Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

ОБОНчуСТАН...


“Кыргыз туусу” гезити “ОБОНчу” аялдардын табиятына иликтөө салды...

“Көчкөндөн отун артат...” демекчи, АКШнын “Манас” аэропортундагы аскер базасынын жүк ташуу борбору 3-июнда биротоло жабылып, андагы 30 миллион долларлык техника Кыргызстанга каларын, борбордогу 400гө жакын аскер июлдун аягына чейин өлкөдөн чыгып кетерин, Экономика министрлигинин “Мен жана коррупция” сынагынын жыйынтыгы менен 41 автордун ичинен “Алибинин” кабарчысы Дайырбек Мейманов 1-орунду ээлегенин бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити кабарлады.

Депутат Туратбек Мадылбеков интервью берип, “Бажы биримдигине кирүүгө парламент каршы болсо президент өкмөттү же парламентти таратат" деп айтканы чын чыкса анда Темир Сариев терең жаңылышарын, эгер парламент менен өкмөт тиреше турган болсо анда өкмөт кетиши мүмкүндүгүн билдирди.

Депутат Акматбек Келдибековдун бир тууган карындашы Чынара Белекбаева маегинде агасынын жактоочулары "кокус Келдибековдун саламаттыгы начарлап, өмүрүнө коркунуч жарала турган жагдай болсо бийликке бирди көргөзөбүз" деп кекенип жатканын айтса, депутат Курманбек Осмонов алайлык жол тоскон адамдар министр Суранчиев айткандай алкаштар эмес эле акыл токтотуп калган адамдар экенин, бийликтен адилеттүү чечим күтүп жаткан элден эч кандай жаман нерсени көрбөгөнүн, андыктан “Ата Журт” фракциясы жол тоскондорду фракцияда карап, күн тартибине алып чыгуу керек деген чечим кабыл алганын айтты.

“Айыл чарбасында да Елисеевдердин коррупциялык схемасы иштеп жатабы?” деген теманын алдында айыл чарбасында 64 жылдан ашуун иштеген тажрыйбасы зор аксакал Абдылдакан Жолалиевдин өтө маанилүү маеги жарык көрдү.

“Фабула” гезити тунгуч президент Аскар Акаевдин да жакшы иштери болгонун, маселен мыкты кадрларды өстүрөбүз деп “ХХI кылымдын кадрлары” деген программаны негиздеп, мыкты окуган ондогон улан-кызды дүйнөнүн эң жакшы деген окуу жайларында окута баштаганын, анан бара-бара Акаев башка балдар тургай өз балдары менен аялына алы жетпей жоголуп, анан революция чыгып, “кадрлар” боюнча документтер апрель окуясында өрттөлүп кетип, канча адам окуганы белгисиз бойдон калганын эске салуу менен ошондогу жаштардын айрымдарын таап келип кепке тартканын “ХХI кылымдын кадрлары кайда?” деген макаласында баяндап, азыр курулуш тармагында иштеп жаткан Уланбек Тынччылык уулун кепке тартты.

Уланбек өз сөзүндө бүгүнкү курулуш материалдарынын 80-90 проценти сырттан алынып келерин, 10 жылдан бери темир иштете турган чакан завод куруп алсак деп какшап келатканын, биздин куруучулар болгону жерди сатып алып, ага үй салып, аны кайра сатып пайда тапканы болбосо, Кыргызстандын курулуш тармагын өстүргөнгө эч кандай салым кошо электигин, тапкан акчабыздын баары кайра эле Кытай, Россия,Түркия, Казакстанга кетип жатканын, ошондуктан курулуш материалдарынын баарын болбсо да бир тобун өзүбүздө өндүрө турган өндүрүш ишканаларын өстүрүүгө аракет кылуу керектигин, мисалы, бир фабриканы сатып алсак, ичиндеги станокторун сатып ийип, сыртын кафе же ресторан кыла коюп олтуруп каларыбызды, андан көрө майда-чүйдө дебей, жөнөкөй эле тиш чукугуч, ширеңке жана башкаларды жасаган өндүрүштү өнүктүрүүнү колго албасак, алып-сатарлык менен жашаган Кыргызстан эч качан өнүгүп-өспөгөн өлкө катары кала берерин айтты.

Эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Токтогулду билген барбы?” баянын басуу уланууда.

Нарынкүл Назаралиева “Кыргыз туусу” гезитиндеги макаласын “ОБОНчу аялдарга иликтөө жүргүзүлдү” деп атап, мындай аялдардын пайда болушуна өлкөдөгү мыйзамдардын иштебегени, туташ коррупция, кайсыл мекемеге барбагын бюрократиялык текебердик, социалдык чарбасыздык, эч нерсени чече албаган кадрдык жөндөмсүздүк, тартипсиздик түрткү болуп жатканын, анткени мына ушундай иштебеген, бирок айлык алып жашап жаткан мамлекеттик органдарга ажылдаган аялдар барып чоңдорду алка-жакадан алып, кулагына кыйкырганда гана мамлекеттин иши ордунан жыла баштаганы акырындап көнүмүшкө айланып баратканын, анан мунун оңой күч эмес экенин байкаган саясатчылар бийлигин сактоо, бизнесин коргоо үчүн ажаан аялдардын кызматын пайдаланууга өткөнүн жазып чыкты.

ОБОНчу аялдардын туруктуу позициясы жоктугун, андыктан кайсы саясатчы көбүрөөк төлөсө ошонун сөзүн сүйлөй берерин, иши жок олтургандан көрө бир күн айкырып алып миң сом болсо да бала-бакырасын багууга акча таап аларын, бул топтогу аялдардын 70-80 процентинин күйөөлөрү барын кеп кылды.
XS
SM
MD
LG