Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Салянова президент болобу?


Аида Салянова.
Аида Салянова.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын Баратбай Аракеевдин “Он миң жылда келчү тозокту Талгарбеков баштаган” деген макаласы менен ачып, бул “реформатордун” бүтүн турган чарбаларды кантип бүлүндүргөнүн баяндады.

"Фабула" гезитинде өткөн жылдын күзүнөн баштап абакта жаткан Акматбек Келдибековду анын парламенттеги кесиптештери актап чыгуунун миң түркүн айла-амалдарын жасап жатканын, жакында Келдибековдун “келемиштик иштерин” кенен айтып бермекчи болгон Генпрокурор Аида Салянованы Надира Нарматова, Жылдызкан Жолдошева, Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаков өңдүүлөр тим эле “жеп” жибере жаздаганын, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштерди жасаган адамды жөнү жок коргой берген бул депутаттар мамлекеттик бийликтин эң бийик деген бир салаасын аш баса турган ашканага теңеп: ”өзүбүздүн ички кухнябызга кийлигишпесин!” деп силкинип турганын белгилеп, аларды адамдык акыл-эске, баш менен ойлонууга чакырып “Эгер булар каалагандай болсо анда мамлекеттин, прокуратура, сот деген органдардын эмне кереги бар эле?” деп суроо койду. Баратбай Аракеев кийинки президенттикке ат салыша тургандардын катарына Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Эмил Каптагаев, Тайыр Сарпашев, Аалы Карашев, Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бабанов, Карганбек Самаков, Бакыт Төрөбаев, Канат Муратбековдордун аттарын атап, тизмени түзүп атканда аялзатынан жалгыз Аида Саляновадан башка ак жоолукчан бирин да тизмеге кошо албай койгонун, кыйын кырдаалда мамлекеттин башында турган Роза Отунбаеванын татыктуу ишин ушул Аида гана улантып кете тургандыгын, анын эркектерден да бекем эрки, кайраты, туруктуу мүнөзү ушундай жакшы тилекти айттырып жатканын жазды.

Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов Нурлан Турсункуловду 15 жылга кесүү тууралуу чечим адилетсиз чыкты деп интервью берди.

Улуу Токтогул ач-жылаңач, арып-азып Сибирдеги сүргүндөн качып келатып, казактан кыргыз жергесине өтүп, алгач Таластын Кара-Чоку деген жерин жердеп турган ырыс-кешиги мол, ыйманы төгүлгөн Кудабайдын Асаны деген мал-жандуу адамдыкына келип жеткенин, Асан Токтогулду ардактап тосуп алып, эки жума багып, Кетмен-Төбөгө аттап-тондоп узатканын мына ушул жакшы адам Асандын небереси Зарлык Асановдун “Токтогулдун батасы” деген эскерүү баянынан окуп ыраазы болсоңуздар болот.

“Алиби” гезити “Кудайберген” базарындагы сатуучулар ошол базардын ээси Эльвира Сурабалдиева сатуучулардын контейнерлери турган жердин салык акысын 3500дөн 7 миң сомго көтөргөнүн белгилеп, ушул маселени талдоого алган Наргиза Козубаеванын макаласын жарыялады.

Ысык-Көлдүн губернатору Эмил Каптагаев "Мен ушул акыйкатчымын деп жүргөн пенде жөнүндө таптакыр кеп кылгым келбейт" деп, Сарууну саясатка айлантабыз деген саясий шылуундардын шыкагы менен айылдын жаштары эле кыйналып, азыр мыйзам алдында жоопкер болуп турушканын, ал эми аларды түрткүлөп, ар кандай провокация уюштургандар эч нерсе болбой эле жүрүшкөнүн, азыр көл эли эч кандай ыр-чырсыз эле жашап жатканын, жакында жыйырмадан ашуун ар кайсы теле, радио, гезит журналисттери үч күн көл аймагында болуп, кандай жакшы иштер жасалып жатканын, кандай кемчиликтери барын өз көздөрү менен көрүп кайтканын, эң башкысы эл-жер тынч, жазгы талаа жумуштары жүрүп жатканын кеп кылды.

Геосаясат боюнча кеп салган саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев Путин жасагандай эрдикти кыргыздар жасай албай турганын, өлкөнүн өсүшүн көралбагандар “Манас” аэропортунун 51 процентин саттырбай коюшканын, баары бир Кытайга караганда орустардын пайдасы чоңдугун, Россиянын башка дагы артыкчылыктарын мисалга тартты.

“Кыргыз Туусу” гезити бүгүн кагазды аябастан 32 бет менен жарык көрдү. Гезит май айы кирип келгенин, эми мындан ары майрамдардын күнү тууй турганын эске салып “Эмгек кайнап, береке жайнап турсун!” деп тилек кылды. Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Шайлоо, мамлекеттик тил, экөө тең маанилүү” деп аталды.

Өткөн гезиттин тогуз бети менен толтура чыккан Чоюн алп Өмүралынын мамлекеттин маңызы жөнүндөгү долбоорунун уландысы дагы тогуз бетке толтура басылып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезитинин баяндамачысы, белгилүү акын кыздарыбыздын бири Жыпар Исабаеванын бир бет жаңы ырлары ырды сүйгөн окурмандарга арналды.
XS
SM
MD
LG