Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Акаев: Кадр тандоодо ката кетиргем


Аскар Акаев
Аскар Акаев

Шайлоо жакындаган сайын чыкпай калган гезиттер кайрадан чыга баштады. Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары кечээ күнү маалымат жыйын өткөргөн мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын айткандарын жазып чыкты.

Мисалы, ошол жазылгандардын башкы темасын “ПолитКлиника” гезити “Коркутуулар болуп жатат, өлүм алдындагы кат жазып койдум” десе, “Асман плюс” гезити “Салянова партия түзүп, шайлоодо салгылашам дейт" деп, “Айат” гезити “Интриганы жөнөнөкөй кишилер эмес, саясатчылар жасайт” деп, “Азия ньюс” гезити “Президенттин эрктүү болбогондугу менин кызматымдан кетүүмө себеп болду” деп жазып чыгышты.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” деп аталган жаңы рубрика ачканын жар салды. Анда бул ыр Акаевдин учурунда жазылып, ал да жолду көрбөй жок болуп, Бакиевдин өзүнө окулуп, бирок жолду ал да көрбөй жок болуп... Ошондой падышаларга арналган менин ырым эле. Окуй кетели.

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт.

Мына ушул ырды мисалга тарткан “ПолитКлиника” гезити: “Биздин президентибиз Алмазбек Атамбаев жолду көргүсү келип, бирок айланасындагылар аны көрсөтпөй тосуп жаткан болсо, биз аны көрсөтөлү деп чечтик. Биз сизге колу жетпеген, сиздин чиновниктер отурган ар кайсы эшикти каккылап, арыз-муңун жеткире албай жаткан жарандардын сизге жазган каттарын жарыялап турмакчыбыз. Андыктан биздин гезитти такай окуңуз” деп жазып чыкты.

“Азия ньюс” гезити “Канжардын караанынан корккон бир туугандар” деген макала жарыялап, “Прокуратуранын кызматкери Канжардан жабыркадым” деп арызданып жүргөн Сактан Келдибаевдин Сагындык Келдибаев аттуу капчыгы калың бир тууган үкөсү барын, ал “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Алымбековдун бир тууган бажасы болорун белгилеп, “жакында “Республика” партиясындагы Бабанов баштаган 30 киши Минскиге Бакиевге барып келгендери чынбы? Алардын арасында дал ушул Сагындык Келдибаев да болгону ыраспы? Булар эмне үчүн шайлоо алдында “бакиевдерден бата” алууга аракет кылып жатышат? Андан да кызыгы, Калдар Баймуратов деген Курманбек Бакиевдин бир тууган жээни Бабановдун бир тууган жездеси экени ыраспы” деп суроо койду.

Экс-министр Өмүрбек Суваналиевдин “Азия ньюс” гезитиндеги көлөмдүү маеги “Атамбаев эркекче кызматын таштап, отставкага кетсин!” деген ат менен жарык көрдү. “Каттани” аты бар саясатчы генерал президент Атамбаевди катуу сынга алуу менен буюрса күч структураларынын башына келе турган ою барын, азыртан көп нерселерди топтоп, анализдеп жүргөнүн, бийлик алмашары менен алардын көбү жоопко тартыларын билдирди. Кабарчы ага “жазаланчулардын” башында кимдер турат?” деген суроосуна Өмүрбек Суваналвиев “Сап башында азыркынын “серый кардиналы” Икрамжан Илмиянов турарын, бирок тизме узун экенин билдирди.

Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов маек куруп, Нарында абал тынч экенин, эл өз турмушу менен жашап жатканын, Кара-Кечеге Мелис Турганбаев келип кеткенден кийин баягыдай криминалдар жоктугун, жума сайын ар бир районду кыдырып, эл аралап, облустун деңгээлиндеги колдон келе турган иштерди чечип жатканын, өткөн митингде болгону 60 адам чогулуп көйгөйлөрүн айтканын, алтымыш адамдын жарымы байкоочулар, дагы бир тобу күч органдарынын кишилери, журналисттер болушканын айтты.

Республиканын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевдин “Дүйнөлүк акын - Омор Султанов” аттуу макаласын да ушул гезиттен окуйсуздар. Нуркан ага “дүйнөлүк прозада Чыңгыз Айтматов болсо, дүйнөлүк поэзияда Омор Султанов” экенин баса белгилеп, ошондуктан ага “Эл баатыры” деген наам эбак эле берилсе болмогун айтып, бир катар обондуу ырларын элдин эсине салды.

“Асман плюс” гезити “Бабановго ат тартуулаган түрк, Текебаевге үй куруп берип жатабы?” маекти жарыялады. Өмүрү өз кемчилигин моюнуна албай интервью берип келаткан тунгуч президент Аскар Акаев интервью берип, анысын “Кадр тандоодо кемчилик кетирдим” деп атап, бир катар окурмандардын суроолоруна жооп берди.

“Айат” гезити бир катар коомдук уюмдардын президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусун жарыялады. Кайрылуу беш беренеден турат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG