Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Апрель сабактары


Гезиттер 7-апрелдеги аза күтүү күнү кечээ кандай өткөнүн чагылдырышты. Буга карата ар кандай көз караштагы макалаларга кенен орун берилди.

“Өмүрбек Чиркешович көкүрөк каккан парламенттик системада профессионалдар жок. Болсо да бирин – экин. Парламент менен өкмөттүн, атургай жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тармагынын 90-95 пайызы көрүнөө да, көмүскө да бизнесмендерден куралган. Мындай “феномен” дүйнө тарыхында жок. Өнүккөн өлкөлөрдүн ашкан байы, миллиардерлери эч качан парламент шайлоосуна, мамлекеттик бийлик кызматтарына барбайт. Алар өз өкүлдөрүн түртөт, бирок болгондо да колунан келген, ар кайсы адистикте башы мыкты иштеген адамдарды шайлатат, өкмөттүн кызматына алып барат” деп жазды журналист Алым Токтомушев “Жаңы агым” гезитиндеги "Жолбүгүнүндө".

Ушул эле гезит аркылуу курган маегинде мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов президент Роза Отунбаевага бир катар дооматтарын айткан. “Айгай” гезити өткөн жумада Өмүрбек Бабановдун 100 млн. доллардан ашуун каражатты чет жактарга чыгарып кеткенин жар салды. Президент эмне үчүн муну көрбөйт?

Кеңешбек Дүйшөбаев 2005-жылдын март революциясында ак кепкачандарды уюштургандан тартып былтыр Мурат Суталиновду чек арадан кантип өткөрүп жибергенине неге баа бербейт?” деген суроолорду койду.

“Кыргыз руху” гезити 7-апрелге арналган Бишкектин бир мектебиндеги 4-класстын окуучусу Бейшенбек уулу Жайнактын ыры менен ачып: “Аялдар шаарчасына кош келиңиз, экс-прокурор” деген макаланы окурмандарга тартуу кылды.

Анда мындай деп жазылат:

-Роза Отунбаева мурдагы парламенттеги КСДП фракциясы чилдей тарап, андагы депутаттардын алды АКШга качып, арты бизнесин коргоп, дагы бири мандатын тапшырып калганда оппозициялык фракциянын жүгүн жалгыз мойнуна артып жүргөн кезде сиз кайда элеңиз, Кубатбек Калбекович? Демек Роза Исаковнанын алдында баатыр болгондон мурда уялыш керек эле- деп жазган макала автору Айзада Абазова, андан ары экс-баш прокурордун ишмердигине токтолуп, ал президентти жөнү жок күнөөлөп жаткан дагы бир имарат чатагынын чын-бышыгын далилдөө үчүн керек болсо Байболов менен соттошууга даяр экенин билдирди.

“Кыргыз руху”
гезитине журналист Азизбек Келдибеков парламент тууралуу макаласында: “Илгери Солто элдин тогу, Саяк элдин шогу, Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу” деп коюшса, азыр “КСДП парламенттин тогу, “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” парламенттин шогу, “Ата Журт” менен “Республиканын” барынан жогу” деген жаңы макал эл арасына тарай баштады деп жазды.

“Алиби” гезити кечээ күнү курман болгондордун "Ата-Бейиттеги" бейиттерине куран окутулганын сүрөттүү баяндамасында чагылдырды. Аза күтүү зыйнатына байланыштуу макалаларды басты. Адилет Айтикеев “Апрель сабактары” деген макаласында журт башкаргандарды өткөндүн сабактарын унутпоого чакырган.

Журналист Орозали Карасартовдун макаласында да ушул апрель окуясы талдоого алынат.

“Электрик – рэкеттерден бизди куткарууну суранбыз” деген кайрылуу катты Жети-Өгүздүн Жел-Дөбө, Тилекмат, Мундуз, Ак Өлөң айыл тургундары жаңы дайындалган башкы прокурор Аида Салянованын наамына салып жиберген.

“Фабула” гезити 7-апрелдеги аза күнүн чагылдырган макалалар менен бүгүнкү санын ачып, бийлик жана бийликтегилер жөнүндө кеп кылды. “Элдин Бакиевди кетиргенден кийинки ой-тилеги аткарылдыбы?” суроо коюп, “эми муну калк өзү таразалап алар. Анткени учурда элге, мамлекетке күйгөн, калыс, улут кызыкчылыгын көздөгөн акыйкат башкаруу орноду деп айтуу кыйн. Элдин ой-тилеги толук аткарылды дегенге али эрте” деп белгиледи.

“Баскынчыларды” Байболов калкалады”. Мына ушундай билдирүүнү “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына Москва районундагы Беловодское айыл тургуну, “Фермер” дыйкан чарбасынын фермери Ким Сергей Александрович деген адам жөнөтүп жиберген. Анда мүлк талашындагы 16 жыл мурунку фактыны Байболовдун кантип бурмалагандыгы жана аны Отунбаева менен кантип байланыштыргандагысы жагдайында маселе козголду.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “7-апрель: Кыргызстан эл баатырларын эскерди” деген баш тема менен ачып, кечээ күнкү болуп өткөн аза күтүү зыйнатын чагылдырган материалдарга кенен орун берди. Баатырларды эскерүү Таласта, Бишкекте жана башка аймактарда кандай өткөндүгү жөнүндө сөз болот.

Бул гезитке Саадабек Садыров аттуу автор “Апрелде атасынан айрылгандар керексиз болуп калышабы?” деген макаласын сунуш кылды. Макалада орду толгус жоготууга учурагандардын айрымдарында расмий никеге турган документтери жок болгондуктан жетим калган балдарга жардам берүү жагы кыйынчылыкка, тоскоолдуктарга тушугуп жатканын баяндап, андан чыгуунун жолдорун сунуштаган.
XS
SM
MD
LG