Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Депутат Турганбаевдин ачуусуна тийгенде


ИИМ министри Мелис Турганбаев
ИИМ министри Мелис Турганбаев

Бүгүн “Дело №...” гезити жарык көрдү.

“Дело №...” гезити депутат “Турсунтай Салимовдун “Прадо” саунасындагы сойкуканага байланыштуу тергөө иштерин тез арада аяктап, сотко ашыруу боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаев тапшырма бергенин министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди” деп маалымдап, мыйзамдуу текшерүүдөн кийин саунанын кандай максатта иштеп жаткандыгы белгилүү болору менен суракка алынган депутат эс алуу жайы ага таандык экенин, ижарага бергенин, бирок ижарачынын сойкулар менен иштеп жатканы мыйзамсыздыгын, милициянын текшерүүсү саясий заказ эмес экенин билдиргенин, анан бир аз күндөн кийин парламентке барып алып “бул деген саясий заказ, атайын мени каралаш үчүн жасалган иш” деп чыкканын, мына ушундан кийин министр Мелис Турганбаев карандай калп айтып, танып чыга калган депутаттын эки сүйлөгөнүнө жаны кашайып, тергөө иштерин тез бүткөрүп, ишти сотко ашыруу тапшырмасын бергенин, “Прадо” саунасы мыйзамдын негизинде текшерилип, андагы фактылар 100 процент далилденгенин жазып чыкты “Дело №...” гезити.

Ички иштер министрлигинин кылмыштарды изилдөө Башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Көпөлөктөр” деген аталыштагы текшерүү иштерин улантып жатканын, Бишкектин аймагындагы “шайтан көпөлөктөр” уялаган жерлерди аңтарып чыкканда кармалган 61 адамдын 52си сойкулук кылган кыздар, алтоо сутенер, үчөө аларды ташыган айдоочу болуп чыкканын, "шайтан көпөлөктөрдү" текшерүү иштери улантылып жатканын кабарлады.

“Дело №...” гезити Ирактын жарандары Кыргызстанга баңгиликтен айыгыш үчүн Назаралиевдин медициналык борборуна келип жатканын, 36 миллион эли бар деп эсепте жүргөн Иракта баңги деп каттоодо тургандарынын саны 5 миң деген менен мындан да көптүгүн маалымдады.

Аталган гезит “Кыргызстандык жихадисттер: психологиялык портрет” деген макала жарыялады. Диний политолог Кадыр Маликовдун айтуусунда Сирияга жаштар тартыштыктын, акча-тыйындын жана жумушсуздуктун айынан кетип жатат деген көп жомоктун бири экендигин, тескерисинче, Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү төрт тарабы төп келген, жетиштүү жашаган эле үй-бүлөлөрдөн экендигин, дагы бир жомок, динге радикалдашкан жаштар кетип атат деген да жалган экендигин, тескерисинче динди теңирден тетири түшүнгөндөр, диний терең маалыматы жоктор Сирияга кетип жаткандыгын айтты.

Кадыр Маликов балдарына айрыкча ата-энелер бөтөнчө көңүл буруулары зарылдыгын, балдары компьютерде отурганда кайсы интернет-сайттарга кызыгарын билүүлөрү керектигин, балдарга ата-энесинин кадыр-баркы жогору, таасирдүү болушун, эгер балдарынын баскан-турганы башкача боло баштаса, анын кимдер менен жакындашып жүргөнүн билүүгө тийиштигин, казактар балдарында кенедей эле өзгөрүү болсо милицияга билдире баштаганын, бизде дагы дал ушундай ишеним-телефонун ачуу зарылдыгын, барган сайын жаштардын арасында дин популярдуу болуп баратканын, бул нормалдуу көрүнүш экенин, бирок балдарга ыйык Курандын керемет сабактарын үйрөтүү үчүн ата-энелер өзүлөрү да диний билими жакшы болушу керектигин билдирди.

Ошентип Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн Чүй облустук Башкы башкармалыгынын кызматкерлери өзүнүн бүтүндөй үй-бүлөсүн Сирияга жөнөткөн эркекти кармады.

Гезит Чүйдүн Аламүдүн районунда жашаган, 1986-жылы туулган Айбектин үйүн тинткенде диний-экстремисттик багыттагы 57 компакт-диск, 12 баракча, компьютердин системдик блогу, 2 ноутбук жана чөнтөк телефондор чыкканын, Сирия менен кат алышып турган Айбек өткөн жылдын октябрында өзүнүн атасын, эки бир тууганын, карындашын күйөө баласы менен кошо Сирияга жөнөткөнүн, Айбектин карындашы Сирияга кетер алдында күйөөгө чыгууга камданып жаткан, бирок Айбек үйлөнүү тоюна бир күн калганда карындашынын башын айлантып, Сирияга жихадга барууга ынандырып самолетко салып жиберген. Карындашын барары менен Сириядагы жихадчылар "Ислам мамлекети" деген топтун мүчөсүнүн бирине нике кыя салып, аялдыкка алып бергенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG