Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Коркмазовдон көрө "Тазалыкка" бергенде...


Бишкек
Бишкек

“Фабула” гезити Темирбек Мамбеталиевдин “Коомубузду кимдер булгап баратат?” деген макаласын басты.

“Фабула” гезити Темирбек Мамбеталиевдин “Коомубузду кимдер булгап баратат?” деген макаласын басты. “Мактаган кыз желенин башына...” деген макалды мисалга тарткан автор минтип жазды: “Эми карагыла, Данияр Нарынбаев деген неме ажонун оң колу, ишенген кишиси, элдин үмүтү болуп туруп, ырыс-кешиги кемип, турмушу өтпөй калгансып өзү баштап пара алып турса, мындан өткөн шермендечилик барбы ыя, эл-журт? Эй, эл башкарган элита сөрөйлөр! Нариман Түлеевдин кызына айтаар элем. Кызым, Коркмазовго бергенден көрө ошол акчаны “Атам жокто шаар ичи таштандыга толуп кетти, тазалап койгулачы” деп “Тазалык” ишканасына төгүп салганыңда кандай сонун болор эле. Атаң үчүн да сонун болот эле, өзүң да таза болмоксуң. Анткени пара берген киши да күнөөлүү да. Түшүнсөм өлөйүн, кузгун, чөөлөр, зыянкечтер, паракорлор, коррупционерлер деп деле жазып жатышат, ага деле болушпайт. Эмне деген жан деги булар? Кайра эле депутат болгулары келип, тойбогон топоздор, бардык айла-амалдарды издешип, керек болсо өз өлкөсүнө чыккынчы болуудан кайра тартпай турушат”. Бүгүнкү “Фабулага" Темирбек Абдылдаев аттуу автор ушинтип жазды.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Бишкек шаарынын активи менен жолугушканда шайлоо боюнча суроолорго да жооп берип, шайлоо ачык жана адилет өтөрүн, кокус күмөн жаралган участоктор болсо, бюллетендер партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кайра санала тургандыгын баса белгилегенин бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити жазып чыкты.

Аталган гезит муну менен бирге эле өкмөт башчысы Темир Сариев коопсуздук кеңешинин жыйынында, добуш берүү учурунда урналарды атайылап бузуу аракеттери көрүлүшү мүмкүндүгүн, эгер урналар бузула турган болсо он жолу болсо да кайрадан добуш берүү жүргүзүлөрүн, шайлоочулар добуш берчү кабиналардын асты жабылып, арты ачык болорун билиши керектигин, фотоаппарат, чөнтөк телефон жана өзүнүн ручкасын алып кирүүгө тыюу салынарын билдирди. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин айтуусунда, шайлоодон кийин өлкөнү ызы-чуу кылабыз деген топтор катталганын, маселен айрымдардын Жалал-Абадда 5-октябрда чоң курултай өткөрөбүз деген пландары барын, буга байланыштуу кээ бир “Элдик фронт”, “Мээр жазы”, “Кырк чоро”, “Элдик курултай” ж.б. бир нече коомдук уюмдардын жетекчилери менен мүчөлөрү чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтканын маалымдады.

Профессор Жеңишбек Назаралиев маегин “Жакынкы келечекте Кыргызстанда эч кандай революция болбойт” деп атады. Аталган гезит “Хандан-бектен кайра тартпас атабыз, кабыландай тизе бүкпөй жашады” деген баштема менен кечээ жакында эле катуу оорудан көз жумган коомдук ишмер Калыбек Арабаевди эскерип, ал тууралуу жубайы менен уул-кыздарынын ырларын, ага-туугандары менен замандаштарынын көзү өткөн адам жөнүндө жакшы пикирлерин жарыялады.

“Вечерний Бишкек” гезити өкмөт башчысы Темир Сариев Ош жана Жалал-Абад шаарларына барып, өкмөттүн көчмө жыйындарын өткөргөнүн, анда кышка даярдык маселеси каралганын, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд. куб метрге жеткенин, буюрса жарык кыш бою өчпөй күйөрүн, жергиликтүү бийликтерге элди, мектептер менен мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасын катуу бергенин, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер үчүн чечилбей келаткан жер чечилип, курулуш үчүн 565 гектар жер бөлүнүп берилгенин, “Русгидро” эми 12 млрд. рублин которуп берерин, ошондой эле узундугу 215 километрлик Чоң-Алай–Кытай газ түтүгүн орнотуу үчүн 700 гектар жер бөлүнүп берилгенин, бул газ түтүгү Кытай-түркмөн газ линиясынын уландысы экенин, Кытай инвестициясынын Кыргызстанга тиешелүү бөлүгү 1,2–1,4 млрд. долларды түзөрүн жазып чыкты.

“Баягы Асаба” гезити Назира Салиеванын Табылды Эгембердиевдин көзү тирүүсүндө, “Шоронун” президенти болуп турган мезгилинде алган маегин кайрадан тартуулады. “Кудайлардын шаарын издеп” деген котормо сандан-санга жарык көрүүдө. Гезиттин өз кабарчысы Күмөндөр Усуптегин макаласын “Кандуу жылдар” деген ат менен сунуштады. Макаланын өтө маанилүү жери, ушу кезде 60ка толгон теңиртоолук белгилүү журналист Турганбек Шайыков Нарын радиосунун кабарчысы болуп турган мезгилинде же 80-жылдары жумгалдык энеден, 86 жаштагы Тепкедей Сарала кызынын өз оозунан жазып алган Үркүн тууралуу айтып бергендерин жарыялаганы болду. Анда Тепкедей эненин Кытай жерине качып баргандагы армандуу ыры, көргөн азап-тозогу баяндалган.

XS
SM
MD
LG