Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Эл байлыгын жегендер ээрге бек отурабы?


“Фабула” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев Кыргызстанды катуу адам башкарышы керек деген маселени койду.

“Кыргыз туусу” гезити адаттагыдай эле “Элдин үнү” деген рубрика менен бүгүнкү санын ачып, Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин сунушун колдоп жазуучу Мирзохалим Каримовду Кыргыз эл жазуучусу деген наамга көрсөтүү сунушун колдогон бир топ акын-жазуучулардын кайрылуусун, “Электр ылайым кымбаттабаса экен” деген катты, “Эл көзүн буйдамалаган электриктер” деген ат менен Каракол шаарынан жазылган катты жана каргашалуу Ош окуясын эскерүүгө арналган “Кандуу калаба кайталанбасын!” деген макаланы жарыялады.

“Алиби” гезитинин жаңы санынан депутат Равшан Жээнбековдун “Атамбаев парламентти таратам дей турган болсо саясий абал заматта өзгөрөт” деген аталыштагы маегин, Аман Иманалиев аттуу автордун ички иштер министри Абдылда Суранчиевди сынга алган “Абдылда аксакалдын “аппетити” кантет, ыя?” аттуу макаласын, Боршайкомдун мурдагы башчысы Акылбек Сариевдин “Шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, парламентке кайра келүү аракетин көрүшүүдө” деген интервьюсун окуйсуздар.

“Жаңы агым” гезити Назгүл Калмамбетованын “Кочкорлуктарды коркуткан “кан соргуч” деген макаласын басты. Айыл адегенде маани бербей, анан 300дөн ашуун тоок, бир нече бодо мал кансырап өлгөндөн кийин коңгуроо кагып чыкканын, тири шумдук жаныбар бул аймакка кайдан келгени табышмак бойдон калып жатканын, чупакабра деп аталган кансоргучтан бешөө атылганын, денеси кенгуруга, башы иттикине окшош мутант айбанат экенин, такталбаган маалыматтарга караганда Бишкектеги АКШ базасынын аскерлери былтыр бир жаныбар Манас айылына жакын жерден качып кеткенин көргөнүн айтышканын кабарлап, жырткыч канын соруп өлтүргөн малдын бир да жеринде жара тартылган жери жоктугун, болгону колтугунун алдында эки тешик калганын, азыр жаш балдар тургай, чоң кишилер да коркуп, түнкүсүн сыртка чыга албай калганын жазды.

Кабарчы андан ары чупакабра аттуу бул жырткыч 2000-жылдары Аргентина, Боливия, Гондурас жана АКШда пайда болгонун, итке окшошуп кеткен менен андан чоңураак болорун, алдыңкы буттары кыска, арсайган эки тиши барын, кээсинин башы мышыктыкына, кээси чочконукуна окшоштугун жазып чыгышканын, жырткыч эт жебестигин, жалаң гана кан соруп жашарын, адамдарга да кол саларын, ит сыяктуу көп күчүк тууп, тоолуу аймактарда ылдам көбөйөрүн баяндады.

“Де-факто” гезити коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин “Бакиевдин бийлиги Медет Садыркуловду туура өлтүрткөн деп эсептейм” деген аталыштагы интервьюсуна окурман көңүлүн бурду. Кемел агабыз 94-жылды эскерип, ошол жылы Майрам Акаева интервью берип: ”Кыргызстанда бир киши бар, ал элдин алдында бүжүрөп, эчтекеси жок бечара-байкуштай көрүнөт, а бирок өлкөнүн байлыгын соруп жеп жатат” деп айтканын, ошол байкуш кадимки Апас Жумагулов болгонун, азыр ал Кыргыз элинин баатыры болсом деп жүргөнүн укканын, ал эми кеминдик катары жердештиги жагынан да, казак катары туугандыгы жагынан да Садыркулов Акаевдин көздөй кишиси болуп туруп Акаев кетери менен аны сатып, Бакиевдин колтугуна кирип алып анын арыгын аябагандай кең чапканын, эми бүгүн Акаевдин, Бакиевдин колтугун тырмап жан багып келген саясатчылар беткабын сыйрып таштап, Атамбаевдин колтугунда жүргөнүн айтып жаны кашайды.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери дурус башкарылбай келатканын, күн өткөн сайын анархия арбыганын, кыргыз эли демократия курмакчы болуп же анысын кура албай, “башы жок бака, көзү жок көгөөн” болуп жайылып баратканын, андыктан биздей ынтымаксыз элге катуу камчы керектигин, болгондо да Сталиндей, Андроповдой, жакшы көрсөк да, жаман көрсөк да Путин менен Лукашенкодой өздөрүнөн мурда өлкөсүнүн тартибин сүйгөндөр керектигин, өзүнчө эле кыйын болуп, кыңырак кылыч байланган эргулдарды кынына киргизе турган жетекчи болбосо болбой калганын бүгүнкү “Фабула” гезитинин кабарчысы Баратбай Аракеев жазып чыкты.

“Фабула” ошондой эле “Тирүү энциклопедиябыз түбөлүк сапарга кетти” деген аталыштын алдында Кыргыз эл акыны, кыргыздын дагы бир залкары Эрнис Турсунов менен коштошкон макалаларды жарыялады.

Депутат Нарынбек Молдобаев “Гомосексуализм - коомубузду рухий кыйроого алып барчу дарт” деген маегинде мындай тескери жолго түшкөндөрдүн саны расмий 22 миң адамга жетсе, бейрасмий маалымат боюнча 35 миңден ашып кеткенин, бул ансыз да башка көптөгөн дарт менен ооруп жаткан коомду биротоло талкалап, акыл-эси өксүгөн кемпайлардын коомуна айлантып тынарын билдирди.

“Карынын сөзүн капка сал” аттуу рубриканын алдында алабукалык 89 жаштагы Кыргызбай ажы Нуркуловдун айтып берген баалуу баянын да ушул гезиттен окуп алсаңыздар болот.

Профессор Жолборс Жоробековдун жарык көргөн интервьюсу “Жоомарт Оторбаев иштей албаса сөзгө калат” деген ат менен тартууланды.
XS
SM
MD
LG