Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КМШ тагдыры: кайсы жолду тандайбыз?


Украина, Донецк. Орусиялык күчтөр ээлеп алган өкмөттүк имарат. 7-апрель, 2014-жыл.
Украина, Донецк. Орусиялык күчтөр ээлеп алган өкмөттүк имарат. 7-апрель, 2014-жыл.

Орус тилдүү "Общественный рейтинг" гезити 17-апрелде жарык көргөн санында москвалык политолог Алексей Власовдун макаласын басты.

Орус тилдүү “Общественный рейтинг” гезити бул санын Кубатбек Байболовдун интервьюсу менен ачты.

Москвалык политолог Алексей Власов макаласын “Ар тараптуу саясат да акырына чыгып баратат” деп атап, дүйнөлүк геосаясый абалды талдоого алды. Өз түтүнүн өз алдынча булатып чыккан постсоветтик республикалар 23 жылдык тарыхында бардык өлкөлөр менен мамиле түзүүгө, көп тараптуу саясат жүргүзүүгө кылган аракеттеринин да күнү бүтүп баратканын, айрыкча Украинанын учурдагы абалы мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн алдына: “мындан ары кайсыл жол менен кетүү керек?” деген суроону койгонун, ошентип, бул өлкөлөр бүгүн кимди тандап алуу маселесин ар кимиси өзү чечерин, көп өлкөлөр менен мамиле түзөм деген көп тараптуу саясаттын да бүтчү күнү жакындап баратканын эске салды.

“Азия ньюс” гезитине курган маегин “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Акчасы жок эле бийликти кубалап жиберүүгө күчүм жетет” деп атап, Атамбаев менен да, Текебаев менен да катышы жоктугун, бирок жеке мамилелери барын, өткөн митингди Атамбаевди кетирүү үчүн уюштурбаганын белгилеп: “Анын үстүнө президенттерди эл кетирип жүрөт, бул иш оппозициянын колунан келбейт, эгер эл: “Биз бийликтен тажадык, буларды кетириш керек” десе, анда билекти түрө чыгабыз да ошондо кетиребиз” деп айтты.

Ушул эле санда депутат Жылдыз Жолдошеванын интервьюсу “Оторбаевди өкмөт башына алып баруу үчүн оюн жасашты” деп аталды.

“Атбашылык Нургүл 9 айлык наристени көгала кылып сабап, учтуу темир менен сайгылап салыптыр” деген макала да ушул гезитке жарык көрдү.

“Учур” гезити депутат Дастан Жумабековдун маегин “Кыргызстандагы айыл-райондордун санын так билбеген Оторбаев реформа жүргүзүп, иш алып бара алабы?” деп атаса, депутат Каныбек Иманалиевдин маеги “Элибиз бай өлкөнүн кедей калкына айланды” деп аталды. Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө көптөгөн олуттуу ойлорду ортого салды.

“Мекен инфо” гезитиндеги макаласында Алина Абдрасулова кыргыз парламенти 22 жашка чейинки кыздарга ата-энесинин уруксаты жок чет өлкөгө чыгууга тыюу салган токтом кабыл алганын, аны депутат Ыргал Кадыралиева сунуш кылганын, Ыргал кыз: “Кыргыз кыздарынын чет жакта укугу тебеленип, айрымдарынын тагдырына балта чабылууда. Буга Кыргызстандагы агенттиктер күнөөлүү. Аларды көзөмөлдөгөн эчким жок” деп качантан бери какшап келатканын далилге тартты.

“Параграф” гезити Сулайман тоо - касиеттүү тоо”, “Кошой коргон баяны” деген макалаларга окурман көңүлүн бурду.

“Асман плюс” гезити жаңы санын “Токтогулдагы шайлоонун “былыгы менен чылыгы” деген макала менен ачты.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев ушул гезиттеги маегин “Жылдык маалыматымда чиновниктердин май басып калган көздөрүн ачайын дедим” деп атап, Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүнө жетпей жүргөндөр өтө көп экенин, алтургай жөнөкөй иштер менен 10 жылдап соттошуп жүргөндөр барын, соттор коррупциялашып кеткенин, маселен, акыйкатчыга Юсупов деген адам кайрылганын, анын кызы Бишкектеги тикмечилик ишканасында иштеп жатып колун майып кылып алганын, анан компенсация алуу боюнча райондук, шаардык соттордон утса да Жогорку Соттон утулуп калганын, анткени ишкананын жетекчиси Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, КСДП партиясынын мүчөсү Олег аттуу жаран экендигин, демек, Жогорку Сот колунда акчасы, артында таянган бийлиги бар ушундай адамдарды колдоп, колунда жокторду кордоп келатканын өкүнүч менен кеп кылды.

“Баягы Асаба” гезитиндеги Салима Жакшылык кызынын макаласы “Өчпөс из калтырган Насыр Давлесов” деп аталып, композитордун чыгармачылык жолун баяндады. Ал тууралуу музыканттардын айткан ойлоруна орун берди.

Белгилүү обончу Кадыралы Артыковдун маеги “Атаң барбы, апаң барбы, чакырып койчу танцыга” деген эми эмне деген ыр?” деген ат менен жарык көрдү.

Ушуга улай эле күйөөгө чыгып, Америкада жашап жаткан белгилүү ырчы кыз Каныкейдин кызыктуу маеги да “Баягы Асабанын” азыркы санында.
XS
SM
MD
LG