Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Уучу куру эл ууга жарабайт


“Көк асаба” гезити Улуу комузчу Нурак Абдырахманов менен коштошту...

“Түркмөнстандын газы Кытайга Кыргызстан аркылуу өткөнү турат. Биз газ маселесин чечүү үчүн орустар менен түзүлгөн келишимдеги газды бир гана “Газпром” компаниясынан алабыз дегенди жокко чыгарып, катуу талап кылышыбыз керек. Кыргыз өкмөтү газ тармагын тартипке сала албаса анда кайсы жерге тартип орното алат. Жоомарт Оторбаев беш-алтоону кызматтан алса Ошто газ күйүп калышы мүмкүн, эгер анте албаса күйбөйт” деп айтты бүгүн жарык көргөн “Мекен инфо” гезитине берген маегинде мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров.

Бүтүрүүчүлөрдүн “акыркы коңгуроосу” айрым окуучулар үчүн чындап эле акыркы болгонун, 23-майда Кара-Балта шаарынын 5 окуучусу машинанын авариясынан каза болсо, ачык машинада көчүгү түшкөн аюудай чаңырып бараткан кыз Бишкектин көчөсүндө келаткан машинанын алдына тоголонуп түшүп, мээси чачырап кеткенби, асфальтка кан жая берип, классташтардын ыры бир заматтта ыйга айланганын, мектепти бүтүрүү жакшылыкка, келечекке умтулуунун романтикалык жагымдуу жылы болбой эле, жыл сайын акыл-эстен ажыраганча элирип, ата-энелери тургай Кудай-Теңирин тааныбай, эч кимди укпай, көздөрү туманга, баштары балээге толуп, эч кимди көрбөй-укпай калганга чейин көпкөн өспүрүмдөрдүн аш-тоюна айланып баратканын жазып чыкты “Мекен инфо” гезити.

“Көк асаба” гезити “Күүнүн алпын жоготтук” деген аталыш менен кыргыздын дагы бир улуу уулу Нурак Абдырахмановду жоктогон эскерүүлөрдү жарыялады. Нурактын шакирти, өмүрүнүн көбүн залкар агасынын өнөрүн ээрчип жүрүп такшалган белгилүү күүчү Кенжебек Алдаярдын макаласын басты.

Акын Гүлжамила Шакированын жоктоо ыры, Нурак Абдырахмановдун өзүнүн “Тыңшагыла, балдарым” деген көлөмдүү насаат ыры да “Көк асаба” гезитинин ушул санында.

Илгери бийликти да, байлыкты да каалашынча жыйган бир падыша: “Мен өлгөндө эки колумду табытымдан чыгарып, ачык койгула, эл көрсүн” деп керээз айтканын, ошондо өлүк зыйнатын көрүп аткан акылман карылардын бири: “О, калайык калк, өмүрү өткөнчө көр дүйнөгө көзү тойбой, ач көздүк менен байлык топтогон падышабыз дүйнө салды. Өлгөн соң “колумду сыртка чыгарып, ачып койгула” дегени, “элим, мына бу ачылып турган алаканымды карагылачы, кара жердин алдына өзүм менен эч нерсемди ала албаган бойдон жылаңач кетип баратам, көр дүйнөнүн артынан кубалаган адам акыр-түбү оңбойт, байлык деген жалгыз падышасы эмес, жалпы эли бай болгондо гана Кудайга жагып, жугумдуу болот” деп айткан экен. Нурактын “Көк асабанын” бүгүнкү санына басылган көлөмдүү ырында да башынан аягына чейин ушул насаат акыл-эс аркылуу сызылып өтүп жүрүп олтурат.

“Көк асаба” андан ары кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек Мониев тууралуу баянды тартуулады.

Орусиядан билим алып келген кыргыз жигити Өмүрбек Исакулов маегинде өзүнүн достору менен азыр эки долбоордун үстүндө иштеп жатканын, биринчи максаты – Баткен элин багып-өстүргөн жер-жемиштерди экспортко чыгарып, “Баткен Агро компани” дегенди түзүп, жер-жемиштерин саткандан түшкөн акчага ишкерлерди жаңы станок, керектүү техника менен камсыздоо болсо, экинчи максаты – Чоң-Алайдын Сары-Моңол айылында сүт иштеткен ишкана ачканы жатканын, цех курула баштаганын, элдин жашоо-шарты оңолуш үчүн талыкпай иштөө зарылдыгын, ал үчүн айыл элине иштей турган жумуш таап, шарттарын түзүп берүү керектигин, болбосо көр оокаттын айынан мигрант болуп кеткендер улам басылбай эле көбөйүп баратканын, ошондуктан ишти алгач баткендиктердин жер-жемишин сатып берүүдөн баштаганын кеп кылды.

Өмүрбек Исакулов андан ары чыныгы патриот жаштар бийликке барып депутат, президент болоюн деп эч качан ойлобостугун, чыныгы мекенчил жаштар мамлекетибиз жакшы болсо экен, жакырлары жок кубаттуу өлкөгө айланса экен, кыргызстандык ар бир үй-бүлөнүн курсагы ток, кийими бүтүн болсо экен деп ойлонорун, бүгүн байлык топтоп алып, шайлоо келери менен жаштарды курал кылып, эртеси тактысын кучактап, көктөн түшкөнсүп ныксырап олтуруп калган кыргыздын көңдөйлөрү элди да, жерди да иренжитип бүткөнүн сөз кылды.

Гезит Кыргызстан киночулар союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз жана Айтматов атындагы кино үйүнүн башчысы Таалайбек Кулмендеев менен маектешти.

Жазуучу депутат Каныбек Иманалиевдин “Шабдан баатыр” китеби тууралуу жакшы пикирин Нурлан Байчериков аттуу автор билдирди.
XS
SM
MD
LG