Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Кыргызстандын кара булуту


Балдар үйүнөн тартылган сүрөт.
Балдар үйүнөн тартылган сүрөт.

“Көк асаба” гезити “Роза Отунбаеванын демилгелер фонду” жайлоо бала бакчаларын уюштуруп, Кыргызстандын бардык жайлоолорунда бала бакчалары иштей баштаганын кабарлады.

“Мекен инфо” гезити биринчи вице-премьер-министр Тайыр Сарпашевдин маегин окурмандарга тартуулады. Анда Польша мамлекети берген 40 млн. евро жакында айыл-чарбачылыгы үчүн бөлүнөрүн, дыйкандар үчүн 10 процент жеңилдетилген кредиттин 3 млрд. 176 миң сому бөлүнгөнүн, жыл аягына чейин дагы 7 млрд. сом берилерин айтты. Сарпашев сугат маселесине токтолуп, тамчылатып сугаруу эксперимент катарында Чүйдүн 10 гектары жана Бишкектин “Ата-Түрк” паркына эки долбоор менен башталганын, эгер баары ойдогудай болсо, ал Кыргызстандын бардык аймактарында ишке киргизилерин, тамчылатып сугаруу менен сууну да үнөмдөп, түшүмдү да көбөйтсө болорун, таластык дыйкандар 300 гектер жердеги төө буурчагын, аравандык дыйкандар тоо боорундагы жемиш дарактарын ушул система менен сугарууга өткөнүн маалымдады.

Журналист Темирбек Алымбеков “Кайдыгерликтин кара булуту” деген макаласында Бишкектин кирген-чыккан жерлерине кайырчылар толуп кеткенин, алаканын сунуп тургандардын арасында кенедей балдар көбөйгөнүн, окубай калган бүтүндөй бир муундун өсүп келатканы кабырганы кайыштырарын, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бир жолку сөзүндө Кыргызстан боюнча 30 миң бала мектепке барбай калганын айтканы барын, кокус ушунча бала мектеп дегенди билбей, көрбөй, билимсиз, караңгы, тарбия-таалим дегенден өксүп өссө, “анда катар-катар ГЭСтерди, “Датка-Кемин” электр линиясын кимдер үчүн куруп жатабыз? Деги эле келечекте Кыргызстанды кимдердин колуна калтырабыз?”деген суроону койду.

“Мекен инфо” гезити жакында көрүүчүлөргө Садык Шернияз тарткан “Курманжан датка” көркөм тасмасы тартууланганы жатканын фильмдин продюсери Фархат Бекмамбетов маегинде сөз кылды. Сценарийин Садык Шернияз, Султан Раев, Бакыт Турдубаев үчөөлөп жазып, киного Садык Шернияз режиссер болгонун, белгилүү актерлордун 300дөн ашууну ушул фильмге тартылганын, Курманжандын ролун эле 4 актриса ойногонун баяндап берди.

“Көк асаба” гезити бул санына Аскат Сыргактегиндин “Байыркы кыргызда коррупция болгонбу?” деген макаласын жарыялай баштады.

“Көк асаба” гезити бүгүнкү санына болгону 10 жылдын ичинде ысымын дүйнөгө таанытууга жетишкен бурят художниги Даши Намдактын эмгектерин эки бетке толтура кылып басып чыкты. Гезит окурмандар таланттуу мастердин кайталангыс композицияларын көрүп олтуруп, байыркы доордун илебин туя аларын, сүрөтчү чыгармасында буддизм менен шаманизимди, теңирчилик менен даосизмди жаңы заман менен кантип айкалыштырганын көрүп, чыныгы искусствого кантип сонуркоого, кантип суктанууга болорун дагы бир жолу түшүнөт.

Академик Жамин Акималиевдин “Кырк жыл төрага болгон Төрөбай Кулатов” деген эскерүүсү басылууда.

“Көк асаба” гезити ошондойле “Роза Отунбаеванын демилгеси” деген ат менен белгилүү болгон “Эларалык коомдук фонду “Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары” долбоорунун алкагында иш жүрүгүзүп жатканын, ага ылайык Суусамыр өрөөнүндө, Панфилов районунун Вознесеновка жайыт комитетинде, Манас районунун Үч-Коргон жана Талас районунун Долоно жайыт комитеттеринде жайлоо бакчалары уюштурулуп, иштей баштаганын, эми ушул айдан тартып ушундай бала бакчалар Кыргызстандын бардык тоолуу аймактарында иштей баштаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG