Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Жеңиштин баасы кымбат


9-май Улуу Жеңиш күнү. Кыргыз тилдүү гезиттердин баары бул күнгө карата өз макалаларын арнады.

Бүгүн Улуу күн! Анткени ушул күнү бүтүндөй дүйнө жүзү “кара чума” – фашизмден кутулган. Биздин аталарыбыз 5 жыл бою кан кечип, колу-бутунан, ден соолугунан, Кудайдан бир гана ирет бериле турган кымбат өмүрүнөн ажырап жүрүп ушул Жеңишти апкелген. Кокус ал келбегенде фашизм славян калкынын бир аз гана бөлүгүн аман алып калып, калганын тыптыйпыл кыргын кылмак. Ал эми бизге окшогон майда калктарды үчүнчү, төртүнчү сорттогу калк катары санап, айбанга да теңебей, курт-кумурсканы тукум курут кылгандай тукум-курут кылмак. Ошондуктан бул күндү биз, кыргыздар унутууга акыбыз жок. Согуштун бардык катышуучуларын, ошол кезде оорукта иштегендерди, бүтүндөй кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен “Азаттык” радиосунун атынан чын жүрөгүбүздөн куттуктап кетмекчибиз.

“Фабула” гезити Жеңиш Күнүнө “Унутууга акыбыз жок!”, “Аталарыбыз азайып баратат” деген макалаларын арнады. Сиздер ошондой эле “Келдибеков жаман эмес, кылганы жаман”, “Рысалиев келбесе, “криминал” далайдын башын жутат го...”. “Тажиктер менен теңата сүйлөшүү керек!” деген жана башка макала-интервьюларды окуйсуздар.

“Алиби” гезити бул санын “Бажы биримдигине кирсек, Кыргызстанда коопсуздук коркунучу болбойт” деген ат менен генерал Мирослав Ниязовдун маегин тартуу кылды. Бажы биримдигине кирген алгачкы жылы бир аз кыйналган менен артында өнүп-өскөн өлкөгө айланарыбызды айтуу менен Американын дүйнөнү башкарам деген кыялын бүгүн Путин таш каптырып турганын, ал сөзсүз Европа менен Американын каршылыгына туруштук бере турган жолду табарын, ошондуктан Бажы биримдигине кирген мамлекеттерде бийлик алмашып кетет деп олуялык кылып жаткан айрымдар алдын ала кудуңдап сүйүнбөй деле койсо болорун, баары жакшы болорун айтты дасыккан чекист.

“Де-факто” гезитинен сиздер Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ата Мекендик согуштун катышуучусу, легендарлуу партжетекчи Корчубек Акназаровдун согуш жылдарындагы эскерүүсүн, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун маегин жана ырларын, ырчы Үмүт Тилегенованын интервьюсун, таланттуу кинооператор Манасбек Мусаевдин маегин, журналист Улан Эгизбаевдин “Орус тилинен расмий дегенди алып салсак Путин деле таарынбайт” деп айткандарын, жазуучу Нуралы Капаровдун “Карл Маркс Касым Кушубековго капа болгондо” аттуу болумуш аңгемесин окуйсуздар.

“Айбат” гезити саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Саны көп, салмагы жок партиялар” аттуу макаласынын корутунду бөлүгүн басты. Автор бизде кызматтан жыдып түшкөн эле эргул партия ачып чыга каларын белгилеп мындай партияларга Үсөн Сыдыковдун “Жаңы Кыргызстан”, Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Акыйкат”, Бакирдин Субанбековдун “Бир эл”, Руслан Сарымсаковдун “Комсомол” жана башка партияларды мисалга тартты. Мындай партиялар айрым бир окуяларда гана башын чыгара коюп кайра жатып каларын, мындай шалтурук партияларды же “чиновник-партияларды” эл дээрлик билбей тургандыгын сөз кылып, азыр активдүү партияларга 12, пассивдүү партияларга 31 партия кирерин, алардын аракетин талдоого алды.

“Параграф” гезити Акбай Аргынов аттуу автордун “Акыйкатчыга жасалган акыйкатсыз мамиле” деген көлөмдүү макаласын тартуулады. Журналист Бакыт Аманбаевди Жогорку Кеңештин айрым карт бөрү саясатчылары көз каранды кылып, кол балага айланткысы келип атканын, анткени Аманбаев ачуу чындыкты жалтанбай айтып келатканын, жалаң гана акыйкаттык үчүн күрөшүп жатканын жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Таза иштебей туруп тарифти оозанбагыла!” деген макаласын тартуулап, автор мындай бир көрүнүштү мисалга тартты. Алыскы Ат-Башынын Казыбек айлындагы ондогон сарайлардагы свет күйүп, эсептегичтер эсептеп жаткан күндө да электриктер бир жолу басып келип койбогонун, бирок сарайдагы абышка-кемпир пенсиясынан ай сайын 300-400 сомдон төлөп атканын, ошентип өлбөгөн Ширшовдун схемасы өлбөйле иштеп келатканын, өлмөк тургай Ширшов менен Балкыбеков Англиянын бийликтин укуругу жетпеген жеринен арал сатып алып деңизге түкүрүп, денесин күнгө кактап куунап жатканын, ушуну тартипке салалбай жатып, биздин энерготармактагылар токтун баасын кымбаттатабыз деп толкундап турганын элдин эсине салды.

“Кыргыз туусу” гезити кечээ президент Алмазбек Атамбаев бир катар КМШ өлкө башчыларынын формалсыз жолугушуусуна катышып, анда кыскача сөз сүйлөп, президенттерди региондогу коопсуздукка шек келтирген коркунучтарга жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди жасоого чакырганын кабарлады. Аталган гезит бир канча бетин Улуу Жеңиш Күнүнө арнады.
XS
SM
MD
LG