Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

"Милийса да биздин бала..."


Бишкек, 24-сентябрь, 2015-жыл
Бишкек, 24-сентябрь, 2015-жыл

“Фабула” гезити бүгүнкү санында ИИМ жана милиция кызматкерлери тууралуу макала жазды.

“Айбат” гезити “Кыргызстан” партиясынын сепаратисттер менен жолуккан талапкерлерин сот жообуна тартуу керек” деген, “Канчалык ызы-чуу болбосун алтын кени мамлекеттин капчыгын толтуруп жатат” деген макала жана маектер менен ачып, алдыдагы шайлоодо жана андан кийинки күндөрдө коомдук тартипти сактоо үчүн 10 миңге жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартип менен иштерин, ага дагы 10 миңден ашуун жарандык кошундар кошулуп жардам берерин, кокустан жер-жерлерде криминалдык топтун мүчөлөрү шайлоонун жүрүшүнө таасир кылгысы келгендиги байкалса, ал үчүн ошол жердеги күч органдары керт башы менен жооп берерин министр Мелис Турганбаев билдиргенин жазды.

“Эл деми” гезитине юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Баш мыйзамга карама-каршы турса да, коррупцияны мыйзамдаштырышты” деген макаласын жарыялап, “Азыркы парламентте олтурган партиялар мындан беш жыл мурда “Кыргызстанга демократияны алып келебиз, Кумтөрдөн баштап Каркырага чейинки маселелерди чечебиз” деп ант бергенин, бирок убаданын 99 проценти да аткарылбаганын, депутаттык мандат адамдын иштин көзүн билген кесипкөйлүгүнө, мээсиндеги акылына, көкүрөгүндөгү билимине эмес, капчыгындагы акчасына карата сатылып келатканын, ошондуктан Кыргызстанда бир дагы шайлоо процесстери таза жүрбөгөнүн, бүт саясий системаны иллюстрация кылмайын болбой калганын, саясий элита жүзүн жоготконун жазды.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Милийса жакшылык жолунда” деген макаласын тартуулады. Автор ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев жана андан кийинки жетекчилик милийса ичиндеги арты таза эместерге каршы күрөш жүргүзүп, бир жылга жетпеген убакыт ичинде 100дөн ашуун милийса кызматтан куулуп, 50гө жакын милийсага кылмыш иши козголгонун кеп кылуу менен, бирок милийсаны жек көргөзө сыпаттаган адамдар да бардыгын, милийса да өзүбүздүн балдар экенин, эгерде милийса болбосо бүгүнкүдөй коркунучтуу заманда бири-бирибизди жеп коймогубузду жазды. Ушул эле гезит соттолуп жаткан депутат Коркмазовдун оорусу жалган экенин, ошондуктан кокуйлаган Коркмазов менен намысы жок Нарымбаевди катуу жазалаш керектигин белгиледи.

“Де-факто” гезитине “Энциклопедиянын ээси ким?” деген рубриканын алдында Болотбек Искенов маек куруп, Алыкулдун өмүр жолун көп жылдан бери изилдеп келатканын, “Алыкул” деп жарык көргөн энциклопедиянын 60 процентке жакынын изилдеп таап чыккан эмгеги бааланбай, ал тургай авторлугу кошулбай калганын арман кылып айтып берди. Алыкулдун жети атасына чейин иликтеп берген, бирок жулунган мүнөзү жоктугунан шыбагасын жулкунбайларга жулдуруп жиберип, китептин авторлугуна илинбей калып кан басымы көтөрүлүп, тамчылатма дары менен жашап калганын, Алыкулга байланышкан нечендеген асыл ойлору, ак тилектери кээ бир адамдардын чыныгы эмгекти баалабагандыгынын айынан желге учкандай жок болгонун кабарчы кызга айтып берди.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Кыргызстанга келген бир катар облус губернаторлору менен жолукканы тууралуу “Кызматташуунун жаңы баскычында” деген, “Кыргыз-орусиялык региондор аралык кызматташуунун келечеги” тууралуу “Интеграциялык саясат натыйжасын берүүдө” деген макалалардан окуйсуздар. Аталган гезит Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык башталганын, тоокен тармагынан бюджетке 6 млрд. сом түшкөнүн, ири долбоорлор ишке ашып жатканын, алдыдагы эки жылда "Камбар Ата - 2" ГЭСин ишке киргизип, Жогорку Нарындагы биринчи ГЭСти куруп, "Токтогул" ГЭСин модернизациялоо ишин аягына чыгаруу жүзөгө ашарын билдирди. “Кыргыз туусу “ ошондой эле Нарында Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабековдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар башталганын маалымдады.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү “калың тон” санын “Бийлик туруктуулугу үчүн күчтүү” деген макала менен ачып, азыр ашынган скептиктер да акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан туруктуулуктун аркасы менен акырындап жолго түшкөнүн таналбастыгын, дал ушул туруксуздуктун жоктугунан, чаң-тополоңдун арты менен келген согуштун айынан бир кезде бейпил турмушта жашап жаткан Украина, Сирия, Ливия, Ирак өлкөлөрүндөгү тынч турмуш жер менен жексенделип жок болгонун, элдин алды башкесерлердин мыкаачылыгынан башын ала качып батышка тентип жатса, арты өз жеринде майып болуп, кар болуп жашап жатканын, ошондуктан депутаттыгыңдан да, байлык менен мансабыңдан да тынч жашоодон кымбат эч нерсе жоктугун, бардык жакшылыктар Кудай сүйгөн тынч турмуш менен гана келерин дагы бир жолу элдин эсине салды.

Ушул эле санга эки көз караштагы макала жарык көрдү. Бири “Бишкектен караганда” деген рубриканын алдында, Эмгек, миграция жана жаштар министринин орунбасары Алмазбек Асанбаевдин “Мигрант эмес, иштерман” деп аталса, экинчиси “Москвадан караганда” деген рубриканын алдында журналист Евгений Денисенконун макаласы “Бул жерде тобокелдик кылууга болбойт” деп аталды.

XS
SM
MD
LG