Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Масалиев президент болгондо...


Апсамат Масалиев.
Апсамат Масалиев.

Бүгүн “Көк асаба” гезити гана жарык көргөндүктөн ушул гезиттеги макалалар менен тааныштырмакчыбыз.

“Көк асаба” гезити “Асыл таштан, акыл жаштан чыгат” дегендей, жаңы эле каттооодон өткөн “Көчмөн” аттуу коомдук фонддун мүчөлөрү шаардын көчөлөрүндө жол тоскон кишилерге жеңилдик кылыш үчүн жаңы долбоорду иштеп чыкканын, долбоор кыштын суугунда машина тоскондор маршруттук такси болобу, троллейбус же автобус болобу күтө берип үшүп калбастан жетер жерине бат жетип алсын деген, экинчиден айдоочу да киреше таап алсын деген максатта жасалып жатканын, буга макул болгон айдоочулар машинесинин маңдайына фонддун сары кагазын чаптап аларын, ал кагазда “Бош кетпей ала кет, арзан жана аман жет” деген сөздөр жазылганын, кагазы бар машинени байкап калган жолдогу киши баш бармагын өйдө каратып машинаны тоссо, аны көргөн кагазы бар айдоочу дароо токтотуп, сала кетерин, болгону ушул экенин жазып чыкты.

“Чакан шаар болгон Бишкектин ичинде бири-бирибизге жардам берип, 20-30 сомдон ашпаган жол кире менен бири-бирибиздин көңүлүбүздү жылытып, бир тарапка бараткан адамдар бир жолду чогуу карытып, бири-бирибизге жакшылык тартуулаганды үйрөнөлү” дешет фонддун мүчөлөрү. Жаңы эле каттоодон өткөн фонддун азырынча жыйырмадай мүчөсү бар, баары жогорку окуу жайлардын студенттери. Башкы максаттары - улуттук баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, заманбап тенденцияларды эске алуу менен коомдук турмушту жеңилдетүүгө жана жалпы кыргыз элинин кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштерди алып баруу. Анда эмесе, кымбаттуу айдоочу, сиз кокустан жолдо үшүп турган кишини көрсөңүз “Бош кетпей, ала кетиңиз, арзан жана аман жетиңиз”.

“Көк асаба” гезитинин бүгүнкү санына академик Жамин Акималиевдин “Легендарлуу парламентке күрөш” деген эскерүү баяны жарыялана баштады. Бул баян “Сокулуктун эли депутаттыкка сүрөгөндө”, “Өзү билбей жардам берген Салижан Жигитов”, “Күрөшсө күрөшөлү” деп катуу аттандым”, “Масалиев президент болсо мынчалык катуу талкаланбайт элек” деген бөлүмдөрдөн турат.

Аваз Салиевдин “Куйручуктун сырдуу күчү” аттуу макаласы да гезиттин ушул санында.

Аталган гезит Кайнарбек Бийлибаевдин “Бул ырчылар мурда кайда эле?” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Ушул жылдын өтүп кеткен 7-декабрында Улуттук филармонияда мурда боло бербеген, жалаң аялзатынан турган топтун концерти болгонун, ага Кайырбүбү Чолпонкулова, Айгүл Жумаканова, Гүлмира Стамкулова, Раатбүбү Асыранова, Үрниса Кадыралиева, Раймакан Исаева, Гүлжамила Шакировалар катышып Жумамүдүн Шералиевдин “Биз ырдайлы” деген ыры менен концертти ачканын, ырчы айымдардын тобун белгилүү акын, журналист, арген үндүү Гүлжамила Шакирова түзгөнүн, концертти айтылуу куудул Келдибек Ниязов алып барып, аккордеондо айтылуу музыкант жана обончу Төлөбек Итигулов ойногонун, ырчы аялдар кыргыздын жүрөктө жүргөн эң сонун ырларын ырдап, көрүүчүлөрдүн көңүлдөгү черин жазганын жазып чыкты.

“Көк асаба” гезити бүгүнкү санында кезинде Саякбайдын батасын алган атактуу чабан аял, Социалисттик Эмгектин Баатыры Кайыргүл Мукашева кайтыш болгонун кабарлады.

Бул санда Жаргылчак Ишенбай уулунун “Ак бугунун каргышы” деген уламышы басылды.

Кочкорлук акын, Кочкордун Дөң-Алыш айлында жашап, көп жылдардан бери мугалим болуп жакшы иштеп келаткан, жакшы ыр жазып келаткан акын Өзүбек Абдыкалыковдун жаңы ырлары жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG