Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Гезиттер: Таза шайлоо ооздун жели


Kyrgyzstan -- Election of the President. Kyrgyzstan. Bishkek. October 30, 2011
Kyrgyzstan -- Election of the President. Kyrgyzstan. Bishkek. October 30, 2011

“Фабула” гезити айрым адамдардын ойлоруна орун берди. “Алиби” гезити өткөн жумадан бери жарык көрө элек.

“Фабула” бүгүнкү санындагы майда кабарларында “Ысык-Көл Инвестбанкка” байланыштуу Кылмыш кодексинин “коррупция, алдамчылык” жана “арам акчаны адалдоо” беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Польшанын борбору Варшавада жашап жатканын иниси Садыр Жапаров билдиргенин, өз арызы менен кызматтан кеткен Таластын губернатору Койсун Курманалиеванын ордуна “Ата Мекен” партиясы Базарбай Мамбетовдун талапкерлигин тандап жатканын, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шайыкованын “шайтан жүрүштөрү” канчалык жазылганы менен кылы да кыйшайбай келатканын, анткени атасы Кабылбек Шайыков Кемелбек Нананаевдар менен үзөңгүлөш экенин, ал эми Нанаев деген өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин бир тууган таякеси болорун, ошентип кыргыздагы “туугандуу бийде ыйман жок” деген эреже ойноп келатканын маалымдады. Ушулардын эле катарына академик Абдыганы Эркебаевдин кызы Гүлайым Эркебаева 5 жылга кесилгенин, ал учурунда Октябрь райондук сотунун судьясы болуп турган маалында “алдамчылык” беренеси менен кылымыш иши козголгонун да кабарлады.

“Фабула” гезити андан ары Баратбай Аракеевдин “Таза шайлоо деген ооз жели...” деген макаласын басты. Автор азыркы парламентте жалаң байлар, коррупционерлер, кылмышка шектүүлөр, ал гана турсун криминалга байланышы барлар олтурганын, аларды эл тандап алып келбегенин, кадимки эле акча тандаганын, эми келеткан шайлоодо мурдагыдан да көп акча ишке киришерин, акча деген шайлоочу дегенге чачыларын, анан аның кайсыл партия көп акча берсе добушун ошого сатарын, ал эми депутат болом деген адам ыймандуубу же шылуунбу, адамбы же көр дүйнө деп көмөлөнгөн бирөөбү анысына карабай тургандыгына каны кайнап, жаны кашайды. Жыйынтыгында азыркыдан ашпаган, балким кокую мындан да ашып түшкөн парламент келерин кеп кылды.

Ушул эле гезит “7-апрель Элдик революциябы же төңкөрүшпү?” деген баштеманын алдында айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Дастан Сарыгулов:- Бакиевдер куулбаганда абалыбыз аянычтуу болмок,-деп,

Азиза Абдирасулова:- Мен 7-апрелди революция деп да, төңкөрүш деп да эсептей албайм,-деп,

Анвар Артыков:- Эгер Бакиевдер ушул убакка чейин башкарып турганда анда Кыргызстанды сатып жибермек. Акаев заманынан калган коррупция Бакиевдин маалында гүлдөгөн,-деп,

Ашырбек Баквев:- Ошол 7-апрелде чындыкты издеп барып бир тууганынан, баласынан ажырап калган элдин мүдөөсү азыр аткарылып жатабы, кеп ошондо болуп калды,-деп,

Жедигер Саалаев:-Чыныгы революция болгон. Апрель революциясы болбогондо Бакиевдердин террору дагы уланмак,-деп,

Депутат Абдыманап Кутушев:- Ал учурда оппозиция лидерлери түрмөдө болчу. Эл башчылыры жок эле артка кайтпас акыбалга келип калган. Элдик революция дешке толук негиз бар,-деп.

Бишкектеги №3 Муниципалдык башкармалыктын башчысы Жылдыз Мусабекова:- Төңкөрүш деген таптакыр туура эмес. Чыныгы элдик революция болгон. Эгер Бакиевдер бийликте тура бергенде Кыргызстан эмгиче жок болмок. Жаныш Бакиев баш көтөргөндөрдүн бирин калтырбай атып жок кылмак. 7-апрелде курман болгон балдардын убалы кимге деп учурда социалдык түйүндөрдө жазып жаткандардын баары дал ошол Жаныш Бакиевдин акырынан жем жеп, жашоосун оңдоп алгандар. Азыр алар эмне кыларын билбей бийликти жамандап жатышат. Ачыгын айтайын, журналисттердин 90 проценти убагында Жаныштын этегине намаз окуп, аны жер-сууга тийгизбей мактап турушкан. Эгер Бакиев бийлиги азыркыга чейин өкүм сүргөндө Максимдин эл аралык шылуун досторунун кулуна айланмакпыз,–деп жооп беришти.

“Артисттердин акчасын аңдыган Абдиев” деген макаланын алдына айрым жарандардын, журналисттердин жана ырчылардын пикирлери жарыяланды. Аксакал депутаттын демилгесине каршы болгондор Абдиевди таламайга алып жатып калышты.

Белгилүү ырчы кызыбыз Анапия Раимбекованын интервьюсу “Чыгармачылыкта жүргөнүмө быйыл 30 жыл толду” деген аталыш менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG