Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

ЖККУнун "түстүү революцияга" чара көрүү ниети


Николай Бордюжа.
Николай Бордюжа.

Бүгүн баяныбыз орус тилдүү “Дело №...” гезитиндеги макалалардан болмокчу.

“Дело №...” гезити Равшан Жээнбеков башында турган кыргыз оппозиционерлери АКШга барганын жазып чыкты.

Аталган гезит биринчи эле макаласын “Равшан Жээнбеков жана анын командасы Вашингтондон эмне издеди?” деп аталып, АКШга барар алдында депутат Өмүрбек Абдырахманов “Чыныгы мусулмандар Мекеге барса, чыныгы демократтар Вашингтонго барат” деп айтканын, ошентип депутат Равшан Жээнбеков, “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” деп аталган жаштар кыймылынын мүчөсү М. Саматов, бейөкмөт уюмдун мүчөсү А. Султанбекова, ички иштер министринин мурдагы орун басары К. Кадыров, “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөлөрү А. Иминов менен У. Ботобеков жана башка кыргыз “зыяратчылары” “демократиянын Мекесинде” болгонун, Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, кыргыз демократтарынын Америкага сапары андан ары Түркияда уланарын жазып чыкты.

Ушул эле санга “АКШ эмне үчүн Өзбекстанды куралдандырып жатат” деген макала чыкты. Анда АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы, биздин оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Дэниел Розенблюм өз сөзүндө Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнө 328 брондолгон машинаны бекер берерин, Өзбекстанга курал-жарак берүү дүйнө жүзүндөгү жана ошол аймактагы демократия менен адам укуктарын урматтоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын айтканын маалымдады.

“Дело №...” гезитиндеги дагы бир макала "Жамааттык коопсуздук келишими уюму “түстүү революциялардын алдын алат” деп аталып, бул уюмдун башкатчысы Николай Бордюжанын айтымында, эгер ушул уюмга мүчө өлкөлөрдүн биринде конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүнү каалаган күч-аракеттер пайда болсо, анда ага каршы жооп кайтарыларын билдиргенин жазып чыкты.

Гезит Освенцимди бошотуунун 70 жылдыгына байланыштуу “Освенцимди советтик жоокерлер бошоткон, анын ичинде 126 кыргызстандык бар болчу” деген макаласын окурмандарга тартуулап, өлүм лагери аталган ошол тирукмуш жайдагы адамдардын элесин чагылдырган фотосүрөттөрдү кошо баскан.

Жумгалдын Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Надыр Бийсеев айылдашын атып өлтүргөнүн, өлгөн адам эки жолу соттолуп келгенин, ал ар дайым айылга тынчтык бербей жаңжал салып жүргөнүн, ошол күнү ал шаардан келери менен Бийсеевдин үйүнө барып сөгүнүп-сагынып, 5 миң сом беришин талап кыла баштаганын, ага дейре эле анын кылыгына тоюп бүткөн Надыр мылтык менен атып салганын, анан абакка камалганын, сурак учурунда Надыр Бийсеев “эгер мен аны атпаганда баары бир бир күнү ал мени өлтүрүп тынмак” деп айтканын, Бийсеевдин камалышына каршы болуп, Таш-Дөбөнүн миңдеген адамы аны колдоп чыкканын, айыл өкмөтү жакшы адам экенин, ал бул кызматына эки жолу шайланганын, Жумгал району боюнча мына ушул Таш-Дөбө айылында биринчилерден болуп аракечтикти тыйганын, башка дагы жакшы иштери менен үлгү болгонун билдиришкенин жазган басылма “эмне үчүн Кыргызстанда мыйзам иштебейт?” деген суроону койду.

Ушуга окшош дагы бир окуя Сокулуктун Конуш айылында болгонун, 43 жаштагы Нурлан Аманов ооруканага оор абалда түшүп, өзүнө келе албай жатып каза тапканын, көрсө ал айылга чаң салып, далайларды ур-токмокко алып келгенин, ооруканага түшөр күнү айылдын бир адамын, болгондо да эркек кишини зордуктап салганын, анан ага кыжыры келген Конуш айылынын жаалданган алты кишиси зөөкүрдү ташбараңга алып жиберишкенин, бул адам ага дейре далай жолу ичип алып мушташ чыгарып жүргөнүн, айылдын эли бир жылдын ичинде 18 жолу милицияга арыз менен кайрылышканын, бирок күч органдары бир да жолу көңүл буруп койбогондугун, бул өңдүү окуялар Кыргызстандын бардык жеринде кездешерин жазып чыкты.

Аталган гезит февраль айы суук болорун, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө сууктун күчү 22 градуска чейин төмөндөрүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG