Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Салянованын күйөөсүн Кулов колдоду


Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Искра” гезити “Азаттык” радиосун сынга алган ой-пикирлерди ортого салды.

Көптөн бери чыкпай келатып кайрадан жарык көрө баштаган “Искра” гезитинин бүгүн 24-саны басылып чыкты. Президент Алмазбек Атамбаевдин Молдовага барганын сынга алган гезит бир жарым бетин “Азаттык” радиосуна багыштап, “Радионун учурдагы жүргүзүп жаткан иш аракетине кандай көз караштасыз?” деген суроо менен алты жаранга кайрылды.

“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков: Мурункудай “Азаттык” азыр жок, өткөндө генерал Кубатбек Кожоналиев “Азаттыктын” журналисттерине “Силер бузулдуңар, коррупцияга батып калган Ак үйдүн ырын ырдап жүрөсүңөр” деп маек бербей койду. Андан тышкары жаш активисттер “Азаттыкка” ишенбейбиз” деген ураан менен нааразылык митинг уюштурушту, “Азаттык” радиосу акыйкаттан тайып кетти, - деп;

Саясатчы Бегалы Наргозуев: “Азаттык” азыр Атамбаевдин арсыз режимин колдогон ММКга айланганы элдин көбүн иренжитип отурат. “Азаттык” 100 процент АКШнын конгресси тарабынан каржыланып, Кыргызстанда Атамбаевдин арзыматына айланып, анын “Кокон демократиясын” колдобой, 100 процент АКШнын камчысын чаап, чыныгы демократияны, басма сөз эркиндигин колдош керек. Баса, “Азаттыкта” калыстыгынан жазбаган Бурул Сарыгулова, Кубаныч Жолдошев, Айданбек Акматов, Замира Кожобаева, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу журналисттер да иштеп келаткандыктан “Азаттыктын” жүзү анча-мынча сакталып турат, - деп;

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: “Азаттыктын” деректирлери Президенттик аппараттын филиалы болуп калган сыяктуу ой калтырат. Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов деген “Азаттыктын” деректирлери Улуттук 1-каналга ушинтип чоңойтулган. Ага ичи тарлык жок. Бирок алар Президенттик аппараттын саясатын жүргүзгөндүгү үчүн чоңоюп атканы талаш деле эмес. “Азаттык” терең реформаларга муктаж экендигин мезгил талап кылып жатат, - деп;

Адил Турдукулов: “Азаттыкка” элде ишеним азайып баратат. Аны трамплин катары карап, эмки баскычты КТРдагы же Ак үйдөгү чоң креслону ээлеп калуу сезими болду. Бул боюнча мен Вашингтондогу “Азаттыктын” жетекчилигине да айттым, - деп;

Ош шаардык кеңешинин депутаты Сонунбек Жунусбаев: “Азаттык” радиосу салыштырмалуу маалыматтарды реалдуу бергенге аракет кылат. Бирок президенттин айланасындагы кээ бир маселелерди сындоону акыркы убакта көрбөй калдык, - деп;

Саясатчы Шаирбек Маматокторов: “Азаттык” бузулду! Таң эртеден Шайлообек Дүйшеев аксакал башы менен буюртма ыплас макалаларды ашып-ташып окуп отурганы жийиркентет. Ал киши Эл акыны. Ошол бойдон кала берсе болмок. Жалаң гана “Фабула”, “Де-факто” жана ушул өңдүү бийликчил басмалардан оппозицияны каралаган макалаларды жыйнап, маашырлануу менен окуйт. Аксакалда ачык эле трайбалисттик ноталар байкалат. Менин билишимче, "Азаттыктын" башкы кеңсесине кыргыз бюросунун мындай жоруктары боюнча кабар жетти жана тийиштүү чаралар колдонулат деп ойлойм, - деп жооп беришти.

“Искра” гезитинин бул санына Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Адилет Айтикеевдин “Бийликти басып алуу, президенттерди кууп чыгып ордун тартып алуу Атамбаев, Отунбаева сыяктуу радикалдардын гана колунан келет” деген интервьюсу, депутат Бөдөш Мамырованын маеги, экс - президент Аскар Акаевдин айрым суроолорго жообу жана башкалар басылган.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “Мурдагы баш прокурордун күйөөсүнүн иштери жанан Саляновдордун үй-бүлөлүк бизнестери” деген, “Генпрокуратурадагы тазалоо” деген, “Анапияевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Минскинин табышмагы” деген, “Кыргызстан Евразиялыктарга 9-майда кошулгусу келет. Бул жөнүндө Атамбаев Владимир Путин менен жолукканда бекемдеди” деген маалыматты таратты.

Ушул эле гезит Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов колдоп чыкканын, алтургай бул боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылганын баяндаган макаласы да бар.

Аталган гезит ооган армиясынын 205-дивизиясынын колбашчысы генерал Абдул Хамид Забул провинциясындагы согушкерлер жок кылынганын, жок кылынгандар Кыргызстандын жарандары экенин, генералдын айтымында арасында аялдар да болгонун, ооган армиясынын атайын операциясынын негизинде аз дегенде 60тай адам жок кылынганын айтканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG