Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Баш мыйзам бийлик каалоосу менен өзгөрөбү?


“Вечерний Бишкек” гезити “Электр тарифи ошол бойдон калды. Азырынча” деген теманын алдында макалалар топтомун жарыялады.

Ошону менен бирге эле “Сиз тарифтин кымбатташына каршысызбы же макулсузбу?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов:- Бизде экономиканы да саясат чүлүктөп алчу болду. Бул деген койду койчу эмес эле, койчуну кой кайтарып жүргөндөй кеп. Энергияны сарамжалдуу пайдалануу деген бизде жок, - деп;

Эмгек ардагери Павел Сергеев:- Убактылуу токтоткону менен шайлоо бүтөр замат кымбаттатышат. Энергетиктер акчаны кайдан табарын билбей кыйналууда. Дароо эле кымбаттатпай, акырындап кымбаттатса элге жакшы болмок, - деп;

Көз карандысыз эксперт Николай Кравцов:- Эмне үчүн атайын энергетика тармагындагы абалга арналып өткөн Коргоо кеңешинин чечимдери аткарылбайт? Аталган тармакта коррупция менен күрөшүү жөнүндө бир ооз сөз жок. Буга ким жооп берет? - деп;

“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев:- Чоң энергокомпанияларды колдон келишинче муунтуп жатышат, ал эми жеке менчик компаниялар болсо кылы да кыйшайбаган бойдон гүлдөп жатат. Эмне үчүн мындай экени баарына белгилүү,- деп жооп берди.

“Калыс бийликтен өткөн сыйлык болмок эмес” деген баш теманын алдында “Вечерний Бишкектин” редакциясында болуп өткөн тегерек үстөлдүн тексти жарыяланды.

Талкуу 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга арналды. Тагыраак айтканда революцияга катышкандардын көбү эч кандай сыйлык, квартира албаганын, “алган жокпуз” деп кыйкырып чоңдорго да барбаганын, ошол эле учурда революцияга катышпай-этпей туруп эле квартира алып, баатыр аталгандар болгонун “элдик казылар” Токтор Жангазиев менен Такин Рыспектегин, “Кыргызстандын мекенчилдери” партиясынын төрагасы Алмас Орозбаков, “Бишкектин патриоттору” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Бакыт Мамбеталиев жана саясат тануучу Табылды Акеров сөз кылышты.

“Искра” гезити “Алмаз Маткасымовду жаман атты кылгысы келгендер” деген макала басты. Макала “Талантбек Батыралиев КСДПнын штабын башкарабы?” деген, “КТРК Максимдин кадрларын даңазалай баштады” деген, “Атамбаев өз балдарын жута баштадыбы?” деген майда темалардан турат.

Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун журналист Сабыр Мукамбетов тууралуу чакан маеги “Текебаевдин костюмундай кылып чыгарып жибербегиле...” деген ат менен жарык көрдү. Андан кийинки кабарлар “Атамбаев оорукчанбы?”, “Данияр Үсөнов менен Динара Исаева канча гектар жерди мыйзамсыз менчиктештиришкен?” деп аталса, укук коргоочу Анарбай Орозовдун макаласы “Кадыржан Батыровдун мүлкүнө кызыккандар көп” деп аталды.

“Искра” гезити “Бийлик Баш мыйзамды 9-ирет өзгөртүү үчүн талкууга коюп жатат, оюңуз кандай?” деп суроо салды.

Мукар Чолпонбаев: Мыйзамды өзгөртүүнүн башкы максаты – азыркы парламентте отурган партиялар кайра бийликке келээрине ишенет, шайлоо ачык, таза, адилет болбойт. Өз ара сүйлөшүп алышып, каалаган партиясын өткөрүп алышат да бийликти шайлоо жолу менен басып алышат,- деп;

Кубатбек Байболов: Бул акыры жүрүп бийликтин өзүнөн өзү урап түшүүсүнө алып келет, - деп;

Дастан Жумабеков: Мен каршымын,- деп;

Рита Карасартова: Өмүрбек Текебаев Конституция өзгөрбөйт деп келсе, эми өзгөртүүнүн демилгечиси болуп жатат. Демилгечилер президент, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин ортосундагы тең салмактуулукту бузганы жатышат, - деп;

Касымбек Райымкул уулу:- Элди көбү партиялык тизме менен шайлоо болушуна жана парламенттик башкарууга каршы. Мен да каршымын,-деп;

Курманбек Осмонов: Карапайым элге таптакыр пайдасы жок, буга коом да, эл да муктаж эмес,- деп;

Элмира Жумалиева: Эң өкүнүчтүүсү мыйзам элдин эмес, кайра эле бийликтин кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлгөнү жатат,- деп жооп беришти.

XS
SM
MD
LG