Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Теңир-Тоодогу сакура жана жаз


Бүгүн “Тил маданияты” гезити гана жарыкка чыккандыктан баяндамабыз ушул гезиттеги жаңылыктардан болмокчу.

Аялзатын, Энелерди келе жаткан Жаз майрамы менен биринчилерден болуп куттуктаган гезит аялзатынын жашоо-турмушубуздагы, коомдогу, дүйнөдөгү ыйык, кымбат орду жөнүндө сөз кылды.

Чынында эле Аял назик, Аял сулуу, Аял алсыз, бирок Аял алсыз болгон менен дүйнөдө Кудайдан кийинки кудуретүү күчтүү Эне гана болорун, Энеден кымбат, Энеден күчтүү эч бир күч жоктугун, керек болсо Эне деген ажалдан да күчтүү экендигин ким тана алат?

Гезиттин куттуктоосуна биз да кошулуп, энелер менен эжелерибизди, кыздарыбыз менен келиндерибизди, деги эле Кыргызстандын бүткүл Аялзатын эки күндөн кийин гүл көтөрүп кирип келе турган Жаз майрамы менен “Азаттыктын” коллективинин атынан чын жүрөктөн куттуктап кетмекчибиз.

Эми гезитке өтөлү. “Тил маданияты” гезити 1-март күнү КТРКнын концерттик залында Аялдардын 8-март майрамына арналган поэзия кечеси болуп, аталган кече “Роза Отунбаеванын демилгеси” эларалык коомдук фонду тарабынан уюштурулганын, экс-президенттин поэзияны жандандырууга, адамдардын жандүйнөсүндөгү жакшылыктарды даңазалоого арналган поэзия кечесин өткөрүүнү салтка айлантып баратканын маалымдады.

Гезит ошону менен бирге эле бир кызык көрүнүштү окурмандарга тартуулады. Көрсө Мексиканын парламенти ата-энелерге балдарды кемсинткен, кийин курубулары өмүр бою шылдыңдай турган аттарды коюуга тыюу салган мыйзам чыгарганын, мындай жек көрүндү ысымдарга Терминатор, Гарри Поттер, Робокоп, Леди Ди, Жеймс Бонд, Гитлер өңдүү 61 ысым киргенин жазып чыкты.
Акыркы кездери ата-энеси асан чакырып, жакшынакай ой-тилек менен, адам болгойле деп койгон алданемедей аттарын түшүнүксүз араб аттары менен алмаштырып жаткан маңкурт кыргыздар да чыгып жаткандыктан мындай мыйзамдар биз үчүн да керекпи деген ойду айта кетели.

Айгерим Макенованын макаласы кыргыз тилин Жапониядан өз алдынча үйрөнүп келип, бүгүн Нарында жашап, облустук билим берүү борборунда жапон тилинен сабак берип жаткан жапон кызы Маедо Кикуко жөнүндө жазылган экен.

Жапон кызы Жапонияда чакырылган жолугушууга кечигип келүү деген жоктугун, кечигип келүү маданиятсыздыкка, чакырган жерди сыйлабагандыкка жатарын билдирсе, кыргыздар үчүн кечигүү көнүмүш адат экенин белгилеген. Жапон кызына Нарындын кооз жаратылышы, элинин меймандостугу менен ачык-айрымдыгы, жөнөкөйлүгү, айрыкча баланын тушоосун кесүү салты аябай жакканын, тушоо кескенде кыргыздардын чоң-кичинесине карабай чуркаганы, бул салтта байыркы кыргыздардын философиялык улуу касиеттери камтылганын байкаганын айткан. Жапондор кийизден жасалган буюмдарды өзгөчө кастарлап турарын, Нарындан кийизден жасалган ар кандай буюмдарды өз көзү менен көргөнүн, азыр комуз үйрөнүп жатканын, кыргыздардын өңү-түсү, кебете-кешпири жапондор менен окшош болгондуктан өз жеринде жүргөндөй эле жашап жүргөнүн кошумчалады Нарындагы жапон кызы.

“Тил маданияты” гезити ошону менен бирге эле жакында Ички иштер министрлигинде президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов жолугушуу өткөргөнүн, жолугушууга Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Курманбек Токтоналиев, “Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов катышып, баары Ички иштер министрлигинин төш белгиси менен сыйланышканын, мындай сыйга алар кыргыз тилине сиңирген зор эмгектери үчүн татыктуу болгонун, жолугушууда кыргыз тилинин көйгөйлүү маселелери жөнүндө да кеп болгонун гезиттин кабарчысы Жылдыз Жускембаева макаласында жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG