Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Сырдуу өлүмгө депутаттын тиешеси барбы?


“Фабула” гезити сыртынан соттолуп качып жүргөн Михаил Надел Венгриянын Будапешт шаарында камакка алынганын кабарлады.

Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити журналист Мирлан Дүйшөнбаевдин иликтөөсү боюнча жазылган макаланы окурмандарга тартуу кылды. Макала “Экстрасенс Кубанычбек Мурзаевди сүзгөн “Мерседестин” ичинде депутат Чолпон Султанбекова болгон, бирок...” деген ат менен жарык көрдү. Депутат Чолпон Султанбекова бул окуянын ага тиешеси бар деген жери кандай болгонун айтып берген.

Урмат Барктабасовдун “Абакта Бакиевдин адамдары менен олтургам” деген интервьюсу жарыяланды. Гезиттин дагы бир макаласы “Мырзакматов саясаттагы балалык курактан эми чыгып атабы?” деп аталып, мурдагы мэрдин саясаттагы ордун талдоого алды.

Руслан Байдылдаевдин макаласы “Азимбек менен Равшан" тандеминин сыры” деп аталып, эзели клейлесе да жабышпаган бул эки саясатчынын бири бийликти кетирүү менен акча жасагысы келсе, экинчиси өзүнүн өткөндөгүсүн “жууп”, кара башын кантип сактап калуунун амалын кылууда деп жазды.

“Алиби” гезити Кыргызстанда оор кылмыш кылгандарга өлүм жазасын киргизүү зарыл экендигин депутат Мамытбай Салымбеков парламенттин жыйынында сунуш кылганын маалымдап, өлүм жазасы кирсе, бүгүн чегинен чыгып кеткен оор кылмыштар азаймагын бир катар далилдер менен баяндады.

Ушул эле санга депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “500 доллар айлык алган министр уурдабай коймок беле?” деген маеги басылды. Өмүрбек депутат демократиялык мамлекеттерде коррупция менен Кыргызстандагыдай күрөшпөстүгүн, биринчиден, бийликти жана финансыны борбордон четтетип, чиновниктер уурдай албагандай система түзүү керектигин, экинчиден, мыктынын мыктысы гана кызматка келиши керектигин, үчүнчүдөн, муну массалык маалымдоо каражаттары аркылуу элге жеткирүүнү, эгер ушундан кийин гана уурдаса камаш керек деген сунуштарын берди.
XS
SM
MD
LG