Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Куловду уят кылган аткаминер...


"Ар-намыс" партиясынын жактоочулары
"Ар-намыс" партиясынын жактоочулары

“ПолитКлиника” гезити эшектин эти менен "аты алыска угулган" Юруслан Тойчубеков дагы кимдерди өзү менен ала жыгылганын жазды.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат!” деген рубрика ачары менен Алмазбек Атамбаевге кайрылып кат жазгандардын саны арбый баштады көрүнөт. Гезиттин бүгүнкү санына “Качан Канжар кирип келет деп?” деп тынч уктабай калдык!” деген ат менен 80 жаштагы өзгөндүк Ашыралы Келдибековдун жана үстүлөрүндө үйү бар, бирок таянар кызыл китеби жок жашоочулардын атынан ТЭЦ -2 жаңы конушунан Гүлжамал Ибраимованын каттары жарыяланды.

Кайсыл жерде иштебесин жакшы эмес, жалаң чуулгандуу иштери менен атын таанытып келген Юруслан Тойчубеков деген эргул эшек этинин чуусуна чейин “Ар-намыс” партиясынын республикалык штабын жетектеп келгенин, эми эшек бизнеси менен өзүн эле эмес бул ирет да депутат болгусу келип жаткан Феликс Куловду да алып түшүп, эшектин куйругуна байлай кеткенин, шайлоочулар эми “Ар-намыс” партиясы эшектин этинен түшкөн акча менен шайлангысы келип жатат деп тескери буруларын маалымдады.

“Президент Алмазбек Атамбаев Медакадемиянын ректору Ашырали Зурдиновдун ишин териштирип, тиешелүү чара көрүүнү өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырганын президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди” деп жазды “ПолитКлиника”. Ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду Бишкекте өткөргөн Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму тууралуу журналист Айгүл Бакееванын макаласы басылды.

“Азия ньюс” гезити ички иштер министри Мелис Турганбаев милициянын катарында мындан ары казы байлап, карды салаңдаган кызматкерлер болбой тургандыгын билдиргенин, өзү башынан эле спорт менен машыгарын, генерал чындап эле бул айткан сөзүнө турса жакшы болмогун, кол алдындагылардын кардында майы барларын спорт менен эзип жок кылбаса, ансыз да бардык жерден качып кетип кутулуп жаткан кылмышкерлерди курсактуу милийсалар кууп жете албастыгын жана бир ирет кулак кагыш кылды.

Аталган гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаевди камактан бошотуу жөнүндө журналисттер менен оппозицялык көз караштагы саясатчылардын чоңдорго кайрылуу каты да ушул санга жарыяланды.

Акушер-гинеколог Айгүл Керимбаева “Жаш кыздарыбыз стресстин айнынан жабыркап жатат” деп интервью берди.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн ден соолугу начарлап баратканын Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунда Раиса Атамбаева Бишкекте ар бир алтынчы кыз 14 жашында интимдик жашоонун даамын татып жүргөнү маалым болгонун ачык айтып, коомчулукка коңгуроо какты.

Бүгүн гезиттердин катарына “Эгемен” деп аталган жаңы гезит келип кошулду. Башкы редактору Дыйканбек Керимбаев. Нускасы азырынча 3000. Аталган гезитке Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Балдарды окутуп, бак отургузуп, келечектин камын көрөлү” деген чакан маеги басылды. Айтылуу эл жазуучусу анысында журналист деген мактаса да, сындаса да жалаң гана чындыкты карманып жазышы керектигин, башынан эле акыйкат, намыс дегенге жанын берген кыргыз элине каяктагы бир ушакчылыкты, уу кошулган жалган сапаттарды алып киргенибизди, Улуу Ата Мекендик согушта, андан кийинки бүлүнгөндү бүтөгөн жылдарда да кыргыз эли ынтымактуу, биримдиктүү, сабырдуу болгонун, эми болсо эч нерсе боло электе эле ызы-чуу салганды, ар дайым чаң-тополоң түшүп турганды жакшы көргөндөр чыкканын, элди бузуп жүргөн бузукулар уялбай-этпей эле биринчи планга чыгып жатканын, жаштар мына ушундайларды ээрчибей, бала окутуп, бак тигип, келечектин, өлкөнүн камын көрүүсү керектигин белгиледи.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев “Бизнес менен саясат эч качан аралашпашы керек” деп интервью берсе, Чубак ажы Жалиловдун кандай гана суроолор болбосун ар дайым ташка тамга баскандай таасын берген жооптору “Жыгылып-туруп сүрөткө түшө берүүнү шарият да жактырбайт” деп аталды.

“Айат” гезитине маек берген “Өтмөк” деп аталган эт өндүрүш компаниясынын жетекчиси Болот Исмаилов эт сатып алгысы келген кишилер эми алардан “Эшектин этин саткан силер эмессиңерби?” деп сурап жатышканын, малдын башын базарга араң дегенде өткөрүп калышканын, Пригородный айлында мал бордой турган фермасы барын, койлорду тирүүлөй 5 миң сомдон өйдө берерин, уй этинин бир килосу 295 сомдон болсо, жылкынын эти 315 сомдон сатыларын, казы-карта, чучугу менен кошо берилерин, демек базарга караганда эки эсе арзан болорун, эми Бажы биримдигине киргенде Казакстан менен Орусияга жана андан башка өлкөлөргө экспорттоого жол ачыларын айтты.

Саясат таануучу Табылды Акеровдун интервьюсу “Кумтөр үчүн революциялар да болуп жатат” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG