Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Мамлекет кадырын журналисттер кетиреби?


“Кыргыз туусу” гезити өзүнүн 90 жылдыгына карата бүгүн майрамдык санын чыгарды.

"Кыргыз туусу" ушул жылдын 3-ноябрында мааракелик салтанаты кандай өтөрүн кабарлаган программасы менен башкы редактор Жедигер Саалаевдин макаласын тартуулады. Анын катарында Кыргыз эл баатырларынын куттуктоосу бар.

Жаңы санда гезиттин активдүү кабарчыларынын акчалай сыйлык менен сыйлангандары, журналист Бейшен Жамгырчиевдин “Кыргыз мамлекетин түптөгөн алгачкы агартуучулар” деген, Нарынкүл Назаралиеванын “Кызыл Кыргызстанды окопто жатып окушкан” деген макалаларын окуп, “Мыкты район” жана “Мыкты аймак”, “Жылдын мыкты мекемеси” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн жана “Кыргыз туусунун” редакторлорунун сүрөттөрүн көрөсүздөр. Майрамдык сан мындан башка да көптөгөн кызыктуу материалдар менен жарык көрдү.

Кыргыздын тунгуч гезити болгон “Кыргыз туусу” гезитин 90 жылдык мааракеси менен “Азаттык” радиосунун чыгармачыл жамааты да чын жүрөктөн куттуктап, журналисттерге ден соолук, акыйкаттык менен келчү ийгиликтерди каалайбыз.

“Жаңы агым” гезити “Кумсаларды коргоо адам укугун коргообу же бузукулукту жайылтуубу?” деген суроонун алдында уюштурган тегерек үстөлдүн кайым айтышын басты. Кудурет Тайчабаровдун макаласы “Түрк өлкөлөрүнүн аксакалдары Бишкекте жыйын курду” деп аталды. ”Көөдөндөгү көктөм. Отузунчу күз. Кайрыгым калбады деген Калмурат” деген макала өмүрдөн эрте өтүп кеткен, бирок мыкты обондору менен жүрөктө калган обончу Калмурат Рыскулов жөнүндө баяндайт.

“Фабула” гезити “Ар-намыс” партиясында да абал тынч эместигин, КРСУнун медициналык факультетине 24 студентти өткөрүүгө өзгөчө көмөк көрсөткөнү үчүн Башкы прокуратура парламенттен анын кол тийбестигин суранганы жатканын, Октябрь райсоту Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы алдамчылыгы жана арам акчаларды адалдап келгендиги үчүн жети жылга кескенин кабарлады.

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетовдун маеги “Коррупциянын мынчалык деңгээлде экенин билген эмесмин” деген ат менен жарык көрдү.

“Фабуланын” бүгүнкү санынан ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Буйруса бир жыл ичинде ИИМде байкаларлык өзгөрүү болот” деген маегин да окуйсуздар.

“Алиби” гезити тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровдун “Азыркы саясатчылар биз Бажы биримдигине кире электе эле өлкөнүн кызыкчылыгын сатып жатат” деген маегин тартуулады. Экономика доктору Айылчы Сарыбаев интервью берип, доллар курсунун жогорулашына байланыштуу сомдун кадырын кетирбей кармап туруу Улуттук банктын аракетине жараша болорун, Улуттук банк механизмдерин толук колдонсо доллар өтө жогорулап, сом таптакыр түшүп кетпей тургандыгын билдирди. Ушул эле санда “Кыргызстандын кадырын журналисттер кетирип жатабы?” деген суроого ой-пикирлер бар.

“Айбат” гезити бүгүнкү санын “Эл ишениминдеги эки генерал” деген макала менен ачты. Ушул гезиттин билдиргенине караганда, Кочкордун Көл-Үкөк деп аталган 4363 метр бийиктеги тоо кыркасына мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмы ыйгарылмай болду. Журналист Азамат Тыналиев “Массалык маалымат каражатындагылар президенттин сындаганына арданбашы керек” десе, “Интерньюс” өкүлчүлүгүнүн программалык директору Аделя Лаишева “Кыргызстанда журналисттер оң маанайдагы материалдарды абдан аз басышат” деп айтты.

“Де-факто” гезитиндеги интервьюсунда “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов Кыргызстанды сотко берген канадалык компаниялар менен акыр-аягына чейин соттошорун айтса, саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кандай гана шайлоо болбосун мыйзам бузуу сөзсүз түрдө болот, шайлоону салыштырмалуу гана таза өткөрүү мүмкүн” деди.

“Де-факто” гезити “Деңгээлиң кандай депутат?” деген теманын алдында кадимки эле турмушта колдонулуп жүргөн кыргыз сөздөрүн Эл өкүлү болуп жүргөн депутаттардан “ушул сөздү билесизби?” деп сурап, суроого берген жоопторунан эле кыргызмын деп жүргөн депутаттарга баа берсеңиз болот.

Жаш акын Калича Жакыпованын жагымдуу ырлары да ушул гезит аркылуу тартууланды.

“Жетиген” журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашев “Ар бир жаран Кыргызстанга саясаты жок эле кызмат кылса болот” деп интервью берди.

XS
SM
MD
LG