Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Салянова үй-бүлөсү үчүн кабатыр


Аида Салянова
Аида Салянова

“ПолитКлиника” гезити тажырыбайлуу чекист, Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозовдун маегинин уландысын басты.

“ПолитКлиника“ гезитинин "Президентке кат!” рубрикасынын бул жолку каты “Алиянын табышмактуу өлүмүнүн бетин ачууга жардам бериңиз?” деген ат менен жарык көрүп, президентке кыздын атасы Асилбек Сактанов жана “Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору кайрылды.

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозовдун интервьюсунун уландысы басылды. Орозов Кыргызстандын атайын кызматы бүгүн өтө кыраакылык менен иштеши керектигин, айрыкча улут аралык чыр-чатактардан, провокациялардан сак болуу керектигин кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити “Жетимен” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган, эки жылда бир ирет татыктуу деген эки акынга ыйгарыла турган Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыкка бул ирет алтайлык акын Боронтай Бедюров менен Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова татыктуу болгонун, эми аларга лауреаттык күбөлүк, алтын медаль жана ар бирине 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырыла тургандыгын маалымдады.

Аталган гезит Аскер Сакыбаеванын “Бийлик Мамбеталиевге кызмат кыла баштадыбы?” деген, “Кара тешикке” айланып бараткан Атамбаев бийлиги” деген макалаларды, КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовдун “Коомдук канал бир адамдын адвокатына айланган соң иштин өлгөнү да...” деген маегин басты.

“Азия ньюс” гезити коррупция менен кагаз жүзүндө эмес иш жүзүндө күрөшкөн кандай болорун далилдеген макала жарыялады. Макала “Кытайда 2001-жылдан бери 13 миң чиновник атылды” деген ат менен жарык көрдү. Кытай бийлиги өз элинин ырыс-кешигин жеп-ичкендер менен биздегидей күрөшүмүш болуп, “үй түрмө” оюнунун ойноп олтурбай эле атып саларын жазып чыкты.

Гезит экинчи бетине “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын лидери Аида Салянованын “Бүгүнкү бийлик ууру, зөөкүрлөрдөн ашып түшүп, менин үй-бүлөмө катуу чабуул жасоодо” деген маегин тартуулады. Аида жакын арада аман-эсен көз жарып алса, саясий ишин жаңы күч менен улантарын, өзү үчүн күйөөсү жапа чегип жаткандыгына капа болуп турганын, анткени күйөөсүнүн бир дагы чатак ишке катышы жоктугун, ага айыптарды жок жерден таап чыгып жатканын, мисалы 9 ай бою камакта жаткан Жетыбаев Нуртазин деген күйөөсүнө каршы көрсөтмө берери менен үй камагына бошотулганын, кылмыш иши далилдерге эмес саясатка байланганын, бийлик эми анын жападан жалгыз байлыгы болгон үй-бүлөсүнө чабуул жасап жатканын айтып берди.

Ушул эле гезит “Элди шайлоо болордо гана эстеген партиялар жыргатабы?” деген суроого жооп алды. Асланбек Сартбаев макаласын “Президенттин тагдырын жаңы шайлана турган парламент чечет” деп атап, саясатчылардын сапатын санап келип, Атамбаев эртең шорго батпайын десе, “Эмгек” партиясын “Бүтүн Кыргызстандан” бөлүп салышы керектигин, бүгүн бийликке “хоп майли” кошоматын кылып жаткан Адахан Мадумаров бийликке келчү болсо көрсөтчүсүн көрсөтөрүн, анан Атамбаевге дагы бир “суу куюп” кете турган фигура бул Өмүрбек Бабанов экенин жазып чыкты.

КТРКнын байкоочулар Кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов “Атамбаевди элибиз колдой баштады” деп интервью берди.

“Асман плюс” гезити журналист Динара Бейшеналиеванын “Бөйрөк тазалаганга 1500 киши кезекте турат” деген макаласын басты. Мындан тышкары психологдун кеңеши, алтын өнүрүш, "Мегаком" тууралуу макалалар, Лариса Асанбекованын Тибет, Кайлаш тоосу жөнүндө баяны бар.

“Айат” гезити мектеп окуучуларына жыныстык билим берүү боюнча сунушталып жаткан мыйзамга ойлорун сураганда саясатчы Эдил Байсалов:

- Бул балдарды моралдык-нравалык жактан бузбастан, кайрадан туура жолго салат деп ишенем, - деп;

жаш саясатчы Тимур Саралаев:

- Каада-салтка такыр туура келбейт. Бул сыяктуу билим берүүчү сабактар акырындап олтуруп кыргыздын каада-салттарын талкалап жок кылат. Мен бул мыйзамга каршы тургандарды колдойм, - деп;

укук коргоочу Качкын Булатов:

- Кыргыздын энелери кыздарын өздөрү эле татынакай тарбиялап келген. Батыштын уятсыз фильмдери жаштарга өтө жаман таасирин берди. Ал тургай парламентте олтурган саясатчыларга да, - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG