Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Араздаштырган да, жараштырган да - саясат


Журналист Баратбай Аракеев “Фабула” гезити аркылуу кыргыздын “100 мыктысы” тууралуу жазып жатканын жар салды.

“Фабула” гезитиндеги “Реплика” деген рубриканын алдындагы “Түкө, жөн болчу” деген чакан макаласында журналист Баратбай Аракеев “Фабуланын” өткөн санында Түгөлбай Казаков Токтогул сыйлыгын албай тургандыгы, ага татыксыз деп тамтаңдагандар тууралуу маалымат чыкканын, анан ошол “тамтаңдагандар” “обончулардын атасы, улутубуздун улуулугун даңазалап келген КТРКадагы “Улутман” берүүсүнүн автору Түгөлбай Казаковду четке түртүп коюптур” деп 20 адамдан турган Токтогул атындагы мамлекттик сыйлыгын ыйгаруу комитетинин мүчөлөрүн “тамтаңдаган” адамдар” деп жерине жеткиргенин эске салды. Анан: “Ай, айланайындар ошол тамтаңдагандардын арасында эл баатыры Бексултан Жакиев деген бар, эл артисттери Жамал Сейдекматова, Акылбек Абдыкалыков дегендер бар, эл жазуучулары Кеңеш Жусупов, Токтосун Самүдүнов деген мыктылар бар. Эми ушул адамдар “тамтаңдаган” эмелерби? Тамтаңдаса ошол маанини жаздырткандар тамтаңдаган чыгаар. Токтогул сыйлыгы жобосу боюнча, ошол көрсөтүлгөн жылдар аралыгындагы жаңы жараткан чыгармалар үчүн гана ыйгарылат. “Улутман” деген Токтогул сыйлыгын эмне кылмак, журналисттердин жыл аягында берилчү сыйлыгына татып берсе ошол жакшы. Туура. Түкөнүн жакшы чыгармалары бар. Бирок алардын баары мурун чыккан. Анан калса, Токтогул сыйлыгына татыктуу дегенди ким айткан! Андай болгон күндө Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев, Рыспай Абдыкадыров, Мукан Рыскулбеков, Сардарбек Жумалиев сыяктуу обончулар кайда калат? Ушуну мен Түкөгө жолдош катары айтып жатам. Сен жакшы обончусуң. Андыктан Токтогул сыйлыгын жайына койбойсуңбу, маселе көтөргөндөрдү койгула” деп жазып чыкты журналист Баратбай Аракеев.

“Фабула” гезитине ушул эле Баратбай Аракеев “Жүз киши жана кыргыз” деген макаласы аркылуу жакында кыргыздын мыкты деген 100 кишиси тууралуу жазайын деп чечкенин, жаза турган адамдарынын көбүн жакшы тааныса, жакшы билсе, кээ бирөө менен сый мамиледе экенин, көбү менен сүйлөшкөн да эместигин, бирок 100 деген сан аз көрүнгөн менен тизмени түзүп жатып аябай кыйналганын, анын үстүнө бирин кошсо, бири калып, кайдагы балакетти баштадым эле деп, ушу күнгө дейре бушайман болуп жатканын жазуу менен ошол 100 кишинин арасына биринчилерден болуп Роза Отунбаева, Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Эрмек Мойдунов, Замирбек Үсөнбаев, Табылды Эгембердиев, Темир Сариев, Мелис Турганбаев, Бактыбек Жусубалиев, Каныкей Эралиева, Рыскелди Момбеков, Аскар Салымбеков, Өмүрбек Текебаев киргенин жарыя кылды.

“Алиби” гезити аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов маек куруп, ал интервью “Ташиев менен Бабановдун биригишинен кыйкым издебей деле койсо болот” деп аталды. Гезит кабарчысы депутатка кайрылып: “Кечээ эле Ташиев Бабановду, сен Максимдин кабылдамасында олтурасың” деп доомат коюп жүрчү эле, эми бүгүн анын баарын унутуп, бириге берсе болобу?” деп суроо берди эле Курманбек Осмонов:

- Саясатта ар кандай кырдаал болот. Упай топтош үчүн кимдин ким болгондугу учурунда айтыла берет. Бирок саясый кырдаал өзгөргөнүнө байланыштуу партиянын лидерлери бири-бири менен сүйлөшүп, кетирген каталарын кечиришип, жаңы максатта иш алып барышы мүмкүн. “Ата Журт” менен “Республика” фракцияларында пикир келишпеген карама-каршылык жок. Ошондуктан бириге берсе болот. Эгер “Ата Мекен” менен “Ата Журт” бириксе кечээги аракетиңер бүгүнкүгө каршы чыкты деп суроо берсеңер болмок, - деп жооп берди.

Ушул эле “Алиби” гезити “Кудайберген” базарындагы куугунтук качан токтойт?” деген ат менен президентке, өкмөт башчысына, Жогорку Кеңештин төрагасына жана башкы прокурордун атына кайрылуу кат жолдоп ага колдорун койгон ишкерлер базар жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттеринен жана куугунтуктоолорунан улам соодалары жүрбөй, алган насыя акчаларын төлөй албай, карыздары көбөйүп баратканын, ошондон улам ишкерлердин укугун коргоп калуу өтүнүчү менен эң жогорку бийликке кайрылууга мажбур болуп жаткандарын айтып чыгышты.

Генерал Кубатбек Кожобековдун бийликти сынга алган интервьюсу “Туура эмес иштерге жол бергени үчүн азыркы бийликтин билермандарын кийинки бийлик жазалайт”, ал эми “Эркин эл” деп аталган саясый партиянын башчысы Мавлян Аскарбековдун маеги “Биз токочту эмес, эркиндикти тандаган элбиз” деп аталган.

Белгилүү коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов өзү башкы редактор болуп турган мезгилде ошол кездеги Борбордук Комитеттин 1-секретары Апсамат Масалиевдин каршы пикирине карабастан, гезиттин атын “Кыргызстан туусу” деп атап, колун коюп салгандыгын эске салуу менен гезиттин өткөн тарыхы менен азыркы кезин кенен кеп кылды.

XS
SM
MD
LG