Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Текебаев кандай саясатчы?


“Азия ньюс” гезити белгилүү саясый ишмер Өмүрбек Текебаев тууралуу ой-пикирлерди ортого салды.

“Тил жана маданият” гезити 1 жашка чыккандыгына байланыштуу башкы редактору Кундуз Исмаилованын баш макаласы жана аны коштогон айрым адамдардын куттуктоолору менен майрамдык санын ачып, Улуттук университеттин филфагынын деканы Бектурсун Байсабаевдин маегин, гезит окурмандарынын ой-тилегин, акындардын ырларын басты.

Бүгүн чет өлкөлөрдө жашап-иштеп жүргөн жердештерибиз арбын. Алардын бири көп жылдар мурун Улуттук консерваторияда фортепиано менен скрипкадан сабак берип жүрүп Германияга иштеп кеткен кызыбыз Вера Осмонкулова өнөрүнүн аркасы менен таанылып, чыгармачылыгын чет өлкөдө багып жатканын, ал жакында Берлиндин борборундагы 15 миң көрүүчү сыя турган концерттик залда концерт берерин, ага композитордун бир тууган иниси, кыргыз ырчысы Ырыскелди Осмонкулов да катыша турганын кабарчы Айгүл Бакееванын макаласынан окусаңыздар болот. “Тил жана маданият” гезитин бүгүнкү майрамы менен “Азаттык” радиосу да куттуктайт.

“Асман плюс” гезити Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун “Электр энергиясынын баасын 1 сомго чейин жогорулатса болот, ал эми 2 сом 20 тыйынга көтөрүү туура эмес” деген сөзүнө жооп кылып Энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетов тескерисинче энергиянын баасын 2 сом 20 тыйынга кымбаттатуу керектигин сунуштап жатканын, анткени бул үйүн көмүр менен эмес, свет менен жылыткандар үчүн сунуш кылынганын, кымбаттаткандан түшкөн акча эбак эскирип бүткөн электр жабдууларын оңдоп-түзөөгө жумшаларын, азыр энергетика тармагына 6,7 млрд. сом тартыш болуп жатканын айтты. Бирок Баетов буга чейин эксперттер какшап келаткан, калктын жонунан кайыш тилип, ортодон алып-сатарлык кылып акча жасаган ортомчу компаниялар, жоюлбай жаткан Ширшовдун схемалары жөнүндө ооз ачкан жок.

Ушул эле “Асман плюс” гезити аркылуу депутат Бактыбек Калмаматов “Газ жок” деген өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартуу керек” деп билдирди.

Таланттуу ырчы Гүлназ Осмонкулованын кызыктуу маеги да ушул гезитте.

“Айат” гезити жаш саясатчы Адилет Калыгуловдун саясат маселелерине арналган, айыл чарба адиси Жээнбек Осмоналиевдин эмгектенүүгө жашы жете элек балдардын маселелерине арналган маектерине окурман көңүлүн бурду.

“Имарат Строй” курулуш компаниясынын директору Бейшенбек Иманалиев “Айат” гезитине өзүнүн басып өткөн жолун, балалыгын, алгачкы сүйүүлөрүн айтып берди.

Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев айтылуу Ат-Башыдан чыккан ырчылардын башын бириктирип, ынтымакка чакырып, ушул жылдын 11-июнунда Улуттук филармонияда чоң концерт тартуулаганы турганын, концерттин атын “Булутка тийген аскасы, булбулдар чыккан Ат-Башы” деп атаганын, ал башкача бир сценарий менен өткөнү жатканын, аны буга чейин мыкты концерттерди коюп таанылган таланттуу режиссер Алтынбек Максүтов коерун, концертти Ат-Башыдан чыккан ишкер жигиттер Эмил Өмүракунов, Шаршенбек Абдыкеримов, Аскар Салымбеков жана эл колдоп жатканын, күзүндө ушул эле концерт менен Кыргызстандын аймагын кыдырып чыгарын кеп кылды.

“Азия ньюс” гезити "Айтылуу саясатчы Өмүрбек Текебаев кандай адам, кандай саясатчы?" деген суроого жооп алыш үчүн айрым адамдарга кайрылды.

Эмил Каптагаев: - Текебаевдин Кыргызстандагы демократиянын калыптанышына кошкон салымын душманы да таналбайт, - деcе Турсунбай Бакир уулу: - Өмүрбек күчтүү мыйзамчы. Туруктуу көз карашы бар, айтканына турган принципиалдуу, кашкөй саясатчы,- деп баалаган. Жыпар Жекшеев: Текебаевдин мыйзам чыгаруу багытындагы эмгеги өтө зор, - десе, депутат Назарали Арипов: Мыкты теоретик жана күчтүү саясатчы. Эки режим менен салгылашып, оппозиционер кандай болуш керектигин көрсөткөн адам,- деген көз карашта. “Кыргызстан обондорунун” алып баруучусу Назира Кыдыева: Красавчик! Анын саясаттагы эмгеги опол тоодой. Бекем көз карашы бар. Бир гана жери, өзү жазган, бирок иштебей жаткан мыйзамдарга көзөмөлдү күчөтсө дурус болмок - деген, академик Алтай Бөрүбаевдин пикиринде Акаев, Бакиев учурунда да өз оюн түз, тайманбай айткан саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз демократиясына кошкон салымы зор. Абдан дасыккан, белгилүү саясый ишмер,- деп баа беришти.
XS
SM
MD
LG