Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Сатыбалдиев соодалашып жатабы?


“Азия ньюс” гезити сөз эркиндигин депутаттар ооздуктагысы келип жатканын жазып чыкты.

“Баягы, баягы Асаба” гезити журналист акын Олжобай Шакирдин жаңы ырларын жарыялады. Кымбат Турдубекованын макаласы “Сейрек талант Бакен Кыдыкееваны ким соолутту?” деген макаланы окурмандарга тартуулап, эмгек сиңирген артист Калича Сейдалиева менен эл артисти Замирбек Сооронбаевдин ойлоруна орун берди. ”Асаба” Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбековдун балалык кези менен бүгүнкү күнгө чейинки баскан жолун фотосүрөттөрү менен бир бетке толтура басып чыкты.

Манасчы Самат Көчөрбаевдин “Аян болбой баян болбойт” деген, модель Назира Бактыбекованын “Бирде жылмайып, бирде кайгырып тургансып чыкканга туура келет” деген маектери, профессионал бийчи Зарылбек Молдобакировдун кыргыздар бүгүн унутуп бараткан аян бийи менен талма бийин кайрадан таап, кантип бий кылып атканы тууралуу айтып бергендери тартууланды.

“Асман плюс” гезити депутат Анвар Артыковдун “Сатыбалдиев кол топтогондор менен соодалашып жатат” деп интервью берип, өкмөт башчысын отставкага айдоо боюнча “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары кол топтоп жатканын, өкмөттө бийлик, күч болгондуктан балким коркутуулар да болуп жатканын, мисалы “Республика” фракциясынын бир топ депутаттарына иш козголуптур деп укканын, Анвар Артыковдун ою боюнча өкмөт келгенден бери жарытылуу иш кылбаганын, коррупция күчөгөнүн, кызматка өзүнүн туугандарын, досторун алып келген учурлары барын айтып нааразы болду.

“Азия ньюс” гезити “Кой терисин жамынып” деген рубриканын алдында “Журналисттерди каматабыз, соттотобуз” деп жулунгандар” аттуу макаласын “Сөз эркиндигин муунтууга “макул” деп добуш бергендердин тизмеси” деген ат менен депутаттардын аты-жөнүн кошо жарыя кылды. Макаланын аягында: “Адатта “атамекенчилер” менен КСДПчылар элдин алдында “атажуртчуларды” жамандап, өздөрүн аларга караганда демократ, эркиндикти баалагандар катары көрсөткөндү жакшы көрөрүн, бирок булардын деле “атажуртчулардан” айырмасы жоктугун, ошентип 78 депутат “макул” деп добуш берсе, каршы деп 5 гана депутат же Бакыт Жетигенов, Өмүрбек Абдырахманов, Абдыманап Кутушев, Данияр Тербишалыиев, Равшан Жээнбеков добуш бергенин жазып чыкты.

Акаев заманынан бери эле үйгө жетпей, бир бөлмө жатаканада жашап келаткан таланттуу актер, кинодо да, сахнада да өлбөй турган образдарды жаратып келаткан Эл артисти Чоро Думанаев ушул күнгө дейре бир бөлмө жатаканада жашап жүргөнүн айтып, чыгармачылык жандүйнөсүн жая салып, кайгырып-капа болгон кездери театрга келип, артисттер менен өткөн-кеткен жакшы кездерин эстеп чер жазып аларын, дагы далай сырларын бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезитине төгүп берди.

“Айат” гезити Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогуловдун интервьюсун окурмандарга тартуулады. Элге жакында күлкүгө бөлөгөнү жатканын айтылуу куудул Күмөндөр Абыловдун маегинен окусаңар болот. Белгилүү ырчы Дилшат Кангелдиеванын чакан маеги да ушул санда.

“Мекен инфо” гезити бул санын олимпиада чемпиону, атактуу спортсмен Каныбек Осмоналиевдин маеги менен баштады.

“Кулиев көчөсү - мончо менен сауналардын ордосу” деген макалада ушул аталган жер сойкулуктун ордосуна айланганын кейиш менен кеп кылды.

Акылбек Мамадалиевдин Москвадан жазган макаласы “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген ат менен жарык көрдү. Макалада мигранттын турмушу тууралуу сөз болот.

Буга улай эле тарыхчы мугалим Назгүл Жумакеева өткөн жылдын башында Америкага кетип, азыркы күндө Нью-Йорк шаарынын бир бала бакчасында тарбиячы болуп иштеп жатканын, бирок үй-бүлөсү, күйөөсү, балдары Кыргызстанда калганын, алар менен күн сайын интернет аркылуу сүйлөшүп турарын, кыргыз эли менен кыргыз жеринин кадыры ушунтип бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөндө жакшы билинерин баяндап берди.
XS
SM
MD
LG