Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Чубак ажы каккан "коңгуроо"


Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

“Айат” гезити аркылуу кыргыздарга диний аалым Чубак ажы Жалилов коркунучтун коңгуроосун какты.

“Айат” гезити депутат Ыргал Кадыралиеванын “Кыргызстандын өндүрүшүн жана Made in Kyrgyzstan эн белгисин даңазалап чыгабыз” деген көлөмдүү маегин жарыялады. Кадыралиева алдыда “Аялдар маданий индустрияда. Ош саммити” деген аталыштагы чоң долбоорду уюштуруп жатканын да жар салды.

Ушул эле гезитке Чубак ажы Жалиловдун “Сириядагыдай жаңжал чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт” деген аталыш менен маеги жарыяланып, Чубак ажы кыргыздарга коркунучтун коңгуроосун какты. Ал ушинтип кете берсек Кыргызстандын келечеги чоң коркунучта турганын, Сириядагы кыргын согуш суннилер жана шииттер деген эки чоң диний агымдын ортосундагы жаңжал экенин белгиледи.

Ошондой эле Нарында “Ага-Хан” университети курулуп жатса, Ошто ачылып, телеберүүлөрү уюштурулуп, демөөрчүлүк кылгандар чыгып, кыргыздар "Ага-Ханды" мамлекеттик деңгээлде кабыл алып жатканын, булар шииттер болорун, жүрүп отуруп “Ага-Хандын” университети даярдаган шииттер көбөйгөн соң Сириядагыдай жаңжал чыгарын, муну эки жылдан бери айтып келатса да уккан эч ким болбогонун, ошентип Нарында шииттердин балдары пайда боло баштаганын, убактылуу нике дегени да чыкканын, муну тезинен токтотпосо, дин жаатындагы демократияны тыйбаса арты жаман болуп каларын айтты.

Чубак ажы "жакында эле Орусиядагы балдар чалып “сойкулук кылган кыздарды урсак болобу?” деп сурашканынан мен “кыздарды урардан мурда Кыргызстанга келип атасы менен энесин ур, турмушка чыгалек кызын Орусияга жиберип, анан ошол кыздарынын сойкулук менен тапкан акчасына ак нан алып жеп отурган” деп айтканын, баары тарбиядан болорун, айтылуу акын Майрамкан Абылкасымова эженин “кайсы элде жүдөө тутса айымды, ошол элдин уулуна кой айыпты” деген эң сонун саптары бар экенин эске салды.

“Азия ньюс” гезити Карыбай Турусбековдун азыркы саясий элитанын табиятын талдоого алган макаласын басты. Макала “Саясий элита деген ким?", "Карапайым калк деген ким?", "Биз эле ушундай жашайбызбы же башкалар дагыбы?", "Кыргыз жетекчилеринин феномени эмнеде?", "Атамбаев деген ким?", "Азыркы проблема эмнеде?", "Эми эмне кылуу керек?” деген майда темалардан турат.

Ушул эле санга Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевдин “Элдин массалык көтөрүлүшүнө олуттуу себеп жок” деген интервьюсу басылды.

Аталган гезит “Медакадемиянын ректору Зурдиновдун жели чыкты” деген макала басып, “керек болсо Атамбаевдин аялы менен иштейм, ажо менен түз сүйлөшөм” деп кырданып жүргөнүнүн баары калп болуп чыккан ректор “Азаттыкка” кыр көрсөткөнгө чейин барганын, эми бүгүн-эртең анын тагдыры чечилип, кызматтан кетерин, кеткенде да өтө уят болуп кеткени калганын жазып чыкты.

“ПолитКлиника” гезити “Сирия: азгырыктын артында эмне бар?” деген атайын макаланы тартуулады.

Интернет аркылуу сүрөтүн салып сүйлөшүп аткан татынакай жигиттин сөзүнө азгырылып, алтургай сүйүп калып Сирияга барса аны жигит эмес эле сакалчан, таптакыр чоочун киши тосуп алып: “Мен өзүмдүн эмес, бир актердун сүрөтүн коюп сүйлөштүм эле” деп дароо аял кылып алып алганын, Сирияга эркектер эле эмес, аялдар, ал тургай ата-энелери менен балдарын алып кете баштаганын, Сирияга барган кыз-келиндер күйөөгө тийерин же “махабат жихады” деген гаремге алынып, согушуп жаткан жихадчылардын көңүлүн көтөрүп, жыныстык кумарын кандырып туруучу “жалпы колдонгон аялдарга” айланарын, ал эми 5 жаштан өйдөкү балдарды өзүнчө лагерде кармап, курал кармап киши өлтүргөн жанкечтилерге, кулга айландырыларын, 12 жаштан өткөндөр ар кандай жардырууларга машыктырыларын, Сирияга баргандан кийин жөн эле бошонуп кете албасыңды, кетем десең башың алынарын, ал эми Сириядан кеттим деп келип жаткандар атайын тапшырма менен, сөзсүз террор уюштуруу үчүн гана коё берилерин, биздин күч органдары Сириядан ушундай максат менен келип жаткандардын бир канчаларын кармаганын баяндады.

“Асман плюс” гезити Аскар Акаевдин өткөн сандагы окурмандардын суроолоруна берген жообун бул санда да улантты.

XS
SM
MD
LG