Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Гезиттер: Оторбаевдин ордун Диль ээлейби?


Валерий Диль парламентте
Валерий Диль парламентте

“ПолитКлиника” гезити “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы талаш тууралуу макалаларды басты. Ушул эле маселе “Жаңы агым” гезитинде да талкууга алынды.

Жарыкка чыккан гезиттердин ичинен “ПолитКлиника” гезити жаңы санын “Бүгүн Оторбаев отставкага кетет. Ордуна Валерий Диль келеби?” деген баш тема менен ачты. Гезиттин “Президентке кат!” рубрикасына бул жолу “Уулубуздан айрылганыбыз аз келгенсип, автокырсыкка шектүүлөр ээн-эркин сайрандап жүрүшөт” деген Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айлынын тургуну Койчуманов Эсентурдун Алмазбек Атамбаевге ачык каты басылып чыкты. Катта баласы каза болуп калганы аз келгенсип, күч органдарынын айынан акыйкаттыкка жете албай, кайрылбаган жери калбай карайлап келаткан ата-эненин муң-зары баяндалат.

Бүгүн парламентте өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев отставкага кетип, коалиция тарап кетиши мүмкүндүгүн, анткени ага “Ата Мекен” фракциясы кирбей каларын, анткени “Ата Мекенден” кызматка барган өкмөт мүчөлөрү - Таластын губернатору Койсун Курманалиева, Транспорт министри Калыкбек Султанов, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтарын таштаганын, ошондуктан Оторбаевдин ордуна келе турган жаңы өкмөт шайлоо өтүп кеткенге чейинки техникалык өкмөттүн гана милдетин убактылуу аткарып турарын, өкмөт башчылыгына “Ар-намыс” фракциясынан Валерий Диль келиши мүмкүн деп айтылып жаткандыгын жазды.

Акылай Байболсунованын макаласы “Чарбалык талашты саясатка айланткысы келген Ким” деп аталып, “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы талашты талдоого алды. “Вечерканын...” же талаш болуп жаткан Басма үйүн негиздеген алгач Рябушкиндердин үй-бүлөсү болгонун, кийин аны Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тартып алганын, кийин Бакиев келгенде ошол Тойгонбаев тартып алган Басма үйүнүн 50 проценттик үлүшү сырдуу жол менен Александр Кимдин шыбагасына тийип калганын, анан дээрлик беш жыл бою бир туугандык башкаруунун атасын тааныткан Бакиевдин доорунда Рябушкиндер үлүшүн алуудан чындап эле коркушканын, 2005 жана 2010-жылдары кыргыздын мен деген жигиттеринин сырдуу өлүмдөрүн, журналисттердин бычак жеп, сабалып, чала өлүк болуп, айрымдары жанын коргоп чет жактарга чыга качкан азап-тозогун көрүп турган “Вечерний Бишкек” убагында түйшөлүп да койбогонун, тескерисинче Бакиевдин режимин апендинин кызындай мактап-жактап турганын эске салды. Ушул эле санга “Александр Кимдин ким экенине дагы бир жолу ынанып, көңүлүм сууду” деген макаласын Бакиевдин куугунтугунан качып, азыр да чет өлкөдө жүргөн журналист Турат Бектенов жазып, “ошо кездеги КООРТ телеканалын, “Вечерний Бишкек” гезитин Максим Бакиев менен бирдикте рейдерлик жол менен тартып алган Александр Кимдин “шоусу” акылга сыйбаган иш” деп мүнөздөдү.

“Баягы асаба” гезитиндеги экс-президент Роза Отунбаеванын маеги “Ар бир айылга бала бакча ачуу керек” деп аталды. Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, жайлоого чейин бала бакчаларды уюштуруп, жаны тынбаган “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун учурдагы иштери тууралуу ушул маекте сөз болот.

Академик Абдыганы Эркебаевдин эки жылга шарттуу кесилген сот кызы Гүлайым Эркебаеванын маеги “Ак экенимди далилдейм” деген аталыш менен жарыяланды.

“Жаңы агым” гезити “Айдоочулар менен жансакчылардын күнү” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге “Вечерний Бишкек” Басма үйүнүн жамаатынын кайрылуу катын кыргызча которуп басты. Буга улай эле “Сөз эркиндигинен өз эркиндигин жакшы көргөн бийлик” деген макала жарык көрдү. Макалада Александр Ким менен Рябушкиндердин үлүштөрү кезинде 50 проценттен болгонун, 2001-жылы Акаевдин үй-бүлөсү экөөнүн тең үлүшүн тартып алганын, бирок 2005-жылы Ким өз үлүшүн кайтадан алганын, кийин Рябушкиндин үлүшү да Кимге өткөнүн, президент эми бул ишти көз карандысыз комиссияга эмес, Башкы прокуратура менен УКМКга тапшырганы ишти кылдат иликтеп, калыс чечим чыгарарынан күмөн туудурарын жазды “Жаңы Агым” гезити. Буга карата айрым НПО өкүлдөрү Чолпон Жакупова, Төлөйкан Исмаилова, Сүйүн Курманова, саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Кубанычбек Исабековдун пикирлери басылды.

“Айат” гезити ушул жылдын 28-апрелинде саат 1де Касымалы Баялинов атындагы китепканада публицист жана котормочу Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” аттуу китебинин бетачары өтөрүн, аталган жыйнак мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин акчасы менен жарык көргөнүн, жыйнакка дүйнөнүн адабият алптары Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рилке сыяктуу акындардын ырлары киргенин, каалоочуларга китепкананын эшиги ачык экенин кабарлады.

"Манас таануу” институтунун директору Топчубек Тургуналиев “Кыргызстанда биртоп убакытка чейин кыйынчылыктар болот” деген ат менен маек курса, депутат Максат Сабыров “Өкмөт кетсе да, кетпесе да “Кумтөр” маселесинде натыйжа болбойт” деп интервью берди.

XS
SM
MD
LG