Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Араңжан фракциялар...


Баратбай Аракеев “Фабуладагы” макаласында кийинки парламентке келе турган партияларды болжолго алды.

“Кыргыз туусу” гезити “Президенттин мамлекеттик сапары” деген рубрика менен сапар баянды “Кыргызстан Азия мейкиндигинде ишенимди жана биримдикти бекемдөөдөн тайбайт” деген ат менен жарыялады. Макала “Укук коргоо органдары алаканы күчөтөт”, “Мамлекеттик сапар жемиштүү болду”, “Саммиттин идеялары колдоого алынды”, “Бизге ядролук курал колдонулбайт” деген майда темалардан турат. Гезитке жер-жерден келген каттар “Ыксыз чыгымдарга бөгөт койсок”, “Жети-Өгүз суу чарба башкармалыгындагы башаламандык”, “Ишкердикпи же өзүм билемдикпи?”, “Көйгөй көп, майнап аз” деген аталыштар менен тартууланды.

“Де-факто” гезитине “Саанчы жеңе же “иши жок интердевочка” деген ат менен Каныбек Кадыралиевдин мамлекеттин кадрдык жүрүшүн жана вице-премьер-министр Эльвира Сариеваны сынга алган макаласын сунуштады.

Дагы бир вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жерлерди алмаштырууга да барабыз” деп интервью берип, маселе каралганы турганын, тажиктер кыргыз тарап сураган, кыргыздар тажик тарап сураган жерлерин бере алабы, кеп ушунда калганын айтты.

Депутат Абдыманап Кутушев маегинде азыркы оппозиция деп жүргөндөрдө өлкөнү башкарып кете турган татыктуу адам аз экенин, өкмөттү сындай эле бербей ага жардам берүү керектигин, Ички иштер министрлигин жаш, курч, өткүр, жигердүү жигит башкарса балким башкача болмогун белгиледи.

Коомдук ишмер Улукбек Ормоновдун маеги “Азыр депутаттар эч кимге баш ийбейт, жоопкерчилик жок” деп аталды.

“Жаңы агым” гезити Кытай Кыргызстанга 80 млн. доллар грант бермей болгонун кабарлады жана ошондой эле өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевди сынга алды.

Тынчтык Алтымышевдин макаласы “Өкмөт элди багабы же чөнтөгүн кагабы?” деп аталды.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Парламент таза болсо мамлекет таза болот” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Автор парламенттеги 5 фракциянын бири дагы жакшы баага мисал болуп бере албасын, маселен, президенттин КСДП партиясына дээрлик өлжүрөгөндөр толуп алганын, бул партия Атамбаевдин аркасы менен гана аңыраңдап жатканын баары жакшы билерин, “Ата-Журттун” кебетеси болсо анын лидери Ташиев кашаадан секиргенден кийин эле оңбой калганын, “Ар-намыс” партиясы “өсөрү калбай өлөрү калган” кишиге окшоп турганын, “Республика” партиясы бөлүнүп-жарылып олтуруп, лидери Бабановду да дурустап колдогонго жарабай койгонун, “Ата Мекен” жалаң гана Текебаевдин күчү менен жашап келатканын, болбосо, партиянын бетине мародерчулукка катышы бар деген кара кашка көө жабылып турганын, анткен менен ушунча болуп Текебаевдин тепкени бир да жолу жаза кетелектигин, майда-баратын коюп эле Бабановду, Келдибековду, Рысалиевди, Сатыбалдиевди мисалга тартсак болорун белгиледи.

Аракеев андан ары эмдиги шайлоого токтолуп, азыркы парламенттеги партиялардын кай бири, балким баары утулуп калышы мүмкүндүгүн, анткени бул парламент эл күткөндөй иштебегенин, келерки шайлоодо Эмил Өмүракуновдун “Замандаш”, Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү”, Аскар Салымбековдун “Эмгек”, “Ак шумкар” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары алдыга озуп чыгышы толук ыктымалдыгын кеп кылды.

Аталган гезитке макаласын тартуулаган Темирбек Мамбеталиев кыргыз тилин окуп-үйрөнөм дегендердин көңүл кайт кылып, үйрөнмөк тургай үркүп-качыра турган окуу китептер чыгып жатканын, мисалы, 2-класстын орус классы үчүн окуу китебинин аталышы “Кыргыз тили жана окуу орус мектептери үчүн 2” деп” жазылып турганын, муну 2-класстын окуучусу эмес Оксфордду бүтүп келген киши да түшүнбөстүгүн, китепти ачсаң, ичиң андан бетер ачышарын, маселен, балдарга арналган жомокто “Арпа-буудай – аш болот” деген кыргыз макалы бар деп жазылганын, биздин элде мындай макал деги эле жоктугун, дагы бир жеринде китептин автору помидорду которо албай томат деп салганын, айтор китеп баштан-аяк жараксыздыгын, ушинтип өз эне тилибиздин кадырын өзүбүз кетирип жатканыбызды кейип кеп кылды.

“Айбат” гезитине маек курган саясат таануучу Токтогул Какчекеев "Келдибеков таза болсо миллиондорго кантип ээ болгонун айтып бербейби, ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп катар-катар машине, кабат-кабат үйлөргө, гектарлаган жерлерге кантип ээ болгонуна жооп табалбай жатам. Буга жоопту өзү да бере албай жатат. Эмне үчүн ага окшоп өмүр бою кызматта иштегендер андай байлыкка ээ эмес? Азыр президент да, Башкы прокуратура да, депутаттар да Келдибековдун мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп кантип миллионер болгонун, түштүктө да, түндүктө да жерлери барынын жообун табалбай кыйналып жатышат" деп билдирди.

Аталган “Айбат” гезитине “Демократиянын “атасы” аталган АКШда да “кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат” үчүн жазалайт” аттуу макала жарык көрдү.

Акинай Айдарованын эки макаласы “2 млн. доллар берип “ыйлаган” Бакиев, аны алып “боору ачыган” Лукашенко” деген жана “Мырзакматов адам өлүмүнөн саясат жасаганды токтотподу” деген макаласы жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG