрүлдү” деген, “Ак мээнеттин акыбети таттуу же “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашыргандар сыйланды” деген макалаларды басты.

“Фабула” гезитинен Баратбай Аракеевдин Алтынай Сулайманова тууралуу баянын, Меңдибек Асылбековдун “Жүз жылда барып жер жаңы” деген ой толгоосун, баатыр академик Мамбет Мамакеевдин “Мезгил жана инсан” мемуарынан үзүндүнү окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезитинин 48 беттен турган калың саны да чыгып, “Евразиялыктар евразиялыктарга кантип жардам берет?" деген аталыш менен Александр Тузовдун макаласы жарык көрдү.

Гезит 1-октябрь Карылардын эл аралык күнү экенин, Кыргызстанда буга карата кары-картаңдарга жардам берүүнүн бир айлыгы башталганын кабарлады.

Бүгүн Бишкек менен өлкөнүн башка аймактарын кошуп эсептегенде карылыктын доорун сүрүп жаткан 409 миңге жакын адам барын, кары-картаңдардын жашоо деңгээли мактанарлык эместигин, бирок акыркы жылдары 96-орундан 49-орунга көтөрүлгөнүн, 4-5 сомдон пенсия алган карылар көпчүлүктү түзөрүн, Социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги өткөн жылкы бир айлыктын маалында кошумча 25,3 млн. сом карыларга жардам үчүн жумшалганын маалымдады.

Ушул эле гезиттен “Союз” космостук кемесинин экипажы аман-эсен жерге конгонун, анда Казакстандын экинчи космонавты Айдын Айымбетов да болгонун, Кытай эл республикасы ШКУга мүчө өлкөлөр менен биргелешип жакынкы беш жыл ичинде төрт миң километр темир жол, 10 миң километр жол курууну пландаганын, Өзбекстанда өлкөнүн Финансы министрлигинин буйругу менен электр энергиясына баа кымбаттаганын, ага ылайык 1 киловатт саат электр энергиясы үчүн өзбек калкы 115 сумдан 167 сумга чейин төлөшөрүн, бул биздин сомго которгондо 1 киловатт саат электр энергия үчүн бир үй-бүлө 3 сомго чейин төлөй тургандыгын билдирерин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG