Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Алтын кенди алты орогон чыр


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

“Мекен инфо” гезити “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов менен маек курду.

“Мекен инфо” гезити “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Артык кылам деп тыртык кылып алышым мүмкүн” деген маегин басты. Анда Мамытов алтын кенин улутташтырса да, улутташтырбаса да болорун, улутташтырса өзүбүздө каларын, бирок иштетип, өкмөткө салык, иштеген жумушчуларга айлык төлөп берүү маселеси келип чыгарын, ушул күнгө чейин улутташтыруу боюнча конкреттүү программа сунуш кылган эч ким боло электигин белгиледи.

Сот маселесине токтолгон Мамытов чатак бүгүн эле эмес, көп жыл мурда башталганын, 2005-жылдан бери эле соттошуп келатканыбызды, соттон утулган менен биз алар койгон доону төлөй албасыбызды, анткени уткан тарап чет өлкөлөрдөн мамлекеттин байлыгын издешерин, издеген менен башка мамлекеттердикиндей биздин чет элдик банктарга сактап койгон байлыгыбыз жоктугун, болгону “Кыргызалтындын” 77 миллиондон ашуун акциясы барын, соттон уткандар ошол акцияларга барып жармашып жатканын, азыр “Кыргызалтындын” доо арызын Канаданын соттору карап жатканын, кээ бир чечимдер туура эмес чыгарылганын, анткени “Кыргызалтын” 100 пайыз мамлекеттик болгону менен формасы боюнча акционердик коом болуп саналарын, андыктан талаш-тартыштарга “Кыргызалтындын” тиешеси жоктугун, эми декабрь айында канадалык соттун жыйынтыгы чыгат деп жакшы тилек кылып турганын айтты.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, Урмат Аманбаева депутат болгонго чейин Ош облустук Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы бухгалтери болуп иштеп туруп мыйзамсыз акча табуу максатында атайын топ түзгөнүн, анын карамагына аталган борбордун директору менен ошол эле дарыкананын башчысы жана башка бир топ адамдар киргенин жазды.

Гезит Аманбаеванын талабынын негизинде аталган борбордун медайымдары дарыканадан алынуучу кургак учукка каршы керектүү дарыларды жана дезинфекциялык каражаттарды “Б” ишканасы алып келип берет деген шылтоо менен бюджеттен бөлүнгөн акчаны ишкананын эсебине котортуп алып, ал акчаны Аманбаева түзгөн топ өз ара бөлүп алып турганын, мындай коррупциялык көрүнүш 2009-жылдан 2013-жылга чейин өмүр сүрүп келгенин, анын кесепетинен мамлекет 17 миллион 263 миң 500 сом зыян тартканын, бул кылмыштуу иш боюнча депутат Урмат Аманбаева бир канча жолу прокуратурга чакыртылганын, бирок келбей койгонун, азыр Аманбаева “Ош-Кардио” деген медициналык борбордо дарыланып жатканын, кылмыш иши прокуратуранын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилгенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG