Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Арамды адал кылган агымдар


Иллюстрация
Иллюстрация

“Кыргыз туусу” гезити журналист Мырзакат Тыналиевдин диний секталар тууралуу макаласын басууда.

“Алиби” гезити “Ак жерден азап тартып, абакта аёосуз сабалгандардын үнүн ким угат?” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төргасы Асылбек Жээнбековго, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевге, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага, башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ички иштер министри Мелис Турганбаевдин атына багышталган катты жарыялады.

Юрист ажы Жыпарбек Тойчубековдун “Ажылыктын баасы арзандайбы?” деген макаласы да ушул гезитте. Депутат Каныбек Осмоналиев бул ирет жалаң апасы тууралуу кеп кылды. Филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев маеги аркылуу тоону томкоруп койгонсуп илимдин төрүнө чуркаган илимпоздорго жаны кашайды. Академик Жамин Акималиевдин замандаштары тууралуу эскермеси уланып басылууда.

Билим берүү Академиясынын вице-президенти, илим доктору, чоң окумуштуу Советбек Байгазиевдин “Кыргыздын руханий цивилизациясы же ак калпак журттун рухий-адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү–жалпы адамзаттык кенч” деп аталган фундаменталдуу эмгеги сандан санга жарык көрүүдө.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин коррупция боюнча дагы бир макаласын тартуулады. Жумагүл Барктабасова макаласында 7 жаштагы Асема, 8 жаштагы Фатима аттуу кыздарын сатуу максатында ээн жердеги сарайга алып барып байлап койгон жеринен кыздарды кудай колдоп качып чыгышканын, кыздардын биринин апасы келин колго түшкөнүн, кайненесинин айтымында ал келинге тиешелүү айылда эки үйү, машинасы барын, андан да 5 маал намаз окуган неме болуп чыкканын, азыр камалып, суракта отурганын баяндады. Беш маал намаз окуп жүрүп бир тууган агасынын 12 жаштагы кызын зордуктаган нарындык бир айбан камакка алынганын өткөндө жазылды эле.

Бишкек шаарындагы Маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Малик Кубанычбеков Бишкекте аягында барып сойкуканага айланып кетип жаткан көңүл ачуу борборлоруна жер оңой-олтоң эле табыларын, бирок маданий жай курганга жер табылбай келатканын, маданият маселесиндеги чечилбей жүргөн көйгөйлөрдү, акчанын жоктугунан маданият тармагындагы максаттар аткарылбай келатканын айтып зар какшады.

Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев маек куруп, пенсияны жогорулатуу боюнча иш жүргүзүп жатканын айтты.

Продюсер Замира Сатыбалдиева кино жаатына кантип келип калганын, адегенде продюсерликти ырчылар менен баштап, анан киного келгенин, эми андан такыр кетпей тургандыгын кеп кылды.

Сапарбаева Айканыш Керим кызынын “Турмуш чындыгын Тибеттен издеген аалым” деген макаласы жарыялана баштады.

Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Алыкул энциклопедиясы жарык көрдү” деп аталып, китепти чыгарууда Чыныбай Турсунбеков менен Осмонбек Артыкбаев акча беришкенин, 500 нуска менен чыккан китептен окурмандар, айрыкча мектеп окуучулары Алыкул тууралуу толук маалымат алса болорун жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Мырзакат Тыналиевдин “Апийимдин” баркы жана наркы” деген макаласы басууда. Автор эркиндик эми келди деп төштү ачып салгандан тартып түрдүү диний секталар агып киргенин, атургай 2005-жылы Бакиевдин тушунда кореялык диний секта болгон Мун чиркөөсүнүн негиздөөчүсү Сен Мун дегендин иш-чарасын бийликтегилер мамлекеттик резиденцияда өткөрүшкөнүн, ага өкмөттү башкарып турган Турсунбек Чыңгышев баштаган аткаминерлер, саясатчылар, президенттин бөлүм башчылары, окуу жайлардын ректорлору катышканын, дал ушундай өзүмбилемдикке чейин жеткен “эркиндиктин” азабын эми тартып жатканыбызды, бир эле мисал, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы дүйнөгө дүң болгон эшектин этин арам деп билдирсе, Мухамбет пайгамбардын хадистерин тааныбаган, бирок өзүлөрүн мусулманбыз, сабаттуубуз деп эсептеген диний агымды жактагандар Куранда эшектин арамдыгы жөнүндө жазылган эмес деп чыкканын, мына ушул пикир бүгүн жол издеп турган жаштардын мээсин чындап айлантарын сөз кылды.

XS
SM
MD
LG