Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Бир мамлекетке жүз дин көптүк кылат


Сирияга Борбор Азиядан барган согушчандар.
Сирияга Борбор Азиядан барган согушчандар.

Саясат таануу илиминин кандидаты Бакыт Орунбеков түрдүү диний агымдар, жалган ишенимдер Кыргызстандын элин бөлүп-жарып келатканын айтып “Учур” гезитине интервью берди.

Бүгүнкү санын “Улуу Жеңиштин 70-жазы” деген баштема аркылуу кыргызстандыктарды эртеңки жеңиш майрамы менен куттуктаган “Айат” гезити “Чоң маселени чечүүгө белсенген Карганбек Самаков өкмөткө эки ай убакыт берди” деген макаланы жарыялады. Макалада депутат бүгүн жол салгандан дагы тезирээк колго ала турган өтө зарыл көйгөйлөр барын, анын эң башкысы канча жылдардан бери үй-жайсыз жүргөн кыргыздардын үй маселесин чечүү программасын тезинен колго алуу керектигин айтып, өкмөттүн алдына маселе койгондугун баяндады.

Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кемел Акулуевдин эскерүү маеги да ушул санда.

“Баягы, баягы Асаба” гезити “Массалык маалымат каражаттарына каршы мыйзам жакшылыкка алып келбейт” деген ат менен акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин маегине окурмандардын көңүлүн бурду. Акыйкатчы ушу тапта журналисттерди уйгу-туйгуга салып аткан мыйзам сөз эркиндигин ооздуктаганы жаткан мыйзам болуп саналарын, демек бул мыйзамга кол койбосун суранып президентке кайрыларын, эгер ага да болбой эле колун коюп койсо Конституциялык палатага кайрыла тургандыгын айтты. Ал ошондой эле Акыйкатчы институтуна чет өлкөдөн акча бөлүнүп турат экен деген сөздөр ушак экенин, андай сөздөрдү анын ишмердүүлүгүн көрө албагандар таратып келатканын, Аманбаев акыйкатчы катары ишин так аткарып жатканын кошумчалады.

Мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров ушул эле гезитке “Арак ичкен жерден акча качат...” деп интервью берди. Бирок ал экономикалык маселелерге байланыштуу ойлорун ортого салды. Аягында акча маселесине токтолуп, акча деген да адамдар сыяктуу эле тынчтыкты жакшы көрөрүн, акчанын баркын билбеген адамга акча токтобой тургандыгын, кыргыз акчанын кадырын түшүнгөндө гана өлкөдө тынчтык болуп, экономика өсүп-өнүгөрүн, акчаны доллар менен кармаган жакшы болорун сөз кылды.

“Азия ньюс” гезити бул санын “Дордой” базары жабылуу коркунучунда” деген баштема менен ачып, анын негизги себеби “Дордой” базарындагы товарлардын жарымынан көбүн сатып алып келген Казакстан тарап жакындан бери Кыргызстандан товар киргизүүгө чектөө киргизип койгонун, проблема ушуга байланыштуу болуп жатканын маалымдады. Маселен бул сыяктуу чоң базарды Бажы биримдигине кирүү менен гана сактап калса болорун, муну базардын негиздөөчүсү, айтылуу ишкер Аскар Салымбеков өзү да ырастап жатканын белгилесе, ошол эле учурда Салымбековдун бул оюна караманча каршы болгон депутат Өмүрбек Абдрахманов Бажы биримдигине кирсек, “Дордой” өңдүү чоң базарлар жок болуп кетет деп айтып жатканын жазып чыкты.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” деп аталган кыймылдын өкүлү Аида Алымкулова “Бажы биримдигине кирүү Кыргызстанды 5-10 жылдан кийин эгемендүү өлкө катары жок кылып салышы мүмкүн” деп айтса, саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев Бажы биримдигине кирүү жолу Кыргызстан үчүн эң эле туура жол болорун, өлкөнүн өнүгүшүнө мындан башка мүмкүнчүлүк жоктугун, канча жылдардан бери жогорку билими барлардын 80 проценти дипломун сандыкка салып коюп иши жок жүргөнүн, ал эми Бажы союзуна кирерибиз менен иши жок жаштардын баарына мейкиндик кенен ачыларын, Россиянын кен байлыктарында, талааларында, өнөр жай жана соода тармактарында иштөөгө чек коюлбай каларын, эл да иш менен камсыз болорун, муну түшүнбөгөндөр “туура эмес болуп жатат, Бажы союзуна кирсек куурайбыз” деп билип-билбей туруп эле сүйлөп жатышканын айтты.

“Азия ньюс” гезитине интервью берген белгилүү жазуучу Султан Раев бүгүн дүйнөнү күтүүсүз ой гана өзгөртө аларын, ал өзүнүн жаңы жарык көргөн “Жанжаза” аттуу романында жандын түбөлүктүүлүгү жөнүндө көркөм ойду эң башкы катары биринчи планга алып чыкканын, азыр билинбестен башка маданияттын жашоо нормалары аң-сезимибизге кирип баратканын, адамдарды рухий паралич барган сайын жугуштуу оору сыяктуу каптап, кайдыгерлик, көңүлкоштук, арсыздык менен акмакчылык, абийир-ыйман дегендер бүлүнүп, коомду “дебилдештирүүнүн” арааны жүрүп жатканын, ар бир инсан ушундай апааттан эркиндикке чыгууга аркет кыларын, анын жаңы романында ушул суроолор коңгуроо болуп кагылып турарын, айрым сынчылар романды “интеллектуалдык роман”, “жаңы роман”, “модернисттик роман”, “магикалык роман”, “абстрактуу роман” деп жазып жатышканын жана башка жактарын кенен кеп кылды.

Саясат таануу илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбеков “Кыргызстан Ислам Республикасы болсун” деп талап кылгандар чыгышы мүмкүн” деген аталыш менен бүгүн жарыкка чыккан “Учур” гезитине интервью берди. Ушу кезде түрдүү диний агымдар Кыргызстанды сугат суу каптагандай каптап турганын, өнүккөн өлкөлөр, өнүгөм деген өлкөлөр бир гана динге ишеним артып, бир гана динди карманарын, андыктан мамлекеттин ичинде жашап жаткан бардык коомдук көрүнүштөр, кубулуштар, процесстер мамлекеттик бийликтин көзөмөлүнөн эч жакка чыкпашы керектигин, өлкөнү дал ушул диний агымдар бөлүп-жарып саларын, бул коркунучту ушу баштан колго албасак келаткан 10-15 жылдан кийин коомдун бир бөлүгү “Кыргызстан Ислам Республикасы болуп аталсын!” деп чыгарын, ошондо бармагыбызды тиштерибизди, бирок кеч болуп каларын, анткени барган сайын өлкөнү исламдаштыруу аябай күч алганын, кыргызды кыргыз кылып сактап келген улуттук каада-салтын чанган кыргыздар ашынып, көбөйүп баратканын, бул өтө чоң коркунуч экендигин айтып, коңгуроо какты.
XS
SM
MD
LG