Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Кыргызстандын өчүшүн ким каалайт?


Орус тилдүү “Дело №...” жумалыгы түрмөдөгү ачкачылык акциясына карата укук коргоочулардын жана күч органдарынын айрым өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин, жана башка макалаларды тартуулады.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити аркылуу курган маегинде “биздин саясатчылар Кыргызстандын кыйрап жоголушун каалаган сырткы күчтөрдүн оюнунун куурчагына айланбашы керек” деп билдирди.

Саясат иликтөөчү президенттик шайлоо жакындаган сайын бул өнөктүктү өз колуна алгысы келген сырткы күчтөр “Ар-намыс” менен “Ата Журт” партияларын пайдалана баштаганын, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков коалицияны, өлкө араң-араң жеткен туруктуулукту сактап калууну көздөсө, Камчыбек Ташиев жана айрым топ муну каалабай тургандыгын айтты.

Марс Сариев коалициялык өкмөттүн эмгеги акырындык менен көзгө түшүп баратканын, эл дагы анын Орусия менен жакшы мамиле түзүп келгенин түшүнгөнүн, натыйжасы көрүнө баштаганын, эл бүгүн курулай чаң-тополоңду эмес, туруктуулукту, өнүгүп-өсүүнү, жакшылыкты, Кыргызстандын тынч эмгегин каалап турганын белгиледи.

Ал андан ары: “бийлик 1-жолу коррупция менен кылмыштуулукка каршы күрөштү олуттуу түрдө колго алды. Кылмыштуулук өзгөчө түштүк аймагында аябай өнүккөн. Канча жылдардан бери карай кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышып, чырмалышып алган айрым саясый фигураларга албетте криминалга каршы жарыяланган согуш жакпай жатат. Криминалдын артында Кыргызстандын бюджетинен 5 эсеге көптүк кылган акча бар экенин эстен чыгарбоо зарыл” деди.

Саясат иликтөөчү аны менен бирге эле көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу Атамбаев, Отунбаева, Текебаев мамлекеттин кызыкчылыгын чагылдырат деп ойлоп келгенин, бирок тилекке каршы булардын ичинен Текебаев акыркы учурдагы саясый жүрүштөрү аркылуу көңүлүн кайт кылганын билдирди жана Отунбаева тең салмактуулукту сактап, өтө акылман саясат жүргүзүп келатканын, кокус анын фигурасы бир аз эле мындай болсо элиталык топтор менен кландардын арасында өз ара тытыш башталарына токтолду.

Саясат иликтөөчү акырында кыргыз саясатчылары алдыдагы президенттик, премьер-министрлик креслого жетем деп атып сырткы күчтөрдүн оюнчугуна айлануудан сак болушкай эле, саясат дегенде принцип болбойт деп жаңылыш ойлоп алышпагай эле, Кыргызстандын өсүп-өнүшүн эмес, өчүп-өлүшүн каалаган сырткы күчтөрдүн жемине айланбагай эле деп тилеп тургандыгын кошумчалады.

“Дело № “ жумалыгына Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө көзөмөлдүк кылган Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев түрмөдөгүлөрдүн ачкачылык жарыялашына түшүндүрмө берип:

-Ачкачылык жарыялап, ар кандай талаптарды коюу алардын укугу. Ачкачылык жарыяласа жарыялай берсин, ал эми биз буга дейре криминал менен кандай күрөшүп келсек, так ошондой күрөшө беребиз. Кылмыш дүйнөсүнүн өзөгүнө сокку уруп, уюшкан кылмыштуу топтордун финасылык базасынын жолун бууйбуз. Бүгүн 98 кылмыш иши козголуп, анын 27си сотко жөнөтүлдү. 60 килограмм баңгизат алынды. Коррупциялык иштер тергелип жатат. Жакында эле бир айыл кеңешинин төрагасы, ошондой эле бир райондун мурдагы башчысын кармадык, экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн болушкан. Акыркы 10 жылдын аралыганда кылмыштуу топтор ушунчалык кутуруп, каалагандай даң салып, бийлик түзүмдөрүнө чейин сойлоп кирип кеткен. Албетте дал бул системаны бузуп, жок кылуу оңой-олтоң боло койгон жери жок. Коррупциянын учугунун баары уюшкан кылмыш дүйнөсүнө барып такалууда. Мындан ары мындай болбошу керек. Азыр да 2005-жылкы Рысбек өз бандасы менен аянтка чыккандагыдай көрүнүш кайталанууда. Укук коргоочулар эмне биздин бандиттик мамлекетте жашашыбызды каалашабы? Сиз укук коргоочулардын эле айткан-дегендерин уга бербей, кылмыштуу топтордун азабын тартып келаткан ишкерлердин да айткан арыз армандарын угуп көрүңүзчү?-деди.

- Камчы Көлбаевдин буйругу менен түрмөдөгүлөр ачкачылыкка чыгышты деп атпайбы, буга эмне дээр элеңиз?-деген суроого генерал Турганбаев:

- Көлбаев уюштуруп жатат деген маалымат жок, ал муну уюштурмак тургай өз жанын сактоо менен алапайын таппай жүргөн чагы, бизде азырынча чоң тополоң кылгысы келгендердин артында чоң саясый күчтөр турат деген маалыматтар бар. Биз алардын баарын иликтеп жатабыз. Бүгүн Кыргызстандагы массалык башаламандыкты милиция тургай, эл өзү да каалабайт. Ошондуктан артыбызда элибиз турат. Демек ар кандай тополоңду болтурбай коюуга күчүбүз да, эркибиз да, каражатыбыз да жетиштүү,-деп айтты Ички иштер министринин орун басары, милициянын генералы Мелис Турганбаев.

Аталган гезит ошону менен бирге экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевдин, мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевдин, айыл чарба министри Төрөкул Бековдун, Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин маектерин жарыялады.
XS
SM
MD
LG