Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Кечиргиле?..


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары өткөн жылдын ушул күнүндөгү кандуу окуяны баяндаган макалаларга кенен орун беришти.

34 бет менен жарык көргөн “Айат” гезити журналист Жылдыз Мусабекованын 7-апрелдеги калабага карата ой толгоосун “Кечиргиле” деген ат менен жарыялады.

Ушуну менен бирге эле Үсөнбек Бейшембиевдин “7-апрель – жүрөгүмдүн жарасы”, Асан Айбеков аттуу автордун мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовду сындаган макаласы, депутат Канатбек Исаевдин “Артымда кыңыр иш болгондо Байболовго жеткирбей эле жайлашмак” деген ат менен маеги, Айдин Асманов аттуу автордун “Эмилбек Каптагаев “Витязь” жана “Аврора грин” пансионаттарына кол салгысы келип турабы?” деген макалаларын басып чыкты.

Журналист Бурул Мусабекова Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирлик айылдарын суу каптап, жаратылыш кырсыгынан айрыкча акмоюндуктар катуу жабыркап, 300дөй үй жараксыз болуп калганын баяндаган. Макалада жергиликтүү тургундардын сүрөттөрү, арыз-муңу менен кошо басылган.

“Учур” гезити Кубатбек Байболов менен маектешти. Мурдагы башкы прокурор маегинин атын “Бабанов бүгүн Кыргызстандан да бай” деп атап, Бабановдун чындап эле Кыргызстандан 2-3 эсе бай экендигин, азыр акча чыккан жердин баарында анын балдары же кезинде Максимдин жанында жүргөндөр отурганын кеп кылып, өзүнө “Ата Мекен” партиясы гана эмес, башка саясый топтордон президенттикке талапкерлигиңизди коюңуз деген сунуштар түшүп жатканын, бирок азырынча барар-барбасын ойлонуп турганын да кошумчалаган.

Алым Акматовдун макаласы “Текебаевдин келечеги жокпу?”, Сырдыбек Жапаровдун макаласы “Бабанов апчесине таянабы?” деп аталды.

“Параграф”
деп аталган гезиттеги “Базары жакын байыбайт” деп аталган макаласында анын автору Бек Алымбеков, Кыргызстан 20 жылдын ичинде өзү байыбаса да, базарга байыганын, бирок базар байгерчиликтин жайына айлануу менен бирге эле башаламандыктын да, тартипсиздиктин да жайына айланганын, көпчүлүк базарларда соодагерлер үчүн да, кардарлар үчүн элементардык шарттардын, эң негизгиси базар тууралуу мыйзамдын жоктугун талдоого алган.

Маек курган сүрөтчү Асан Турсункулов 7-апрелде курман болгондордун сүрөттөрүн тартып, көргөзмөсүн ачса жогорку бийлик тарабынан көңүл буруп, эч ким келбей койгонуна нааразы болгон. Сүрөттөрдү тартканга эле 10 миң доллар сарптаганын, каражатты ар кимдерден сурап жүрүп чогултканын баяндаган. Маек “Элимдин кайгысын тарттым” деп аталды.

“Айгай пресс” гезити өткөн 7-апрель күнү Ак үйдүн аткан огунан курман болгон эрендердин сүрөттөрүн кыскача таржымалы менен жарыя кылды.

Ушул эле гезит маданият ишмери, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун маегин сунуш кылды. Мекенин ойлогон адамдар үчүн алдыда өтө катаал сыноо турганын айтып кеп учугун улаган Түгөлбай, жан дүйнөсүн кыргыздын нарк-насили эмес, арабдардын жүрүм-туруму ээлеп алган уул-кыздарыбыздын далайын тирүүлөй жоготконубузду, ошону менен бирге эле буга дейре бандиттер зонаны же аймак-аймактарды бөлүшүп алат экен деген түшүнүк жашап келсе, эми каратып туруп эле бийликке келген партиялар мамлекетти бөлүп алышканын, бир карасаң Кыргызстан бир бүтүн өлкө болуп көрүнөрүн, бирок кыдырып көрсөң ар бир район ар башка партиянын районуна айланып калганын кеп кылды.

Түгөлбай Казаков андан ары баягыдай эле бийликтегилерден эч ким элге отчет бербей калганын, ошон үчүн курултай керек деген сунушту колдой тургандыгын билдирген.

“Асман преss” гезити жаңы санын Ф. Куловдун “Менин президент ишке ашыралбаган идеяларым бар” деген маеги менен ачты. Кулов анысында буга чейин бир нече жолу айтып келген кеңири коалиция маселесин кайрадан козгогон. Ошону менен бирге эле премьер-министр болгон адам талапкерлигин президенттикке койбош керек, министрликтердин санын кыскартыш керек жана Орусия менен алаканы бекемдеш керек деген ойлорун билдирген.

Ушул эле санга маек куруп, кабарчынын айрым суроолоруна жооп берген депутат Эркин Алымбеков, бир катар интернет барактары, анын ичинен “Москва пост” деп аталган сайт Өмүрбек Бабанов Москвада жүрөм деп коюп, Беларуска барып Курманбек Бакиев, анын уулдары Максим, Марат Бакиевдер менен жолугушуп келди деген кабар таратышканын, демек мындай кабар калайык-калкка тарап кеткенден кийин мунун чын-төгүнүн комиссия аныктап чыгышы керектигин, ошону менен бирге эле парламенттик шайлоодо Максим Бакиев Бабановдун “Республика” партиясы үчүн 5 млн. доллар берген деген да сөз барын, ошондуктан президент Бабанов менен Дүйшөбаевди да Байболов сыяктуу эле отставкага айдашы керектигин белгиледи.

“Жаңырык апта” гезити бул санын белгилүү акын Кыялбек Урмамбетовдун “Калкым” деп кан төктүңөр кайрандарым...” деген ыры менен ачып: “Мунун баары бир жыл мурда болгон” деген баштеманын алдында ошол 7-апрелдеги кандуу окуяны эскерүүгө арналган макалаларды тартуу кылды.

Журналист Келдибек Назиров “Түштүктү кара булут каптап турат” деген макаласында улуттар арасындагы аяр мамиленин жиби али да ичке экендигин жүйөлүү фактылар менен аңгемелеген. Кечиктирбей жасай турган жагдайлар кайсылар экендигине бийлик башында тургандардын көңүлүн бурган. Автор Ош окуясын иликтөө боюнча чет өлкөлүк жана парламенттик комиссиянын корутундуларын тез арада маалымат каражаттарына жарыялап, болгонун болгондой жеткирүү керектигине басым жасады.

“Пресс kg” гезити “Жогорку Кеңештин мушташынан кийин кандай ойдо калдыңыз?” деген суроо менен кайрылды. Буга Жогорку Кеңештин Замирбек Алымбеков, Туратбек Мадылбеков, Курманбек Дыйканбаев өңдүү депутаттары мындай көрүнүштөр дүйнөнүн башка парламенттеринде деле боло жүргөн көрүнүш экендигин айтышса,

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: - Роза Отунбаева парламентке чоң муштум кылмышкерлер да аралашып кетти деп туура айтты. Азыркы парламент интеллект деген эмне, этика деген эмне экенин билбеген, кара курсак чагымчылардын тобунан түзүлгөн,-деп,

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Эгер мындай жосун улана берсе эл депутаттарга ишенбей калышы мүмкүн,-деп,

Саясат талдоочу Марс Сариев: - Депутаттар мушташса Жогорку Кеңештин ичинде мушташа берсин, сыртында мушташпаса болду,-деп жооп берди.

Аталган гезиттин ушул эле санына “7-апрелдин тилеги максатына жеттиби?” деген сурамжылоону, телефонду тыңшоолорго байланыштуу макаланы, Байболовдун кызматынан кеткендигине байланыштуу айрым депутаттардын айткан ой-пикирлери басылып чыкты.

Музыка жыйноочу Балбай Алагушевдин “Асанкалый махабат ырларынын жарчысы эле...” деген баяны, булардан тышкары саясат, маданият жана башка багыттагы көйгөйлөрдү чагылдырган материалдарга орун берилген.
XS
SM
MD
LG