Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

"Көк кит" кимдин долбоору?


Бүгүн “Багыт KG”, “Майдан, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Багыт” гезити иштин көзүн билген, кайсыл ишке барса да жакшы иштеген Орозбек Нусубалиев тууралуу макала жарыялады. Аны “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директорлугунан аталган мекеменин Байкоочулар кеңеши мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алышкан. Мындай чечимден улам гезит автору жакшы иштеп жаткан кадрларды ушинтип эле бошото берсе боло береби деп суроо коёт. Макала автору эгер Ак үй адилеттүү чечим кабыл алса, Орозбек Нусубалиев ордунда калып да калышы мүмкүн деген да кеп-сөз жүрүп жатканын кабарлады.

“Бабанов өлкөнү эмес, өзүн гана ойлойт” деген макала да ушул гезитте.

Баратбай Аракеев макаласын “Манас” сенин дилиңде бийлесин” деп атады. Ушул эле автор дагы бир макаласын “Милийса чын эле коргогондо” деп атап, эл ишенген бул күч органын ичинен иритип жаткан, билими тайкы, чоң муштум милийсалар тууралуу кеп кылды. Ушул эле гезитте Жети-Өгүз жана Тоң районунун тургундарынын кайрылуу каты да басылды.

“Багыт” гезитине киноактер Абдыкалык Акматовго арналган макаласын Нуркемел Исаев “Актердун арзуусу” деген ат менен жарыяласа, Нурсия Жантаеванын президент Атамбаевге жазган каты “Кырдрам театрындагы коррупцияны ким тыят?” деген ат менен жарыяланды. Жазуучу Эркалы Өскөналиевдин “Куйручук” романынан үзүндү басылууда. Сагын Ишеновдун “Жүкөш мерген баяны”, Жумгалдагы хоккей мелдеши жана акын Турганбек Жунушалиевдин жаңы ырлары да ушул гезитте.

“Майдан” гезити “Бектур Асанов 15, Кубаныч Кадыров 16, Дастан Сарыгулов 12, Эрнест Карыбеков 22 жылга соттолобу?” деген ат менен суроолуу макала тартуулады. Бозулан Райымбековдун макаласы “Адалсынган Атамбаевдин абийирин Текебаев төгүп салды” деп аталып, анда Бакиевге тиешелүү мүлктөрдүн баарын президентке жана анын айланасындагыларга байланыштырылса, Ысмайыл Бороновдун макаласы “Мамлекетке каршы саясый “Көк китти” ким долбоорлоп жатат?” деп суроо коюп, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Дача айылындагы учак кырсыгынан да саясат жасап, жүктү Кыргызстандагы бирөөнүкү экен, андан миллиондогон доллар таап жүрүптүр деген арам ою таш капканын, анын бийликти элге жек көргөзөм деген саясый “Көк кит” оюнунун 1-сериясы ишке ашпай калганын жазып чыкты.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Атамбаев азыркы кээ бир саясатчыларга караганда эң аз ичкен адам” деген ат менен маек куруп, анысын: “Спикердин отставкасын талап кылуу парламенттеги эле шоу болуп калды” деп, “Аалы Карашев интригаларга аралашкан жок” деп, “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө президенттен кечирим суроо ою жок” деп, “Чынында президенттин да, Текебаевдин да айткандарынын 80-90 пайызы жалган” деп, “Келдибековдун аялы менин карындашым” деп, “Мегаком” боюнча Текебаев, Шыкмаматов, Салянованын эч кандай тишеси жок” деп, “Салянованын лицензия бергени канчалык деңгээлде кылмыш же кылмыш эместигин тергөөчүлөр аныктайт” деп, “Камакка алына турган кылмыш жасаган жок” деп, “Кудай жалгап Отунбаева менен Атамбаев бийликтин алмашып турушун камсыз кылышты” деп, “Жок дегенде кан төгүлгөн жерде оппоненттерин каралаганды токтотуш керек” деп, “Атамбаев ичимдикти анча көтөрө албайт” деп майда темаларга бөлүп-бөлүп жарыялады.

“Ак калпак” саясый партиясынын лидери Улукбек Маматаевдин “Кыргызстандын тагдырын чечүүчү Путин же Трамп эмес, же сырттан колдоо издеген саясатчылар – “маңкурт” деген макаласы тартууланды. Жазуучу Орозбек Бөрүбаевдин айтылуу Асанкалый Керимбаев жөнүндөгү баяны “Асанкалыйдын авазы” деп аталды. Жазуучу Мурзапар Үсөндүн “Манас эпосу: Кошой баатыр - даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин өлбөс-өчпөс өрнөгү” деген макаласы жарыялана баштады.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын курулуп жаткан жаңы цемент заводу электр энергиясын бөлүштүрүүчү, электр энергиясына болгон көз карандысыздыкты алып келген кубаттуу “Датка Кемин” энергообъектисин талкалап жок кыла турганын айтып коңгуроо какты.

Иштин чоо-жайын баяндаган “Кыргызстандын Улуттук энергетикалык түйүндөрүнүн” генералдык директорунун биринчи орунбасары Алексей Бородиндин маегин сунуш кылды. Маегинде ал Кытай тарап куруп жаткан заводдон чыккан цементтин чаңы, зыяндуу газы абага тарап, андан пайда болгон кислота электр энергиясын өткөргүч кабелдер менен металл конструкцияларга жабышып, дат кылып, жеп, бузуп жок кыларын, бул заводду “Датка Кеминден” алыс көчүрбөсө, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна кайрадан зыян келерин фактылар менен жазып чыкты.

“Вечерний Бишкектин” бүгүнкү санына мыкты хирургдардын бири, №3 Балдар ооруканасынын башкы врачы Талант Өмүрбековдун “Ич оору” деген аталыштагы маеги да бар.

XS
SM
MD
LG