Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Ош милициясын кимдер коркутту?


Ош милициясынын имараты
Ош милициясынын имараты

Кайрадан чаң-тополоң салчу күтөр бар экенин, кыргыз калпагын кийген бузукулар Оштон кармалганын “Айбат” гезити жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго жана парламенттик фракциянын лидерлерине гезиттин “Басма үйү” Жабык акционердик коомунун айланасындагы окуя укуктук туңгуюкка барып кептелгенин, ошондуктан аны чечип берүү үчүн Жогорку Кеңештен бул маселени Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүштү камсыздоо боюнча профилдик комитетте карап берүү өтүнүчү менен Ачык кат жазып кайрылды.

Ачык каттын жанына мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Кыргызстандын фемидасы, сот реформасы тууралуу ой толгоосу басылды.

Журналист Нарын Айыптын “Без вины виноватые: Илмиянов и Мамбеталиев устроили себе пиар в газетах” деген макаласы жарык көрүп, анда “Супер Инфо” гезити өзүнүн эки бетин Илмияновго арнаганын, ал Арабаев атындагы университетти сырттан окуп бүтүргөнүн, Атамбаев менен 1998-жылдан баштап тааныш экенин, азыр болсо Атамбаевдин бардык достору менен бир туугандай жакын болуп калганын, алтургай президенттин “үй-бүлө мүчөсүнүн бири" деп койсо да болорун кабарчыга айтып бергенин, ал эми Эркин Мамбеталиев болсо күнүгө намаз окуп турарын, “Вечерний Бишкек” гезитиндеги ызы-чуу тууралуу билмек тургай гезитке рекламаны кантип бергенди да билбестигин белгилеген автор Илмиянов менен Мамбеталиевдин ишмердүүлүгүнө кенен токтолду. Аталган макаланын жанында “Эркин Мамбеталиев” “Вечерний Бишкек” гезитин сотко бергендиги жөнүндө маалымат да басылды.

“Фабула” гезитинин негизги макалалары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды. Сиздер гезиттен Айбек Шамшыкеевдин “Акун Садырбаевге Советтер Союзунун Баатырлыгын бербей коюшкан” деген, улуу акын, эл баатыры Сүйүнбай Эралиевдин “Согуштун азабын абдан тарттым, антсе да Кудай мага узун өмүр, эл сыйын тартуулады” деген, согуштун катышуучусу Иманкулов Токтогазынын “Эсимде” деген көлөмдүү ырын, Меңдибек Асылбековдун “Аталардын эрдигине чексиз таазим” жана “Эл ардактаган инсан” деген, Эсентур Буйлашевдин “Биринчи кара кагаз” деген макалаларын окуйсуздар.

“Фабулада” ошондой эле академик Мамбет Мамакеевдин “Мезгил жана инсан” мемуары менен Абдылдажан Акматалиевдин “Айтматов жөнүндө этюддарынын” уландылары басылды.

“Де-факто” гезити Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Демократия бул - элдин нравалык мыйзам нормасы, жогорку саясий маданият” деген ат менен Кыргызстандагы демократиянын пайда болуу тарыхын баяндаган маегине орун берди. Жаштар министри Айбек Азыранкуловдун маеги “Бажы биримдигине кирсек, жарандарыбыз патентсиз эмгектене алышат” деп аталды. Москвада иштеп жүргөн бизнесмен Тынычбек Анарбаев маегин “Москва жашоосу кыргыздар үчүн бейиш десек болот” деп атады. Гезиттин көпчүлүк материалдары Жеңиш күнүнө арналды.

“Айбат” гезити жаңы санын “Улуу Жеңишке 70 жыл” деген жалпы тема менен ачты. Гезиттин “Улут аралык жаңжал салууну көздөгөндөрдөн сак бололу” деген макаласына токтоло кетели. Ош шаарында кайрадан улут аралык жаңжалды тутантууну каалаган аракеттер байкалып жатканын, маселен Ош милициясына белгисиз адамдар кайсы бир жерде курал-жарактарды таратуу болуп жатканын, кайсы бир жерде кыргыз менен өзбек мушташып жатканын айтып телефон чалышарын, бирок текшере келгенде баары жалганга чыгып келатканын, мисал катары кечээ жакында эле кыргыз калпагын кийген 13 адам маалеге кирип барып, каалгаларын каккылаганын, мындан чочулаган жашоочулар милицияга кабарлап, жыйынтыгында америкалык беш, украиналык эки, бразилиялык бир, канадалык үч, кореялык бир жана швециялык бир жаран кармалганын, кармалгандан кийин алар өзүлөрүн баптист же протестант катары сыпатташып, өзбек маалесинен кимдир бирөөлөрдү издеп жүргөндөрүн шылтоо кылышканын, эгер чын эле баптист болушса анда эмне үчүн кыргыз калпактарын кийип алышкан деген суроо тууларын, албетте, бул шойкомдуу чет элдик жарандардын түпкү максаты тынчып жашап калган эки элдин ортосуна кайрадан от жагуу болуп саналарын жазып, ар дайым сак болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG