Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Мамлекет чайпалууну көтөрө албайт


“Мекен инфо” гезити журналист Олжобай Токтосуновдун саясий аналитикалык макаласын окурмандарга тартуулады.

“Көк асаба” гезити шаарга окууга келери менен жандаш, сырдаш сиңдисине айланып кеткен журналист Ракыя Жусупова жакында айтылуу Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу китеп жазганын белгилеп, бүгүнкү санына андан үзүндү жарыялады.

Роза Курманбекованын макаласы “Жусуп Мамайдын “Манасы” жети облустун жетекчилерине тапшырылды” деген ат менен жарык көрдү.

Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева Алыкулдун ысымынын борбордук китепканага кантип коюлгандыгын баяндады. “Балдардын укугун коргоо альянсы” коомдук фонддун төрагасы Жаныбек Осмоналиев маегин “Миңдеген балдар тамеки өндүрүшүнөн четтетилди” деп атап, жашоо-турмуштун айынан жаш балдар тамеки плантацияларында, талаада иштешерин кеп кылды.

Манасчы Самат Көчөрбаев “Улуу устат, соолубас казына - Токтогул” аттуу баянында Токтогул Сатылган уулунун чыгармачылыгына талдоо салды. Кайнарбек Бийлибаев комуз күүлөрүн аккордеонго салган таланттуу музыкант, көп жылдар бою Шекербек, Эстебес, Асанкул өңдүү залкарлар менен бирге иштеп, бүгүн Байтик айлындагы мектепте мугалим болуп ийгиликтүү эмгектенип келаткан Төлөбек Итигуловдун чыгармачылыгы тууралуу анын өзү менен кызыктуу кеп курду.

Бүгүн “Мекен инфо” гезитинин жылды жыйынтыктаган саны жарык көрдү.

Журналист Олжобай Токтосунов саясий аналитикалык макаласын “Украина-Кыргызстан: кризис таасирлери” деп атап, тилекке каршы, кыргыздардын саясий элитасынын арасында, кандай гана жол менен болбосун, керек болсо элди бири-бири менен кагыштыруу жолу менен болсо да бийликти ээлеп алууну эңсегендер барын, эсиңиздерде болсо Акаев бийликтен айдалган учурда Орусиянын ”Времена” программасы аркылуу Мигранян аттуу саясий аналитик “Эми Кыргызстандын өз алдынча мамлекет бойдон калуусу арсар. Түштүгү Өзбекстанга, Түндүгү Казакстанга кошулуп кетүү коркунучу бар” деп “көзү ачыктык” кылганын, бактыга жараша 2010-жылы Оштогу кандуу окуяны башыбыздан кечирсек да мамлекеттин бүтүндүгү сакталып турганын, бүгүн Украинанын тескери таасири менен өлкөдөгү абалды опуртал жакты көздөй чайкоого эч кимдин акысы жоктугун эскертти.

Ушул эле гезитке “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев инитервью берип, парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө аз калганын, коомчулукта кийинки шайлоодо “Ата Мекен” партиясы утат деген сөз барын, партиянын боосу бекем, кадыры жакшы экендигин, учурда аталган партияга кирип жаткандар көп болуп атканын, башка партияларга мындай агылып кирген факты жоктугун, ошону менен бирге эле “Ата Мекен” башка бир дагы партия менен бирикпей турганын айтып берди.

Гезиттин бүгүнкү санында кыргыздын даңктуу уулу Сүймөнкул Чокморовдун элесин эске салган эскерүүлөр басылды.

“Имарат-Строй” курулуш компаниясынын президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиев башка курулуш компаниялардан ал жетектеген компаниянын айырмасы өзү курулуш тармагында эмгектенип келатканына 39 жыл болгонун, компанияда бүгүн курулушчулардын үч мууну эмгектенерин, жалаң профессионалдардан турарын, ошондуктан “Имарат-Стройдун” курган тамдары бекем жана сапаттуу болорун, алар үйлөрдү монолиттүү каркас жана темир-бетон менен сала башташканын, бул ыкма беш кабаттан жогорку көп кабат тамдарды салууга мүмкүндүк берерин, үйлөрдүн ичиндеги электр зымдары, жылуулук батареялары, кабелдер жана башка жабдуулардын баары Чехия менен Түркиядан алынып келерин кошумчалады.

“Көк асаба” гезитинин жаңы санында врач-дерматолог жана косметолог Айнура Сагынбаеванын бетти тактардан арылтуунун сырларын баяндаган маеги да басылып чыкты.

Аталган гезиттер менен окурмандар эми жаңырган 2015-жылы кездешерин да кошумчалай кетели.

XS
SM
MD
LG