Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Кыргызстандын келечеги бар


Бүгүнкү баяндамабыз орус тилдүү “Дело №...” жумалыгында жарык көргөн макалалардын тегерегинде болмокчу.

“Президент Роза Отунбаеванын ордуна ким келет? Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити ушул суроого “саясый божомол” деген рубриканын алдында жооп издеди. Гезит канча жылдан бери ээрден түшпөй, элге аз болсо да үмүт байлаткан да, элди тажатып бүткөн да таанымал саясатчылардын аттарын атап, азыркы аракеттерин талдоого алган.

Тимур Асанов аттуу автордун макаласы “Оппозициянын максаты – Бабановду кетирүү” деген ат менен тартууланды. “Биздин саясатчылар саясат менен ойнойм деп атып эле чоочун колдордун куурчагына кантип айланып калганын өзүлөрү да билбей калышчу болду, мына ушул жагдайдан алып караганда Кыргызстандагы жаш саясатчылардын бири, кечээки эле Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин жакын адамы, өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов өзгөчө көзгө түшүп турган кези” деп белгилеген гезит Бабановдун өткөн шайлоо алдында Маскөөгө тынбай каттап турганын эске салган. Ал ошондо Орусиянын борборуна бир гана акча үчүн эмес жөлөнөр жөлөк, таянар таяк издеп барганын, анткени ал жерде анын нефть-кант боюнча кудуреттүү өнөктөшү Муса Бажаев деген адам бар экенин, ошол Бажаев ага Кремлдин колдоосун алып бергенин, Бабанов да далай убадаларды берүү менен Маскөөнүн да, Астананын да колдоосун алганын, алгач Маскөө да, Астана да Кыргызстандын өкмөт башчылыгына Феликс Куловду каалашканын, бирок чалмакейдин баарын Бабанов чалып, алардын картасын бузуп кеткенин, эми бүгүн ошол Москва менен Астана ага баягыдай болбой сыртын салып турганын эскерди.

“Азыр “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” жана “Ата Журттун” бир бөлүгү чогулуп Бабановду ээрден сайып түшүүгө ачык аттанды. Булардын шашып аткандыгынын дагы бир себеби – жаңы Баш мыйзамга ылайык премьер-министрди алмаштыруу президенттик шайлоого жарым жыл калганда жүзөгө ашырылууга тийиш деп жазылгандыгында. Баса, өткөн жылдын мартын эстесеңер, өлкөдө революция болор алдында Максим Бакиев дагы Москвага курсөөлөт көрсөтүп, Бээжиндин геосаясый кызыкчылыгына ойноп, өзүн болочок президент санап, иш сапарын Бээжинден баштаган эмес беле? Өмүрбек Бабанов да дал ошол Максимдин маршруту менен Кытайга барып келди. Ал эми Максимдин тагдырын кайталап калбас бекен, аны жакын арада көрөбүз”-деп аяктайт аталган макала.

Акылбек Жапаровдун “Дело №...” гезитине берген маеги “Ооба, биз коалицияны кулатып, бийликти алууну көздөп жатабыз” деген ат менен жарык көрдү.

Парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров маегинде Алмаз Атамбаевдин өкмөтүн сынга алып: “Кыргызтелекомду” азыркы өкмөт баягы эле Бакиевдик схема менен болгону 100 млн. долларга саткысы келүүдө. Мен бул тармакка үңүлүп көрө электе телекоммуникациядагы бизнести билбепмин. “Мегакомдун” айланасындагы чыр-чатакты териштирүүгө катышкан бир айдын ичинде көзүм ачылды. Бир эле “Мегаком” компаниясынын баасы 400 млн. доллар турат экен. Анан кантип бүтүндөй “Кыргызтелекомдун” баасы 100 млн. доллар болот? Биздин өкмөт анын алгачкы баасын ушинтип 100 млн. долларга баалап, анан сатып алчу киши чыкпай койду деген көнүмүш шылтоо менен 40 млн. долларга сатып ийгиси келип жатпайбы. Тилекке каршы дал ушул соодагерчилик маселесинде өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов турат” деп айтты оппозиционер депутат Акылбек Жапаров.

Ошентип өкмөттү, анын ичинен Өмүрбек Бабановду катуу сынга алган Акылбек Жапаров андан ары азыр маселеси козголуп жаткан Бажы союзу тууралуу да ойлорун ортого салды.

Ал андан ары “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” фракцияларынын максаты – азыркы коалицияны кулатуу экендигин, себеби кайсы гана партия болбосун бийликке келүү үчүн аракет кыларын билдирди.

Бул санга ошондой эле “Бакиевдер Атамбаевге ачык эле коркунуч келтире баштады” деген макала жарык көрдү. Макалада Алмазбек Атамбаевдин бир аз күн мурдагы “Форумдун” алдында сүйлөгөн сөз келтирилген.

- 7-апрелден кийинки Кыргызстанды жактырбай жаткандар чыга баштады. Парламентте бүгүн Камчы Көлбаев менен Азиз Батукаевдин, Бакиевдер менен Максим Бакиевдин куйруктары көрүнүп турат. Алар кечээ эле өлкөнү талап-тоноп келгенин, жарыкты өчүрүп, карайлатып, тезек тердиртем дегенин, оппозициядагылар менен журналисттерди сабап, өлтүрүп келгенин бүгүн унутуп калышты. Кудайды каратып туруп, бүгүн Бакиевдин башкаруусунан да жаман деген элек ооз саясатчылар пайда болууда. Кечээ эле биз менен чогуу ийиндеш, тилектеш болгон атамекенчилер бизге каршы оппозицияга өтөбүз дешүүдө. Айткылачы, анда 7-апрелдеги балдар кайсы максат үчүн жанын кыйышты эле? Бөлүнбө кыргыз? Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнсөң, корооңо баягы эле Гуревич, Максим баштаган криминалдар келип түшөт.. Ошон үчүн биз үчүн баарынан кымбат Кыргызстаныбызды чогуу көтөрөлү, ысык-суугуна чогуу күйөлү. Байболов айтып атпайбы мага, “Кыргызстандын келечеги жок, баарын сатып туруп кетип калыш керек” деп, мен ага: “Кубат аке, кетсең элди бөлүп-жарбай жөн кет, жыйган дүйнөңдү сатып туруп, маадемектен каалаган жагыңа кет!” деп айттым – деди Алмазбек Атамбаев.

“Дело № ...” бул санына “Башкы чекисттин жообу” деген макаласын да басты. Анда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин басмасөз жыйынында сүйлөгөн сөзүн, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов тууралуу айткандарын жарыя кылды.
XS
SM
MD
LG