Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Мандат баасы миллион долларбы?


“Фабула” гезити мурдагы башкы прокурор Н. Турсункуловдун туура эмес кесилгендигине байланыштуу ой-пикирлер топтомун жарыялады.

“Фабула” гезити билим министри Канат Садыковдун ордуна вицелигин таштап Элвира Сариева барат деп атышканын, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматты тапшырбаган жарандар келерки жылдын жаз айларынан баштап мамлекеттик кызматтарды пайдаланууда чектөөлөргө туш болорун, казынанын акчасын бөксөрткөндөн башка иш кылбаган Жаштар министрлигин түп-орду менен жоюп салса деле туура болмогун, депутат Данияр Тербишалиев алдыдагы шайлоо үчүн депутаттык мандат эбак бычылып, тизмедеги бир кресло 50 миңден 1 миллион долларга чейин чыгарын айтканын кабарлады.

Ушул эле санга Баратбай Аракеев жеп-ичкич кыргыздар тууралуу “Өлүп кетер бекенсиң, ошентчи?” деген макаласын тартуулады. Аталган автордун кезектеги “Жүз киши жана кыргыз” баянынын бул жолку каармандары депутат Каныбек Иманалиев, ырчы Эрмек Мойдунов, артист Дүйшөн Байтөбөтов, дарыгер Гүлнара Батыровалар болду.

“Фабуланын” бүгүнкү санында “Түлеев түрмөдө неге эки жыл жатты?” деген макала, “Кыңыр иштен сыр чыкты, жумурткадан кыр чыкты” деген ат менен мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун туура эмес айыпталышына байланыштуу ой- пикирлер жарыяланды.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов: - Кыргыз Республикасынын башкы прокуроруна карата кылмыш ишин прокуратура органы гана козгой алат, бирок Баш мыйзамдын 74-беренесине ылайык башкы прокурорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын санынын үчтөн биринен кем эмес добушу менен макулдук берилиши керек, - деп;

Мурдагы депутат Зайинидин Курманов: - Башкы прокурордун камалышына депутаттардын макулдук бергенин туура эмес көрөм, себеп дегенде башкы прокурор президентке караштуу орган болгондуктан президент макулдук берсе жакшы болмок,- деп;

Депутат Курманбек Осмонов: - 2010-жылдагы революциядан кийин Убактылуу өкмөт ал кездеги Жогорку Кеңештин функцияларын өз моюнуна алган. Кабыл алган декреттер мыйзамдуу күчкө ээ дешкен. Демек буга өкмөт жооп бериши керек, - деп;

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов:- Прокуратура тууралуу мыйзамда кызмат өтөп жаткан башкы прокурорго кылмыш ишин козгоо тартиби каралган эмес. Турсункулов канчалык деңгээлде 7-апрелдеги адам өлтүрүү боюнча кылмыштын субъектиси боло алат, себеби ушул жакта, анткени Башкы прокуратура ок чыгарууга буйрук берүү укугуна ээ эмес,-деп жооп берди.

Мына ушундай пикирлерден кийин “Фабула” гезити башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып:

- Урматтуу Аида айым, айтыңызчы, эгер сизге тээ алыскы Ак-Талаа райпрокуратурасынын катардагы тергөөчүсү кылмыш ишин козгоп, суракка алып баштаса сиз буга макул болот белеңиз? Жогорудагы ой-пикирлерди талдоого алсак, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган айыпкер Нурлан Турсункулов эмес, ага карата тергөө амалдарын жүргүзгөн сиздин кызматкерлериңиз болуп жатканына кандай түшүндүрмө берет элеңиз? Эгер бул ишке жакшылап көңүл буруп койбосоңуз эртеңки келечегибизге кедергисин тийгизбей койбойт, - деп жазып чыкты.

“Алиби” гезити жакында эле кызматынан алынган мурдагы министр Алиясбек Алымкуловдун “Абдырахмановдун сыны менин кызматтан кетишиме себеп болгон жок” деп интервью берди. Ал министр болуп беш жыл олтурганын, анан жаштарга үлгү болоюн, кызматта тырышып отура бербейин деп ушул чечимге келгенин, атасы менен кеңешсе, ал киши дагы ”Кызматка кандай келсең, ошондой кеткенди да билишиң керек” деп айтканын, анан арызын жазып туруп баса бергенин, анын иштешине ушунча жыл шарт түзүп колдоп келген айкөл, акылман элине жана президентке ыраазы экендигин билдирди.

“Алиби” гезитинин бул санындагы чуулгандуу материалдардын бири бир кезде депутат Карганбек Самаковдун жардамчысы болуп жүргөн Абай Таштанбековдун маеги болду окшоду. Анын бүгүнкү санга “Самаковдун Бакуга барып келгенине корогон 40 миң долларды мен төлөдүм. Самаков ошол акчаны менин моюнума илип койду” деген аталыштагы интервьюсу жарык көрдү. “Алиби” гезити эмдиги санына бул боюнча депутат Карганбек Самаковдун өз пикирин билдирген маегин да жарыяламакчы болгондугун кошумчалады.

Бул санда Кыргыз эл артисти, айтылуу музыкант Курмангазы Азыкбаевдин “Сайдагы сууга бышкан таштын үнү башка, күнгө какталып турган таштын үнү башка” деген ат менен көлөмдүү маеги да тартууланды.

XS
SM
MD
LG