Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Бир чынардын кош бутагы


14-январда жарык көргөн гезиттер өзгөчө көңүлдү Ош шаар мэрин шайлоого карата ой-пикирлерге бурду.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин деректири, профессор Накен Касиевдин “Бай түп чынардын кош бутагы” деген макаласын жарыялады. Макалада белгилүү коомдук ишмердин кыргыз жана өзбек элдеринин көптөгөн кылымдарга созулган достугунун тарыхына арналган далилдүү ойлору камтылган. 20-кылымдын башында Анжиянда Дукча Ишандын башчылыгы астында орус падышачылыгынын эзүүсүнө жана куугунтугуна каршы күрөштүн жалыны тутанган кезде кыргыздар менен өзбектер колдорун кармашып алып бирге турган учурун, бирге согушуп, сүргүндө бирге азап чегип, Сибирдин катаал суугунда бирге ырдап, бирге обон созгонун баяндап берген.

“Кыргыз туусу” гезити жазуучу Гыламидин Абдрахмановдун “Кыргыз качан биригет?” деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Автор бүтүндөй түрк тилдүү элдер, анын ичинен кыргыздар байыркы кыпчак элинин бутагы экендигин моюндай албаса, кыргыз дал ошол улуу кыпчак элинин эң жакын мураскери экендигин мындан ары да билгиси келбесе, кыргыз тарыхы таптакыр эле маани-маңызына, чындыгына чыгалбай тургандыгына көзү жеткендигин жазды.

“Фабула” гезити эртең мэр болом дегендердин “мелдеши” башталарын жар салган макалаларды тартуулады.

Баса “Фабула” гезитинен мындан ары айтылуу журналист Баратбай Аракеевдин макалаларын окубайсыздар. Баратбай Аракеев “Фабула” гезитинен кетти. Анткени ал өзүнчө гезит чыгармай болду.

“Жаңы сенсация” деген аталыш менен “Текебаев “түрмө-гейт” тасмасына тартылганбы?” деген макала басылды. Макалада Өмүрбек Текебаев атагынан чатагы көп Абдулла Юсупов жаткан түрмөгө бекеринен кирбегенин, анын Юсупов менен кобурашып олтурганын жашыруун камерага тартып алгандар бар экенин, Текебаев буга дейре “Мен Юсуповду көргөн эмесмин, такыр тааныбайм” деп айтып келгенин белгилеп, эми ошол тасма коомчулукка чыкса дагы бир “бомба” жарылганы калды окшойт деген маалыматты жар салды.

Гезиттеги дагы бир көңүл бура турган макалалардын топтому өлкө муфтиятынын айланасындагы акыркы окуялар жөнүндө болду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Абдулатиф Жумабаевдин маегин окуп, “Селдеңерге чок түштү го” деген рубриканын алдында “Түшкө чейин имам, түштөн кийин Иванбы?” деген ат менен журналист Эрнис Балбаковдун макаласы жарыяланды. Ушул эле санда Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушевдин маеги бар.

“Мигранттарды колдоо” борборунун башчысы Чолпон Осмонова “Кыргызстанды депутаттар эмес, мигранттар өнүктүрүп жатат” деген ат менен интервью берди.

“Алиби” гезити жаңы санындагы биринчи макаласын кыргыз-тажик чегарасындагы чатакка багыштады.

“Эки суроо, жети жооп” деген баш теманын алдындагы ой-пикирлердин топтомунун бири чыр-чатактуу муфтийдин тегерегиндеги маселеге арналса, экинчиси эртеңки мэрлердин “мелдешине” арналды.

Саясат талдоочу Марс Сариев: Менин оюмча мэрге экөө тең татыктуу эмес. Мырзакматов өз саясаты менен Кыргызстанды сепаратизмге түртүп жатат. Бийликке баш ийбегени анын чоң кемчилиги. Ал эми Айтмамат Кадырбаевди электорат колдойбу, ушул чоң суроо. Анын үстүнө бул адамдын өмүр баяны да купулга толорлук эмес. Анткени ал Бакиевдин кишиси болчу,-деп;
Марат Казакпаев:- Оштун мэри шаар кеңеши тарабынан шайланат. Бул шайлоодо Айтмамат Кадырбаев утары бышык. Эгер мэрди шаардын эли шайласа анда Мырзакматов жеңмек,-деп;

Бакыт Бакетаев: Менин пикиримде Мелис Мырзакматов татыктуу. Анткени бул кишинин Ош шаарына жасаган иштерин көп угуп келдим. Ал эми Айтмамат Кадырбаев дегенди тааныбайт экемин,-деп;

Мирослав Ниязов: Бул маселе оңой чечилбейт. Кырдаал оор. Анткени 3 жыл мурда эле Ошто коогалаң болуп, кан төгүлдү. Талаш катуу. Мырзакматовдун кайра мэр болушун бийлик каалабай тургансыйт. Бардыгын кылдаттык менен ойлонуп чечиш керек. Болбосо бул шайлоо кайрадан туруктуулукка таасирин тийгизиши мүмкүн, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG