Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Жумуртка чабуулун бийлик уюштурганбы?


Мамлекеттин өнүгүшү үчүн, эл үчүн кызмат кыла турган мыйзамды депутаттар эмне үчүн өткөрбөй коюшту?

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын президент Алмазбек Атамбаевдин Стамбул шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк форумга катышып жатканы тууралуу маалымат менен ачты.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Алдыдагы парламенттик шайлоолор: алга жылабызбы же артка кетебизби?” деген ат менен жарык көрдү. Автор азыркы Конституциянын “атасы” аталып жүргөн депутат Өмүрбек Текебаев регионалдык тизменин башкы идеологдорунун бири болуп, жергиликтүү кызыкчылыктарды эске алуу керектигин, кыргыз менталитетине ылайык парламентаризмди түзүү керектигин бетке кармап жатканын, анын мындай көз карашы Кыргызстанды уруу-урууга бөлүү жана анын негизинде шайланган курултайга бардык бийлик бутактарын баш ийдирүү менен гана өлкөнү өнүктүрүүгө боло тургандыгын жактап келатышкан “курултайчылардын” көз карашынан айырмасы жоктугун, болгону курултайчылар кыргызды уруу-урууга бөлүш керек десе, Текебаевдер региондорго бөлөбүз деп жатканын, демек келерки шайлоого барардан мурда жаңы долбоордун оң жана терс жактары терең талдоого алынышы керектигин кеп кылды.

“Фабула” гезити бүгүнкү санына Баратбай Аракеевдин “Соттолсоң мейли, бандит болсоң деле... Эл башкара бер!” деген макаласы жарык көрүп, парламент 25-сентябрдагы жыйынында Исмаил Исаков, Кенжебек Бокоев, Эркингүл Иманкожоева жана Дастан Бекешов даярдаган мыйзам долбоорун кабыл албаганын, парламенттин накта жүзү ушунда көрүнгөнүн, анткени бул мыйзамда “Кимде-ким мурун оор кылмыш кылып соттолсо, соттолгону алына элек болсо, уюшкан кылмышка байланышы бар болсо, жогорку билимдүү болбосо, саясий жетекчи кызматтарды ээлегенге укугу жок” деген эреже барын, мына ушул мыйзамды кымбаттуу шайлоочулар, силер шайлаган депутаттар өткөрбөй коюшканын, демек президенттикке, депутаттыкка, мэрдикке, айыл өкмөт башчылыгына, мамлекеттик бардык кызматтарга эми мындан ары мурун соттолгондор, уюшкан кылмышка катышы барлар, анан эки сөздү жаза албаган, мектепти эптеп бүткөн билимсиздер, ар кандай шылуундар келип эл башкара берсе болот деген жыйынтык чыгарын жазып, аталган мыйзам 80 добуш менен кабыл алынмагын, бирок кашайып депутаттардын ичинен жогорудагыдай жексурлар келбесин деген кыргыздын 80 мыкты уул-кызы табылбай койгонун жаны кашайып жазды.

“Алиби” гезити депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов “Мамлекеттик башкаруунун жаңы концепциясы” дегенди талкуулайбыз деп барып Оштогу ОБОНчулардын чабуулуна калганын, 100гө жакын жаштар чогулуп, жыйын башталганы калганда эле 15-20 аял, беш-алты жигит кирип келип, адегенде тынч олтуруп, беш мүнөттөн кийин “кеткиле, бизге тынчтык керек” деп чуу салып, жумуртка ыргытышканын, муну Ош шаарынын башкы милициясы Сүйүн Өмүрзаков менен шаар мэри Айтмамат Кадырбаев уюштурганын, ал эми Таластагы жыйынды үзгүлтүккө Таластын губернатору Койсун Курманалиева учуратканын, айтор Бакиев бийлиги да ушинтип ОБОНду ала чуркап, Каркыра үчүн чыкканда Түптөн жумуртка менен ургулатканын бүгүн азыркы бийлик дагы унутуп калганын эске салып кейиди. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев ОБОНчу аялдар кырдаалды кыйындатып, бийликти элге жек көрсөтөрүн, “эки депутатты жумуртка менен ургула” деп президент көрсөтмө бербестигин, мындай жагымсыз көрүнүштү бийликке жагынууга аракет кылгандар уюштуруп, Атамбаевдин убалына калып жатканын, эл менен иштешүү деген мындай болбостугун айтса, депутат Абдрахманов: “муну албетте Атамбаевдин авторитардык бийлиги уюштурду” деп президенттен көрдү. Саясатчы Нурлан Мотуев “Мажирөө бийлик эски бийликтен ашып түштү” десе, саясатчы Табылды Акеров “Жаныштын методдору иштеп жатат” деп, мурдагы министр Эмил Үмөталиев “Бийлик кимден коргонушту билбейт” деп, саясатчы Кубатбек Кожоналиев “Президенттин оппозиционер кезиндеги маегин окуп күлүп олтурам” деп, экс-депутат Эркинбек Алымбеков “Атамбаев бир кишиге байланган авторитардык бийликти орнотту” деп мүнөздөмө беришти.

XS
SM
MD
LG