Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Сатылган анклавдар


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Окуядан кечигип жарыкка чыккан бүгүнкү кыргыз тилдүү гезиттердин баарынын башкы темасы Алманбет Анапияевдин жана бейкүнөө эшектердин өлүмү тууралуу болду.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Беларус бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиш үчүн алар дагы кимдерди өлтүрүшү керек?” деген билдирүүсүнүн толук текстин жарыялоо менен жаңы санын ачса, “Фабула” гезити бул окуяны “Жанышка жакпай калгандар” деген ат менен жазып чыкты. “Алиби” гезити Анапияевди ким өлтүрдү?” деген макаласын жана ага улай “Мамлекетибизди “каралар” башкарабы же алардын астында бийлеген укук коргоо органдары жөнүндө” деген көлөмдүү макаланы тартуулады. “Жаңы агым” гезити бул теманы “Анапияевди Жаныш Бакиев өлтүрттүбү?” десе, “Де-факто” гезити “Жаныш Бакиев мыкаачылыгын чет жерде да улантып жатабы же Бакиевдерди Беларус бийлиги эми өткөрүп бериши керекпи?” деп, “Айбат” гезити “Анапияевдин киши колдуу болушун Жаныш Бакиев уюштурганбы?” деп жазды.

“Фабула” гезити “Жаныш Бакиевдин кандуу колу” деген макала менен маркумдар Баяман Эркинбаевдин, Рыспек Акматбаевдин, акырында Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшүн элдин эсине салды.

Баратбай Аракеевдин “Жүз киши...” баянынын бул жолку каармандары актер Акылбек Абдыкалыков, ректор Курманбек Абдылдаев, милийса Зарылбек Рысалиев, ишкер Турусбек Мамашев, илимпоз Осмон Тогузаков болду.

Таланттуу акын, прозаик жана котормочу, азыркы күндө карылар үйүндө жашап жаткан Дубаш Калназаров “Карылар үйүнө көндүм, мында жашаган баарынан артык” деп кеп салды.

“Айбат” гезити саясий аналитик Андрей Грозин менен аңгемелешти, ал Кыргызстанга келип жаткан АКШнын жаңы элчиси Ричард Майлз тууралуу суроолорго жооп берип, бул картаң элчи жаш бала эместигин, керек болсо Каримов менен Назарбаевдан да улуу экендигин жана Обама менен Керринин тапшырмасын аткаруучу адам болуп саналарын, Майлз парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын даярдаарын айтты.

“Де-факто” гезити Жакшылык Бердибек уулунун “Биздин чиновниктер анклав сатып иштейби?” деген макаласын, “Экстер эмне кылууда” деген топтомду, талантуу прозаик Зинакан Пасаңованын “Абройлуу кызматтан өз эрким менен кетип, баарын башынан баштадым” деген маегин, сүрөтчүлөрдүн Семен Чуйков атындагы көргөзмө залынын арт-директору Кайрыгүл Казыбекованын “Портрет менен автопортреттин айырмасын билбеген аткаминерлер бизге кайдан келсин?” деген маегин тартуулады.

“Алиби” гезити тил илиминин доктору, Сыртбай Мусевдин интервьюсун басты. Профессор Улуттук илимдер Академиясын жоюу улутту жоюу менен барабар экендигин айтып, аны кимдер жойгусу келип жаткандыгына кенен токтолсо, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев интервьюсун “Мени жаманатты кылыш үчүн жалган жалааларды жаап жатат” деп атады.

“Жаңы агым” гезити “Батька (Лукашенко) баш кесерди бер?” деп, “өткөн жайда бир топ депутаттар, таанымал саясатчылар Минскиге барып, Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктап, алтургай “Сиз азыр деле биздин президентсиз” деп жибергендердин үнү менен өңүн бирөө шыпылдатып гана тасмага тарта бериптир, бир аз күндөн кийин ошолор интернетке чыгып, дагы бир бомба жарылат экен” деп, “элди дүрбөткөн эшек союу окуясын ишкананын ээлери ИИМ менен келишип алып жең ичинен жасап жүргөн деген имиш кептер тарай баштады, эми министр Мелис Турганбаевдин жүзүнө көлөкө түшпөс бекен?” деп, “айрым маалыматтар боюнча кызматынан кеткен билим министринин орунбасары Бермет Турсункулова Медакадемиянын башчысы Аширали Зурдиновду тымызын жактап, “апакай” кылып чыгыргысы келген имиш, эми министр Элвира айым бир жарылар бекен?” деп, “сахнадан жүдөбөгөн маданият министри Алтынбек Максүтов иш кагаздары менен интригалардан жүдөп жатыптыр, Талиеванын маалында Көк үйгө өкүрүп барган Алтынбек эми өзү өкүрүп ыйлабаса болду” деп, кезинде “журналисттерди чөгөлөтөм” деп булкунган Аида Токтоматованын ишмердигин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева көзөмөлүнө алып турган чагы, кимиси кимисин чөгөлөтөр экен?” деп маалымат таратты.

“Кыргыз туусу” гезити “Эшек эпопеясы” тууралуу жазды. Аталган гезит 26-февралда дүйнөдөн кайтып кеткен таланттуу акын Аскер Карыбаевди эскерүү кечеси БГУда болуп өткөнүн, ошону менен бирге эле Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев ушу тапта өзүнүн 80 жылдык мааракесин өткөрүп жатканын, Кыргыз эл акыны Омор Султанов дагы 80ге чыкканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG