Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

“Чырымдын ону” жана Феликс Кулов


Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезитинин негизги маңызын “Ар-Намыс” фракциясынын 10 депутатынын билдирүүсүнөн кийин пайда болгон саясый окуялар түздү.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” жумалыгы “Феликс Кулов: саясый портреттин фонунда премьерлик креслого жол” деген макаласын басты. Макалада “Ар-Намыс” партиясынын лидери дайыма өлкөдөгү башкы кызмат орундардын бирин ээлегиси келгенин жана ээлеп да келгенин, анын каалоосу бардык убактарда ишке аша жүргөнүн, Феликс Кулов бүгүн да ошол максатына жетүү үчүн жыл башынан тартып эле өлкөнү ары-бери чайкаган саясый интригаларды жүргүзүп келатканын, бирок премьерлик креслого жетчү жол өтө узак экендигин эске салды.

Гезит андан ары башкаруучу коалицияны кулатуу үчүн алгачкы интриганын ташы “Республика” партиясынын лидери, өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун короосуна “ыргытылганын”, ар кандай айыптоолор менен сындын кара жамгырынын алдында калган Бабановдун “нерви” чыдай албай, акыры тайм-аут алганын, Кыргызстанда жогорку жетекчилик кызмат орундарын бир күнгө да бош калтырып кетүүгө болбостугун, бир эле күн бошой калды дегиче, ага жутунгандар четтен чыгарын кеп кылып, Бабановду басма сөз дагы, башкалары да “башка-көзгө” койгулап жатканда Феликс Кулов кокусунан эле Маскөөгө учканын, маалыматтарга караганда Кремлдин колдоосуна ээ болуш үчүн барганын, ал эми бул учурда оппозициядагы “Ар-Намыс” фракциясынын 10 депутаты күтпөгөн жерден КСДП менен “Республика” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалицияга кире тургандыктарын билдиргенин баяндады.

Гезиттин божомолу боюнча эгер өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого аттанып калса, анын ордун 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ээлемек. Бирок ага жеткиришкен жок. “Коалиция тарайт экен”, “кайрадан ызы-чуу болот экен” деген кооптонууларга чекитти ошол эле “Ар-Намыстан” келген 10 депутат койду.

“Кулов чын эле өз фракциясындагы 10 депутаттын бул жасаганын билбейби? Кантип эле билбей калсын? Ал Маскөөдөн учуп келери менен шакирттери “эгер Феликс Куловго 1-вице-премьер-министрдин орду бериле турган болсо “Ар-Намыс” коалицияга киргенге даяр” деп шыбыраша баштады” деп кабарлады.

Макаланын автору парламенттеги оппозициялык үзөңгүлөшүнүн мындай “чыккынчылыгы” “Ата Мекен” фракциясынын эсин эки кылганын, Өмүрбек Текебаев дароо эле “бул деген Башмыйзамга карама-каршы келет” деп ордунан ыргып турганын, “атамекенчилердин” бул билдирүүсү күйөөсү алдап кеткенден кийинки үй-бүлөсүн сактап калгысы келип, көрүнгөн талды кармалап жаткан, тарыхтын дөңгөлөгүн токтоткусу келген бечаранын алсыз аракетине окшоп жатканына салыштырды.

“Депутаттардын бул жүрүшүн Феликс Кулов эми кандайча түшүндүрөт болду экен? Бирок ал өзүнүн жасаган иштери кандай болбосун аны актоого келгенде алдына адам салып көргөн жан эмес эле, чын эле бул жагынан Кыргызстанда ага теңдешер саясатчы жок” деген бүтүмгө келди журналист.

Ушул эле макаланын алдында Феликс Куловдун “ 24 kg” маалымат агенттигине болуп жаткан маселелердин тегерегинде айткандарын жарыялады. Кулов маегинде өз депутаттарынын коалицияга кирүү жөнүндөгү максаттарын билбегендигин, Маскөөгө болсо кичи энергетика булактары боюнча уюштурулган көгөзмөгө барганын, “Ар-Намыстан” коалицияга кошулабыз деген депутаттар партиянын же фракциянын катарынан чыгарылабы?” деген суроого Кулов, бул маселени партиянын сьезди жана фракциянын кезексиз жыйыны чечерин, кокус аталган депутаттар “Ар-Намыстан” чыгарылса, депутаттык мандаттарын да тапшырууга туура келерин, анткени Башмыйзамда “эркин депутаттык” деген статус жоктугун билдирди.

- Сиз буга чейин парламенттик коалицияны кулатып, кеңири коалиция түзүү жөнүндө айтып келген элеңиз?-деген суроого Кулов:

-Ооба, биз чынында эле ошону максат кылганбыз. Саясый туруктуулук менен гана экономиканы оңдоого болот, инвесторлорду тартууга болот. Ошондуктан бардык фракциялардан же 4 фракциядан турган коалиция зарыл болчу. Бирок мунун баарын биз Феликс Куловду өкмөткө алып баруу үчүн жасаган жокпуз. Бизге эң башкысы кызмат эмес, принцип керек, - деп жооп берди.

“Дело №...” муну менен бирге эле өз фракциясынан чыкпай туруп, көпчүлүк коалицияга кошулгусу келген 10 депутаттын аракети эч кандай юридикалык күчкө ээ болмок тургай жөнөкөй акыл-эс алкагына сыйба тургандыгын “Ар-Намыс” фракциясынын акыркы билдирүүсүндө дайын болгонуна, Кулов болсо бул саясый оюндардын далдасында азырынча көрүнбөй турганына, интригалар кайрадан уюй баштаганына токтолуп: “эми өлкө кайрадан чайпалып, кайрадан түгөнбөгөн ызы-чуунун ордосуна айлана бербегей эле, болсо да ал ыз-чуу, талаш-тартыш парламенттин ичинде болгой эле” деп тилек кылды.

Ушул эле гезит “Максим менен өзүн-өзү өлтүргүсү келген гана киши жолугат” деген ат менен Өмүрбек Бабановдун маегине орун берди.
XS
SM
MD
LG