Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кандай шайлоо болбосун тууганчылык жеңеби?


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Коргоо кеңешинде ислам боюнча сүйлөгөн сөзүн “Фабула” гезити басып чыкты.

“Фабула” гезити ноябрдын үчүндө болуп өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп, ислам динине зордук менен жабыштырылган жосунсуз жоруктар кыргыздарга таңууланып келатканын айткан макала менен бүгүнкү санын ачты. Президент өз сөзүндө: “Эгер кимде ким бизге хиджабды, шөлбүрөгөн дамбалды кийгиле деп таңууласа, алар бара-бара кыргыздын улуттук кийимдерин кийгендерди же турмушка ыңгайлуу деп башка кийим кийгендерди силер динге ишенбеген каапырсыңар деп чыгышы мүмкүн экенин, ал эми Куранда кайсыл кийим мусулмандыкы, кайсыл кийим мусулман эместердики деген түшүнүк таптакыр жоктугун, ислам дини адамдардын таза, тыкан кийинип жүрүсүн гана талап кыларын, кайсы бир адам сакал өстүрө калып, көлөктөгөн дамбал кийип, анан курулай намаз окуй калса эле мусулман болуп чыга калбастыгын, кээде так ошондой сакал коюп, дамбал кийип же Кудай берген бети-башын Күндөн чүмкөп жүргөндөр Кудай таалага жамынып алып адам жасабаган иштерди жасап жүргөнүн, мындай фактылар көп экенин, кээ бир молдо чалыштар менен динди үгүттөөчүлөр кыргыздын каны менен жаны болгон Айкөл Манасты кудайга каршы койгусу келгенин, анын аянтка орнотулган эстелиги үчүн алтургай президенттин өзүнө жихад жарыялап жибергенге чейин барганын, исламды Манаска каршы койгондук чыныгы наадандык болуп саналарын, бир ирет Эл баатыры Бексултан Жакиев бир радиоуктурууда бир молдо “халал” дегенди чечмелеп, “халал” деген кыргызча “харам”, демек биз аны кыргызча “адал, арам” дебей Курандын тили менен “халал, харам” деп сүйлөшүбүз керек” деп түшүндүрдү деп айтканын шилтеме кылуу менен президент Алмазбек Атамбаев: “Эмне биз кыргыздар араб тилине өтүшүбүз керекпи? Тилин жоготкон эл эл болбойт, ушуну ар бирибиз билип коюшубуз керек. Кээ бир молдокелерге дагы айтып коеюн, кыргыз элине жаттардын кийимдерин, тилин, салтын таңуулаганды токтокула! Биз мусулманбыз, мусулманчылык түбөлүк жашайт. Бирок биз кыргызбыз, кыргыз турганда кыргыз эли да, кыргыз тили да түбөлүк жашайт!” деп айтты.

“Алиби” гезити “Таластыктар талап кылат” деген кайрылууну “Кыргыз чоролорунун бирикмесинин” атынан бийликтин эң жогорку үч адамына багыштады. Кайрылууда төө буурчактын баасы, Таластагы кендерге үч жыл мораторий коюу, Казакстан менен чек арадагы талаш жерлерди тез арада чечүү, электр энергиясындагы чектөөлөрдү токтотуу өңдүү талаптар коюлган.

Ушул эле санга президенттин колдоосу менен Москва, Минскиде операция болуп, бирок шыпаасы тийбей, айласы кеткенде үйүн, машинесин, мал-мүлкүн сатып, дарт чалган боорун алмаштыруу үчүн Индияга барганын, бирок өпкөсүнө ириң толуп кетип, индиялык дарыгерлер опрециядан убактылуу баш тартып, ордуна дары берип, ушуларды ичип бүткөндөн кийин анализден өткүн, анан операция жасайбыз” дегенин, эми бардык үмүтү кудай менен президентте гана калганын журналист Кенжебек Арыкбаев зар какшап жазып кайрылды. Кайрылуу “Алиби” жана “Фабула” гезиттеринин бүгүнкү сандарына басылып чыкты.

“Алибинин” жаңы санында мурдагыдай эле президентти, өкмөттү, бийликти сынга алган макала, интервьюлар толтура. Ушул эле гезит бүгүн БШКанын мурдагы башчысы Акылбек Сариевдин: “Кандай гана шайлоо системасы колдонулбасын, тууганчылык, жердешчилик, кызыкчылык көз карандылык менен коштолот” деп интервью берди.

“Кыргыз туусу” гезити маданият ишмери Билим Карагуловдун “Даанышмандын өмүр жолун даңазалаган баалуу китеп” аттуу макаласын тартуулады. Макала айтылуу мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына арналды. Ушул эле бетте ардагер журналист Расулберди Маметов менен тарыхчы Турду Жыргалбековдун Усубалиевге арнаган ырлары бар. “Кыргыз туусунун” бүгүнкү санындагы көпчүлүк маектер менен макалалар, куттуктоолор гезиттин 90 жылдык мааракесине арналды. Ушул эле санга ички иштер министри Мелис Турганбаевдин кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган макаласы “Татаал жана сыймыктуу жолду басып өттүк” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG