Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Илмияновго жылмайган ийгилик


Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

“Фабула” гезити аркылуу Баш мыйзамды кайрадан жазууга Казат Акматов чакырык таштады.

Легендарлуу парламенттин депутаты, эл жазуучусу Казат Акматов Баш мыйзам өңдүү зор документти Өмүрбек Текебаев, Данияр Нарынбаев сыяктуу бир эмес, бир нече жолу жыдып калган чиновниктер эмес, жалпы журт, бүтүндөй эл катышып туруп өзгөртүлгөн Баш мыйзам кабыл алуу керектигине шайлоочуларга чакырык салган макаласын “Фабула” гезитине жарыялады.

“Фабула” андан ары Жогорку Кеңеш деген элден добуш алган ыйык атын жоготуп “депутаттык” кызматты сатуучу органга айланып алганына элдин баары нааразы экенин, миллиондоп акча чачкан партиялардын башка, саткынсыз, арам акчасыз жол менен келишин балким ушул шайлоодо калк өзү таап, өз токтотоор деп жазды. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата эскерүүлөр, макалалар, согуш убагындагы элдик ырлар жарык көрдү.

Академик Мамбет Мамакеевдин мемуары улантылып жарыяланууда.

“Вечерний Бишкек” гезити Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетишине арналган макала басты. Депутат Өмүрбек Текебаев гезиттин айланасындагы чууну “Классикалык рейдерчилик” деп атады. “Демократиянын курмандыктары” деген рубриканын алдында мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин макаласы тартууланды. Макалада Кумтөр, рекламалык “Рубикон” фирмасы, Улуу Жеңиш күнү тууралуу учкай сөз болот.

Аталган гезит бүгүнкү санына президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун Президенттик аппараттын 1-орунбасары Икрамжон Илмияновдун отставкасына байланыштуу басма сөз жыйынында айткандарын талдоого алды. Фарид Ниязов “Вечерканын” айланасындагы ызы-чуу чарбалык талаштан бөлөк эч нерсе эместигин дагы бир жолу белгилегенин, Ак үй гезитке принципиалдуу түрдө кийлигишпестигин айтканын, муну менен бирге эле ал өткөн жуманын 4-күнүндө бир катар коомдук бирикмелер – “Таза коом үчүн”, “Элдик сакчы”, “Мекен үчүн” жана “Элдик кайрат” деп аталган коомдун өкүлдөрү гезиттин уюштургучу Александр Кимди “Түндүк Кореяга кетип кал” дегенине түшүндүрмө берип, мындай псевдопатриотторго бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун билдиргенин жазып чыкты.

Ушул эле бетте Бермет Маликова менен Нарын Айыптын макалалары бар. Журналист Нарын Айып “Вечерка” 2009-жылы эле жөнөкөй шоопур болуп жүргөн адам эки жыл ичинде кандайча Президенттик аппараттын орунбасарылыгына айланганына таңкалып, мындай карьера мамлекетти башкарууну ийне-жибине чейин билген таланттуунун таланттуусуна да же Гарвард менен Оксфордду бүтүргөндөрдүн да түшүнө кирбестигин, “Вечерка” ошол кезде эле Аналитикалык стратегиялык борбордун мээси деп эсептелген Президенттик аппаратта кандай адам иштөөгө тийиш деген маселени козгоп, “Эмне үчүн мамлекеттин кадр маселеси ушунчалык төмөн түшүп кетти? Эмне себептен президент мамлекеттин ишин кечээги шоопуруна тапшырып койду? Илмиянов деген мамлекеттик кайсыл көрүнүктүү иштерди жасады? Кайсыл чыр-чатактарды басты? Кайсыл ишкананы ишке киргизди? Кимдерди тарбиялап, кимдерди өстүрдү?” деген суроолорду койгонун белгилеп, макаласын президентке кимдердин жакын берилгендиги ал президенттин жеке иши экенин, убагында Майрам Акаева дагы президентке өтө берилгендердин бири болгонун жана анын аягы эмнелерге алып барганын мисалга тартуу менен аяктады.

“Кыргыз туусу” гезитине “Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелине сынак” деген жарыя басылды. Жарыяда Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин Бишкек шаарында орнотуу максатында “Жетимен” фонду, “Түгөлбай ата” коому жана “Түгөлбай Сыдыкбеков” атындагы коомдук фонд эстеликтин долбооруна сынак жарыялаганын, сынакта талапка жооп берген бир гана эмгек тандалып алынарын, байге 100 миң сом экенин, сынакка долбоорлорду кабыл алуу ушул жылдын 3-августунда аяктарын жар салды.

Ушул эле гезит “Руханият” эл аралык бирикмесинин сыйлыгы Кыргызстандын баатыры, кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевге Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониядагы атайын салтанатта тапшырылганын кабарлады. Буга улай эле Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун чыгармачылыктагы жетишкендиги үчүн сыйлыгы бул ирет акын Бактыгүл Чотурова менен химия илимдеринин доктору Батма Токтосуновго ыйгарылганы кабарланды.

“Кыргыз туусу” гезитинен сиздер журналист Мырзакат Тыналиевдин “Эң жөнөкөй маселе эмне үчүн узак убакыт чечилбей келет?” деген макаласын да окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG